Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Сахнатөр

Зарина Хасанова,
ырчы, алып баруучу:
"Көпчүлүк жеңил ойлуу деп ойлошот"
- Парижге барып келдим деп калдың. Эмнеге барганыңды билсек болобу?
- Өзүм саякаттаганды жакшы көрөм. Былтыр Америкага барсам, быйыл Парижге эки жумага барып келдим. Бир жагынан саякаттап эс алып келсем, экинчи жагынан ырларымды ырдап келдим десем болот. Ал жакта көп жылдан бери дос болуп жүргөн досум бар. Клубдарга көп барат, "тусовщик". Досум ал жактагы клубдардын биринде ар кайсы өлкөдөн келген ырчылар талантын көргөзүп кызыктуу кече болорун айтты. "DUPLEX" клубунда англисче, орусча, кыргызча ырымды аткарып келдим. Эйфел мунарасынын башына чыгуу үчүн 2:30 саат кезекте турдум. Мунаранын чокусуна чыкканда Париждин кооздугу бүт көрүнөт экен. Баратканда ушунча жагат деп ойлобоптурмун. Азыр келгенде да түшүмө кирип атат. Дагы бир ирээт барганга мүмкүнчүлүк болуп калса сөзсүз түрдө камера алып же оператор алып алам. Анткени, клип тартканга ыңгайлуу көп жерлер бар экен.
- Азыркы заманда чет жактарга чыгуу үчүн бир топ каражат керек. Сенин демөөрчүң күчтүү го?
- Жок, андай деле демөөрчүм жок. Өзүмдүн унаамды алмаштырам деп чогултуп жүргөн акчаларым бар эле. Улам чогултканымда кайра четинен жоготуп айтор, чогулта албай койдум. 5 жылдан бери жүргөн машинем менен эле жүрөйүнчү деп чечтим да, бала кездеги кыялым болгон Парижге кетип калдым.
- Французча үйрөндүңбү анан?
- Мен жогорку окуу жайда окуп жүргөндө экинчи чет тили француз тили болчу. Андыктан бир аз французча билчүмүн, ал жакта көбүнчө англисче сүйлөшүп аттым. Парижде бары мадмуазель деп атышты. Бул жакка келгени досторума тамашалап чоң кыз болуп калдым деп күлүп атам.
- Дагы бир жактарга чыгууну пландап жатасыңбы?
- Бул жылга жетишет го. Кийинки жылдары башка жактарга барам.
- Чыгармачылыгың кантип атат?
- Жаңы композиция жаздырам деп жүрөм. "Жылдыздар муз үстүндө" аттуу долбоордон сунуш түшүп калды. Кудай буюрса ал жакка катышам. Президенттик шайлоо жакындап келе жатат дегендей…
- Кайсы талапкерге иштеген жатасың?
- Өткөн шайлоодо Ар- Намыска иштегем. Бул шайлоодо кимге иштейм белгисиз, азыр чалып сунуштагандар болуп атат. Негизи эле бардык артисттер үчүн шайлоо киреше табуунун дагы бир булагы.
- Кимди шайлайсың?
- Ой, мен саясаттан алыс элемин. Азырынча билбейм. Жаңы учуп келгенде президенттикке талапкерлер 80ден ашык дегенде оозум ачылды. Кантсе да шайлоого барам, эң татыктуусуна өз добушумду берем.
- Татар кызына кыргыз шоу-бизнесинде өз ордун табуу кыйын эмеспи?
- Жо-ок, менимче бул адамдын өзүнөн көз каранды. Биринчиден мен бардыгы менен тил табыша берем. Маселен УТРКда иштеп жүргөн кезде кыргыз тилин жакшы өздөштүрдүм. 60% кыргызча билем, түшүнөм, бирок сүйлөй албайм. Артисттердин арасында душман деген менде жок, бардыгы менен жакшы мамиледемин.
- Алып баруучулукту таштадыңбы?
- Былтыр МУЗ ТВ каналында атактуу адамдардын турмушу туурасында өзүмдүн "ПРО life с Зариной Хасановой" аттуу долбоорум бар болчу. Финансы жактан мүчүлүштүктөр болуп долбоор жабылып калды. Ага чейин Микаэль экөөбүздүн проектибиз бар эле. Өзүмдүн автордук долбоорумду ачсам деген тилегим бар. Ал үчүн демөөрчү керек, демөөрчү чыкса эле долбоор ачам.
