Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Свет аке

Жыргалбек Турускулов, "Чыгышэлектр" ААКнын башкы директору:
"Быйыл жарык өчпөй, элибиз үшүбөйт"
- Жыргалбек байке, "Чыгышэлектрге" кызматка келген төрт ай ичинде кандай иш чаралар жүрдү?
- Алгач, эмгек жамаат айлыктарын убагында алуусу шарт. Бул иш жөнгө салынды. Буга чейин, Тоң, Балыкчы сыяктуу алыскы РЕСтердин айлык маянасын алуу үчүн эсепчи менен айдоочу 200 чакырымга жакын, борбордук мекемеге келишчү. Анан миллионго жакын сумма каражатты алып барып маяна таратышчу. Албетте, жолдо алардын коопсуздугуна эч ким жооп бербейт да. Эми карточкалык ыкмага өткөрүлүп, которуу жолу менен маяна алуу уюштурулду. Ал эми реформа демекчи, ишканада жалпысынан 1638 кызматкер иштеп келген. Штат кеңейтилип, башкы директорго кенешчи, комерциялык жетекчиге дагы орун басар, ашыкча экономисттер, материалдар боюнча эсептечү, программист сыяктуу орундар бар экен. Андыктан, иштебей эле көрүнүп койчу жана зарылчылыгы жана муктаждыгы жок 83 эмгек орундары кыскартылды. Кыскаруунун жыйынтыгына карата, жылына 7.5 млн. сом үнөмдөйбүз. Ошондой эле, иш сапарга бардым, телефонго байланыштым деген шылтоого коп каражат бөлүнчү. Эми бул багыттар көзөмөлгө алынып, ашыкча лимиттерди кыскартууда жарым млн. сомго чейин сарамжалданды. Негизи эле, төрт башкы директор алмашканы менен, мекемеде иштегендердин кызматтык нускалары иштелип да, каралып да чыккан эмес. Азыр аны иштеп чыгып, юридикалык документ катары кол коюлууда.
- Сарамжалданган каражат кайда сарпталат. Жабдыкттарды жаңылайсыздарбы?
- Бул сумманы, буга чейин көңүл бөлүнбөй келген же болбосо, коопсуздугуна карабай өтө бийик кубаттуулуктагы электр зымдары менен иштешкен электро монтер, айдоочу сыяктуу катардагы жумушчулардын айлык маянасын көбөйтүүгө сарптасакпы деген ой бар. Жумуш ордуларын кыскартып, маянаны жогорулаталы, 25 жылга каралган бирок, алтымыш жылдан ашык колдонулуп жаткан жабдыктарды жаңырталы деп кошумча булак табуу аракетинде , белгиленген реформаларды баштадык. Мисалы, Ак-Суу райондук РЭСине көргөзүлүп жаткан кызматтан түшкөн жана сарамжалданган каражаттын эсебинен 140 миң сомго резервде туруучу жаңы трансформатор сатып алынып берилди.
- Жабдыкдар эски болсо, кышында эл жарыгы жок калышы мүмкүн турбайбы?
- Элибиз кышында үшүбөй, жарыгы үзгүлтүккө учурабашы биздин милдет. Мындай көрүнүштөргө жол бербөө дагы алдыга койгон максаттардын бири. Кышка даярдыктар "Чыгышэлектрде" жазында башталат. Жабдык эски деп тура берсек, жаңысын бизге ким бермек эле. Андыктан, алдыга коюлган планга ылайык, Каракол шаарынын Жологолот айылынын түштүк-батыш жагына 400 миң сом өлчөмундөгү 250 кВА кубаттуулугунда подстанция орнотулду. Буга чейин бул аймактын тургундары, же болбосо жүзгө чукул абоненттерибиз кыш чыгаруучу заводдон жарык алып колдонуп келишкен. Андыктан электро зымдар муктаждыктарга чыдабай күйүп кеткен учурлар арбын болгон. Ошондой эле, "Восход" кичи районуна дагы, жаңы подстанция орнотулду. Андагы бошогон жабдыктарды алыскы аймактарга жеткизип, орнотуп берип жатабыз. Жумуш токтогон жок. Кыш мезгилинде, борбордогудай эле аймактарда деле жаңы конуштар маселеси бар. Адата жаңы конуштарда камкордукка муктаждар жашашат эмеспи. Мына ошол жаны конуштарга өзгөчо көңүл бөлүү зарылчылыгы белгиленүүдө. Алдыда аткарыла турган жана пландалган жумуштар арбын. Замандаштарыбыз, кышында жарык үзгүлтүккө учурайт деп кабатырланбай эле койуулары керек. Андан көрө жогору чыңалууну көтөрө албай күйүп кетип жаткан электр эсептегичтерибизди жаңыртып алсакпы деген аракеттер бар. Ушул багытта белгилей кетүүчү дагы бир жагдай, подстанциялардын эшиги ачык калып, кырсыкттар катталып келген. Жаан жааганда үстүнөн суу тамчылап авариялык кырдаалдар түзүлүп, жарык өчүп калчу экен. Азыр Нарын, Ысык-Көл областтарында толугу менен подстанциялардын үстү жабылып, эшиктери кулпуланды. Эси жок айыл ападагы айрым электрик атангандар кулпуну лом менен коңторуп алып ээн баштык кылбасын деген максатта ар бир подстанцияга жоопкерчиликтүү адамдар бекитилди. Ушул арзыбаган зарыл иштен, жаан жааганда, буга чейин 15тен ашык авариялык өчүрүүлөр болсо, эми бир эки гана болууда.
