Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Адамзатта аты улук, манастан ураан чакырдык
- Манас Атабыздын үйүн курсак болобу?
Эгемендик алганыбызга 20 жыл өтсө да улутубуздун уңгусу, сыймыгы болгон Манас атабызга алгылыктуу мамиле, сый-урмат кыла албаганыбызга өкүнүп келебиз. Эмгиче борбор калаабызда Манас атабызга арналган үй жок экенине, куралбаганыбызга аттиң дейбиз. Эми да кеч эмес. Андыктан редакторубуз Керим Айдаровдун сунушу менен "Асман пресс" гезити ушул маселени көтөрүүнү чечти. Адегенде коомчулуктун оюн билели дедик. Андан соң максатыбыздын пайдубалын түзүүгө аракет болоор.

Жаныш Абдрахманов, пенсионер:
- Эң жакшы идея Манас атанын үйүн курсак болот менин каршылыгым жок. Манас атабыз болбосо биз балким жок болмокпуз. Бизди канча душмандан сактап, кыргыз элин түптөгөн улуу инсан. Үйүн менимче Манас көчөсүндөгү Шампан комбинатынын жанына курса ошол жер бош, чоң дагы.

Нурлан Бакыбаев, айдоочу:
- Биз кыргыз эли Манас атанын урпактарыбыз да, андыктан сөзсүз куруу зарыл. Үйүн түбөлүккө кала тургандай кылып абдан чоң, биздин жети дубан эмес, дүйнө бүт суктанып агылгандай салышыбыз керек. Үйдүн ичине Манаска байланыштуу баардык буюм-тайымдарды жыйнап, чогултуп киргизсе жакшы болмок. Орду Талас дешет, бир эле ал жерди эмес бүт Кыргызстанды коргогон да. Мисалы, Таласка салып койсо элдин баары эле бара бербейт, ошондуктан борбордун бир ылайыктуу жерине түптөш керек.

Адилет Марат уулу, студент:
- Эмнеге болбосун болот. Бул биздин түпкү атабыз болгондон кийин Манас атабыздын эмнеси гана болбосун тургузуп, көтөрүп алышыбыз биз үчүн милдет. Манас кыргыз элинин сыймыгы, туу чокусу айтор, жакшы идея. Калаабызга курган эле жакшы анткени, элдин көбү ушул жерге агылат эмеспи.

Тамара Кадырова, бухгалтер:
- Албетте көтөргөн идеяңар жакшы экен. Алакандай кыргызды дүйнөгө тааныткан Манас атанын үйүн сөзсүз тургузушубуз кажет. Мурда бизди сырткы душмандардан сактап келген болсо, эми биз кыргыз эли Баатыр Манас атабызды дайым кош колдоп сактап, коргоп келишибиз милдет. Сөзсүз үйүн тургузсак дейм. Мына Манас боюнча кандай жакшы иштер болуп жатат, бүгүн эстелигинин ачылышы болду, бул да болсо жакшы иш. Шаарыбыздын Ала -Тоо аянтына курса дейм анткени, элдин баары ошол жерге барышат да.

Тынчтык САДЫРБЕК уулу




  Үч собол?

- Президенттикке талапкерлердин саны 80ден ашты. Алардын арасында татыктуусу да бар, татыксызы да бар дегендей. Сиздин оюңузча ким татыктуу?
- Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгын майрамдап жатабыз, ушул 20 жыл ичинде эмне жоготтук жана эмне таптык?
- Уйку деген эмне?