- Өзүңдү дайым бирдей формада алып жүрөсүң. Кандай сырың бар?
- Андай деле сырым жок. Конституциям ушундай болсо керек деп ойлойм. 50-51 кг дан ашып кете албайм. 11-классымда кийген көйнөктү кийсем деле азыр туура келет. Ар бир айым өзүн караш керек, убакыт бөлүш керек. "Нет не красивых женщин, а есть не ухоженные" дегенге толугу менен кошулам.
- Күнүмдүк турмушта кайсы стилде кийингенди жактырасың?
- Ырдоо менен гана чектелбестен ар кандай кечелерди алып барам. Ошондуктан такай бийик така, боек менен жүрөсүң. Чарчайсың. Андыктан өзүмө ыңгайлуу, жарашыктуу жеңил болгон кийимдерди кийүүгө аракет жасайм.
- Эмнеден баш тарта албайсың?
- Бир нерсе сатып алуудан баш тарта албайм. Өзгөчө чет жакка чыгып калган учурда өзүмдү тыйсам да болбой алгым келе берет.
- Жигит чаба элексиңби?
- Ооба, азыр жигитим жок. Мурунку сүйлөшкөн жигитим менен июнь айында ажыраштык. 2 жыл сүйлөштүк жылдызыбыз келишпей калды.
- Ал жигитти сүйгөнсүңбү?
- Албетте, сүйгөм. Жакпаган адам менен сүйлөшө албайм.
- Сөз айткан жигиттер жокпу?
- Ооба, бар. Бирок алардын арасынан татыктуусу жок деп эсептейм.
- Мырзалардын арасында чоң кызматтагылар деле болсо керек?
- Башта андайлар болгон. Мындай нерсеге шоу бизнестеги ар бир айым туш болот. Шоу бизнести кир дешет. Ал жактагы кыздарды көбү жеңил ойлуу деп ойлошот. Арасында атак-даңк үчүн бардыгына барат дегендер бар. Апам музыкалык окуу жайда мугалим, атам инженер, жөнөкөй адамдар. Апам ал учурда күнүнө 50 сом берип койчу. Элестеткиле ал эмнеге жетет. Анан 2-курстан баштап өзүм иштеп баштагам.
- Болочок жолдошуң кандай болсо дейсиң?
- Мага кылган мамилеси жакшы болуп, түшүнүктүү, эмгекчил болсо дейм. Азыр кыздардын көпчүлүгү капчыгы калыңдарга карашат. Мага ал жагы кызыктырбайт, акылы болсо бардыгына өзүбүз жетишип алабыз деп ойлойм. Сырткы келбетине карай турган болсом, сулуу болбой эле койсун. Сулууларга бардыгы жабышат, мага андай кереги жок. Маймылдан бир аз айырмасы болсо болду дегенге да кошулбайм. Орточо болсун, жагымдуу, жылдыздуу.
- Кийин жолдошуң үйгө отур десе карьераңа чекит коесуңбу?
- Күйөөм түшүнүктүү болот деп ойлойм. Үйдө отуруп, ашканадан чыкпай балдарды кароо кыйын болуп калат го. 1-2-жыл балдарды карап отурушум мүмкүн. Андай эле отур үйгө десе эптеп тилин таап көндүргөнгө аракет жасайм.
- Сени кино жаатында да көрүп калдык эле.
- Ооба, бир ирет тартылгам. Мага абдан жаккан. Кийин кыргызча кинолорго тартылууга сунуш түштү бирок, кыргызча сүйлөй албагандыгымдан тартылган жокмун.
- Ачык сценалары бар ролго чакырса кантесиң?
- Мен мусулман кызымын, менталитетибиз башка. Башкы роль болгон күндө да аябай ачык сценалар болсо баш тартам.
- Кандай белек алганды жактырасың?
- Ал белекти кандай адам бергенинен көз каранды болот го. Жакын адамың болсо кандай белек берсе да сени эстеп бергени үчүн ал маанилүү. Негизи керектүү буюмдарды белекке алганды жактырам. Маселен парфюм, кийим дегендей.
- Кыздардын ортосунда достук жок дешет. Сенде эң жакын курбум деп айта ала турганың барбы?
- Ооба айтып калышат. Чындыгында мен деле көп ишене бербейм. Азыркы заманда өзүңө 100% ишенүү кыйын башкаларга эмес. Бирок, алардын ичинен эки досумду белгилей алам.
Мээрим Айталиева











кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??