Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Алиппени үйрөткөн айланайын мектебим

Баардыгыбыз бала болгонбуз. Бала күндүн ирмемдердин эстей турган болсок, албетте мектеп курактагы окуялар көз алдыбызга тартылат. Балалыктын чектөөсү жок оюнунан алыстап, мектепке барганда коом деген эмне экендиги тууралуу алгачкы таанып-билүүлөр пайда болот эмеспи. Апабыздан башка дагы тарбиялоочу "АПА" болоорун түшүнүп, биринчи мугалимибизди экинчи энебиздей ыйык тутунуп, ага өмүр бою таазим этип, кошуналарыбыздын балдарынан башка дагы балдар болоорун аңдап-билип, алар менен таанышуу, пикир алмашуу, агай-эжейлерибиз берген билимге ээ болуу - АДАМ катары коомдо ордубуздун калыптануусуна өбөлгө болуучу шаты тура.


Бактыгүл Чотурова, акын:
- Мм... Эсимде. Апам тигип берген ала-була атлас көйнөгүмдү кийип баргам. Илгери каалагандай сатып алганга дүкөндөрдө кийим-кечелер дагы жокко эсе эле. Алгач апам ээрчитип барып, ошентип Токтогул районундагы Кызыл-Жазы мектебинин босогосун аттагам. Мектеп үйдүн жанында эле. Азыр мектеп тургай, айыл бүтүндөй көлдүн алдында калды. Мектепке барганда балабыз да бири-бирибизди карап, парталарга тыпыйып отуруп, эки колду биринин үстүнө бирин коюп, тим эле тартиптүү болгубуз келген. Буйрук экен, окууну аяктагандан кийин алгачкы мугалимим Толкунбүбү Аманкулованын бир тууган келини болуп калдым.


Абдыкерим Муратов, педагог, журналист:
- Ноокат районундагы Свердлов атындагы 8 жылдык мектептин биринчи классына барганда, мектепке эки класс ачканга балдардын саны жетпей, жашы жете элек балдарды тартууга туура келген. Мен биринчи класска эжемди ээрчип баргам, бирок, көп учурлары эсимде жок. Ал убакта азыркыдай сумка жок, апам чүпүрөктөн баштык тигип берген, ошону көтөрүп баргам. Мектеп үйгө жакын жана эски болгондуктан, бир-эки саат окугандан кийин балдар качып кетишээр эле. А мен болсо сабактын аягына чейин окуп, класстын эң кичинеси болгондуктан тартиптүү жүргөнгө үйрөнгөм. Биринчи мугалимимдин аты Рустам эле.Биздин класс эки 9-класстын ортосунда болчу, тигил чоң балдардын шоктонгон абалын көрүп бир топ чочулап турчу элек. Алгач тамга тааныганыма эжемдин салымы бар, анткени андан калбай тамга үйрөнүп жүрүп, мектепке тамга таанып баргам.


Бурул Сарыгулова, "Азаттык" үналгысынын редактору:
- Ата-энем мугалимдер эле. Бир туугандарым дагы мектепте окушчу, андыктан, мектепке барууга даяр болчумун. Негедир 24 саат бою мектептин турмушу менен жашагандай сезилчү. Мектепке бараарда базарга барып кийим-кече алып беришкен. Эсимде, жака, жеңдери ак болгон күрөң түстөгү көйнөк кийип баргам. Чачым узун болгондуктан, апам чачымды экиге бөлүп, тасырайта өрүп, кайра кайрып байлап, эки чооң бантик байлап берген. Мектепке атам жетелеп алып барган. Ал завуч болчу. Чоң кишинин кадамы менен тең келе албай, мен жанында дикилдеп чуркап баратып, учуп баратканымдай эле сезилген. "Мектепке качан барам?" деп дегдеп жүргөнүм орундалып, Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек мектебине барып, алгач партага дагы отурдум. Боюм кичине болгондуктан, мугалимим биринчи катардагы партага отургузган. Анда бир кыз, бир эркек болуп отурчубуз. Жаныма бою кичине болгондуктан, Акылбек деген баланы отургузушту. Көзүмө баары кооз, баары жаңы көрүнгөн. Менин эки класс жетекчим бар, бири Өнөкбүбү эжеке болсо, экинчиси Урниса эжеке эле. Эки эжейим тең мага кымбат. Өнөкбүбү эжекем мага алгач тамганы тааныганды үйрөтсө, Урниса эжекейибиз насаатчы, тарбиячы катары эсимде калды. Сүрөттө кийип турган жемперди Фрунзеден абам алып келип берген. Мен аны 1-сентябрда кийип баргым келип, чооң чатак чыгаргам. Бирок, ата-энем руксат бербей коюшкан, азыр түшүнсөм, баланы формасыз мектепке алып баруу ата-эне үчүн уят экен да.