Жумабек Сарсынбаев, спорт мектебинин директору:
- Эми президенттикке татыктуу деп Алмазбек Атамбаевды эсептээр элем. Баары эле президент болом дейт, 81 талапкер катталып "Гиннестин" китебине кирдик окшойт. Баардыгы эле бийлик-бийлик дешет, элди ойлош керек биринчи ирээтте. Азырынча Атамбаевдан башка татыктуу адамды көрбөй жатам. Ал мамлекетти алдыга алып кете алат деп ишенем.
- Ушул 20 жылдын жүзүндө көп нерсени жоготтук. Биринчиден жоготконубуз кадр саясатынын кеңеши болчу да аны жоготтук, совхоз, заводдорубузду жоготтук. Элдин баары жумушсуз болуп, базар турмушуна өттү. "Сатышым керек- алышым керек" деген гана ой пайда болду. Советтер Союзунун тушуна караганда баардык жагынан бир топ эле ылдыйлап кеттик. Бул жерде баса белгилеп кетчү нерсе билим жагынан аябай эле төмөндөп кеттик. Бир гана жетишкенибиз эркиндик болду.
- Уйку деген... уйку деген бул эс алуу да. Ар бир адам укташ керек, жатканда баш мээ эс алат биринчиден, энергия топтойсуң. Андан кийин кайрадан эмгектенүү. Негизинен уйку бул жакшы нерсе.
Туратбек Эсеналиев, айдоочу:
- Татыктуу эч кимиси деле жок го, баары эле жулунушат. Салыштырып карап көрсөк Атамбаев татыктуу болуп турат. Эмнеге дегенде премерь-министр болду, баардык иштерди иштеп көрдү дегендей. Ошол адам эле президент болот го деген ойдомун. Айлыктарды көбөйтүп берип жатат, тигил жактан, бул жактан инвестиция тартып, жолдорду оңдотуп жатат. Бакиевдин убагына караганда жакшы эле болуп калды. Ал кишиге деген ишеним чоң болуп жатат, шайлайбыз да.
- Жетишкен жагы бир гана демократия болбосо, калганы баары эле чачылып талкаланбадыбы 20 жыл ичинде. Демократия болду ачык сүйлөп, ачык айтып. Завод, фабриканын баардыгы тонолуп кетти, мына Ленин заводун эле карап көрөлүчү Союз боюнча биринчи орунда турчу эле. Азыр иштебей турат. Андан сырткары элдин бүтүндүгү чачылды тиягы орус, биягы кыргыз деп. Мурда канча деген эл жашачу эле ынтымакта коюн-колтук алышып. Жетишкен жагыбыз бир гана эркиндик.
- Уйку... эс алуу да(күлүп). Уйку жакшы нерсе, тынч жатып эс алсаң. Уйкудан өткөн таттуу нерсе жок да. Дүйнөдө эмне таттуу-уйку таттуу.
Алим Токторов, кино режиссер:
- Менин жеке оюм боюнча саясий тажрыйбасы барлар, Атамбаев, Текебаев, Мадумаров жана "Ата-Журттун" лидери К. Ташиев. Булар татыктуу, башкарып кете алат деп айта алам. Бирок мына бул адам татыктуу дей албайм. Шайлоого жакын дебаттарды көрүп, программалары менен таанышып, алардын буга чейинки топтогон тажрыйбасына карап анан баа берилет. Азыр эми кимдин ким экенин билбейбиз да.
- Эгемендүүлүктө биз чоң жетишкендикке жетише алдык деп айта алам. Бул биринчиден эркин өлкө болгонубуз. Азыр айта кетчүү нерсе төмөн маданият менен эркиндикти туура эмес пайдаланып жатабыз. Ал эми жоготконубуз азыр баарыбыз эле акча деп, биринчи орунга акчаны коюп койгонбуз. Адам улуубу, кичүүбү, билимдүүбү, ыймандуубу анысына карабай акчасына карап калган күнгө келип калганыбыз эң өкүнтөөрлүк нерсе. Бири-бирибизге болгон мамилени, сыйды жоготтук. Ошондой эле Союздун маалында Россиянын колдоосуу менен ишканаларыбыз иштеп келген, ал жактан заказдар келип, биз товар өндүрүп жөнөтүп турчубуз да. Азыр токтоп турат. Мындайча айтканда "заказчикти"жоготуп алдык. Мусулманчылыкта деле айтылат үй-бүлөнүн, мамлекеттин бай болуусунун 90%ти соодада, 10%ти өндүрүштө деп. Ошондуктан соода жагын алдыга койсок баары жакшы болот. Жеке көз карашымда туура эле жолдо бара жатабыз, мындан ары дагы көптөгөн жетишкендиктерге жетише берээрибизге ишеним чоң.