- Эсептегич жабдыктарды алмаштырабыз деп жатасыздар. Кантип, кандай эсептегичтерге алмаштырасыздар. Оңой эмес каражат кетсе керек?
- Албетте, бардык маселе каражатка кептелет. Мурдагы электр эсептегичтерди алдын ала төлөө карталары бар сандык же калкта айтылгандай цивралык электр эсептегичтер менен алмаштыруу үчүн бизге 500 млн. сомдун тегерегиндеги каражат керек. Ошентсе да, бүгүнкү күнү, 1 фазалык индекциондук эсептегичтердин 16, 3 фазалыктарынын 78 пайызын электрондукка айрыбаштоого жетиштик. Иш баскыч-баскыч менен жүргөнү жакшы экен. Пилоттук долбоор катары, Чолпон-Ата райондук электр түйүндөрү боюнча 1000 даана алдын ала төлөө картасы бар электрондук эсептегичти орнотуу иштери башталды. Экинчи этапта дүңүнөн 100 миң эсептегичти үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин орнотобуз. Эсептегичттерди алуу боюнча Кытай Эл Республикасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик.
- Жакында эле эсептегичтерди алмаштырдык эле, дагы алмаштырып кереги бар беле?
- Жок андай болушу мүмкүн эмес. Заманбап жабдыктарды колдонууга биздин эл татыктуу. Эгерде толугу менен электрондук эсептегичтер коюлса, жарыкты колдонуучулардын да жоопкерчилиги өсүп, уурдап тоногондордун саны кескин кыскарат. Биз ушул жаңылануу менен гана токтоп калбайбыз. Мисалы, жалпысынан 700 миңге жакын сомго негизги жабдыктар, имараттарыбыз оңдотулду.
- Мисалы?
- "Чыгышэлектр" ААКнын директорлор кеңешине кайрылып, алар эскилиги жеткен, пайдасы аз баланстагы 54 унааны сатканы уруксаат беришти. Бул машиналарга өз алдынча көз карандысыз баа комиссиясы түзүлүп, унаалар сатылып, андан болжол менен 1 жарым млн. сом каражат ишкананын казынасына түшөт. Түшкөн каражатка 14 РЭСке оперативдүү жардам унаалары сатылып берилет. Албетте үстүнө каражат кошобуз. Анткени буга чейин, подстанция күйүп кетип же бир техникалык чектен чыгуулар болсо, эскилиги жеткен унаа менен авария болгон жерге бара албай кыйналган учурлар болуп келген. Эми айрым бир алыскы жактарда жарык үзгүлтүккө учурап, жабдык жарактан чыкса, электро монтерлорубуз тез арада жетип барып,оңдоп, кемчиликтерди жоюу мүмкүнчүлүгүн алышты. Андан тышкары, колдонулган жарык үчүн чогултулган каражатты үнөмдөп, дал ушул техникабызды жаңыртуубузду уланталы деген максатты көздөп келебиз.
- Жарык кызматкерлеринин коопсуздугу кандай сакталат?
- Буга чейин, жумуш ордунда кырсыкка учураган жумушчулардын өмүрү камсыздандырылбагандыгы таң калтырат. Жогорку чыңалуудагы электр зымдары менен иштөө кооптуу жана жоопкерчиликтүү. Мисалы, бир жумушчу эмгек ордунда ток тартып же карагайдан жыгылып жаракат алса, ал сотко кайрылып анан гана төлөм алып келген экен. Азыр көңүл бурулуп, маселени юридикалык негизде чечтим десем жаңылышпайм. Тагыраак айтканда, "Чыгышэлектр"ААКнын өмүрү кооптуу болуп эсептелинген төрт жүздөн ашык кызматкери камсыздандырылды. Бул максатка камсыздандыруу компаниясынан 66 млн. сомдон ашык каражат каралды. Жогору кубаттуулуктагы электр зымдарды калыбына келтирүү иштерин Ысык-Көл областында 145 электро монтер 79 айдоочу, Нарын дубанында 136 монтер 46 айдоочу аткарат. Бир кызматкерге каралган лимит эки жылдык айлык маяна фондуна барабар. Бул багыттагы бардык келишимдерге кол коюлуп, ишке киргизилди.
- "Чыгышэлектро" коррупциялашкан тармак катары айтылып келди эле?
- Буга чейин кирешенин 50 пайызы эле чөнтөккө кетчү экен. Дал ушул эскирген системадан арылуу максатында, бирдиктүү терезе түшүнүгүн биз да колдоно баштадык. Ага техникалык шарттар боюнча бардык кызматтар кирет. Ошондон көбүрөөк акча түшө баштады. Анын үстүнө тапкан кирешени өзүңөрдүн аймактык бөлүмүңөрдү өнүктүрүүгө жумшагыла деген мүмкүнчүлүк берилген соң, элет элинин да иштегиси келип калат экен. Өзүлөрүнүн аракети, биз менен биргеликте 800 миң сомго компютерлештирүү болду. Кызматчылардан ишти талап кылуу үчүн, аларга жумуш шарттарын өз деңгээлинде түзүп берүү үчүн ушул аракеттерди жасадык.








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??