Турсунбай Бакир уулу, ЖК депутаты:
- Эсимде. Атам, апам экөө "балабызды орус мектепке берели" деп кеңешип, анан 1965-жылы Кара-Суу шаарындагы №1 Ленин атындагы мектепке алып барышкан. Атам машине менен апам экөөбүздү жеткирип, апам жетелеп барган. Биринчи мугалимим Боброва Вероника Михайловна болгон. Ал кезде сыя менен жазаар элек. Сумкамды, партаны сыя кылып булгап алган учурларым көп болгон. Биз 10-класска келгичекти эле сыя менен жазып жүрдүк. Мен алгач партага отургандан баштап, 9-класска чейин Фахрудинова Альбина деген сулуу классташым менен отуруп келдим. Кийин башка орунга отуруп калсам, ал "Эргешов Тургунаали пересел от меня" деп мугалимибизге арызданып жатып, кайра анын жанына отурууга туура келген. Алгачкы класста албетте, окуудан биринчи жолу 5 алганым эсимде. Ал эми 8-класска чейин ар бир сабактан жалаң 5 деген баага татып окудум. Бирок, кийин 200дөн ашык кептер багам деп, алаксып, сабакты катыра окугандан алыстай түшкөм. Сүрөттө 8-класстагы курагым.


Ыргал Кадыралиева, ЖК депутаты:
- Окуу жылы башталаарына он күн калганда балдарды алып барып окутушат го, ошондо Мээркан Сулайманкулова деген эжекем азыркыга чейин эсимде, үйгө келип жазып кеткен соң, анын аркасынан ээрчип алып айылды бүтүн кыдырып чыкканмын. 1-сентябрда мектепке барганда эжекебиз "Ким жазганды билет?" деди, мен чыгып атымды-фамилиямды басма түрүндө жазган элем. Ошондо эжекем абдан таң калган, көрсө мен басма түрүндө билип, жазуу түрүндө жаза албачу экем. Биринчи класска кошунабыздын Алтынай деген кызын жана мени апам алып барган. Гүл көтөрүп, чачыма чооң аппак бантик тагып, ак кофта, анан көк түстөгү этеги узун юпкам бар эле, азыркыга чейин эсимде.Чачым узун, боюм узун эле, ошондуктан, биринчи барганда эле тазалык башчысы кылып шайлап койгон. Айылда кыздар ынтымактуу элек, мектептен чыкканда жетелешип алып, ырдаган боюнча үйлөрүбүзгө келчүбүз. Мектепке эңсеп-самап жүрүп, өзүмдөн бир жаш улуу Канжар деген агамды ээрчип жүрүп баргам. Агам менен "Алиппени" кошо жарышып окуп жүрүп, "Алиппени" жатка билчүмүн. Апам тамак кылып же иш кылып жатса, жанына отуруп алып китептен "А-Т-А апа эмне болду?" деп сурай берчүмүн. Апам угуп "АТА болду, балка болду" деп айтып берчү. Мектеп жашында дагы, университетте дагы мага балдар тийишип азап тарткан эмесмин. Анткени агаларым мени коргоп турушчу. Тескерисинче, башка кыздарды тентек балдардан кошо коргошчумун. Негедир кичинекей кездеги сүрөтүмдү сактабаптырмын.


Азима АКУНОВА









кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??