- Айтылат эмеспи эң таттуу бул- уйку деп. Бул Алла Таала жараткан нерсе уктабасаң болбойт, организм эс алып турушу керек. Өз учурунда уктабасаң, организм эс албай калса көп оорулар пайда болушу, стресстин көбөйүшүнө алып келет. Көпчүлүгү айтат мен азыр эмгектенип 5-6 саат уктап атам деп. Бул туура эмес, кийин денсоолукка залакасы тийет.
Совет Мамыркулов, куруучу:
- Көрүп турабыз баары эле мен президент болом дешет. Кээ бирөө жөн гана добуш алыш үчүн, кээ бирөө өзүн көргөзүш үчүн барып жатат. Менимче Отунбаева өзү эле калат го. Боло турчу шайлоо этап-этап менен өтөт, бир гана тур менен өтпөйт. Өткөнкү 7-апрелден кийин айтышты эле набыт болгон балдардын эстелигине келип колубузду коюп, ант беребиз деп. Мына ошол курман болгон азаматтардын арбагын сыйлаган, элдин мүдөөсүн аткара турган адам келиши керек. Кур сөз айтып эле, алып-жей бергендин кереги жок.
- 20 жылдын ичинде эч нерсеге жетише алган жокпуз. Эки президент болду экөө тең алды, жеди кете берди. Эгемендүү мамлекет деген атыбыз эле болбосо эч нерсеге жетише алган жокпуз. Мына бизде баардык нере бар, суу десең суу, алтын, көмүр... Ошол байлыктарыбызды колдоно алган жокпуз. Тигиге, буга бердик андан калган нерсени чоңдор жеди. Азыр эл өзүн-өзү багып калды. Жетиштик деп эч нерсени айта албайбыз. Мына сууну башка мамлекетке сатып жиберип светибиз жок араң чыктык го кыштан. Жаңы президент келсе жакшы жылыштарды жасаса деген эле тилек. Бирок, тез эле баардыгы болуп кетпейт дечи, акырындап болот деген үмүттөмүн.
- Уйку бул жакшы нерсе, адам эч убакта уйкусуз жашай албайт. Бирок,уйкунун да ченеми болуш керек. Адам негизи 4-5 саат гана укташ керек.
Тынычбек Камчыбеков, шофер:
- Менин оюм боюнча президенттикке Атамбаев татыктуу деп ойлойм. Андан башка бир дагы татыктуу адамды көрө алган жокмун. Элге каралашып, коңшу мамлекеттерден жардамдарды алып келип жатат, кыскасын айтканда элге карамдуу болуп жатпайбы. Ошондуктан ишенем ал кишиге, шайлайын деп турам.
- 20 жылдын ичинде биринчиден калыстыкты жоготтук. Эл жакырлангандан жакырланып эле бараттык эле. 20 жылдан бери жакырчылыктан сазында батып эле жашап келдик. Азыр бир аз да болсо оңолуу байкалгансыйт. Жолдорду оңдоп жатат, жардамдар көрсөтүлүп жатат. Бир аз эле бирок дагы көп нерсени кылышыбыз керек.
- Уйку деген бул жолкоолук да. Уктап жата берсең жалкоо болосуң. Уйку жаман нерсе деп ойлойм. Бир жагынан алып караганда жакшы нерсе дечи, бирок ченеми менен укташ керек . Уктабай эмгек кылуубуз зарыл. Анан уктап жата берсек жашоо болобу, болбойт да.









кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??