кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
п»ї


  Майрамыңар менен

Кел-келибиз келсин калайык!
Майрам. Айт майрам. Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгы. Билим күнү. 30-авгут. 31-август. 1-сентябрь. Бу жылың бурулуш жыл болду. Бу күнүң бурулуш күн болду. 30 күндүк орозо дешчүү эле. Бу ирет 29 күндө ооз ачышты. Ушинтип көптүн оозун ачырышты. Таң калдык. Кантип дедик. Муфтий буга жооп тапты. Бийлигиң болсо эле билерман болуп алат турбайсыңбы. Ал ортодо Борбордук аянтка улуу жазуучу Айтматов агабыздын, Айкөл Манас атабыздын айкели тургузулду. Атайын азем менен үч бийликтин үч чоңу ортодо Отунбаева, бу четте Келдибеков, тиги четте Атамбаев айкелдерди ачканга аябай аракет кылышты. Үч чоңго айкелдер ачылбай атып ачылды. Мына жаш кездеги Айтматовду көрдүк. Анаке арыкчырай келген Манас атабызды көрдүк. Эл ичинде кеп. Жакшы дешти. Окшошпой калыптыр, элесибизде калган Айтматовду койсо болмок, Манас кантип эле арык, кичине болуп калсын дешти. Айтор дешкендер…
Эгемендүүлүктү илгерки союз кезиндей шаңдуу өткөрдүк. Аянттан аскерлер, жумушчулар үчөөнү карап өтүштү. Эски оппозиционерлер, эмки бийликтин башчылары биригелик, бир бололу дешти. Кеп эмес бекен. Биз бийлей берели, силер унчукпай жашай бергиле кыязында элге кеп ыргытышты. Мурункулар да ушинтчү. Окшоштук. Аябай элге айай көрүнчүү. Анан арты былгып кетчүү. Буларың деле быкшып атат, бийликти май талкандай эле мыкчып атат. Майрам. Кимге майрам?...
Бүгүн билим күнү. Балдарыбыз мектепке барышат. Биз балалыкты эстеп тим болобуз. Кайрылып келсечи…
Майрам. Үч катар майрам. 30-август, 31-август, 1-сентябрь.
Өзүн-өзү багып келген эл! Мекенди сактап келген эл! Калайык калың журт. Майрамыңыздар менен! Айт маарек болсун! Эгемендүүлүгүбүз түптүү, түбөлүк болсун! Билимге карк бололу. Жараткан колдоп жакшылыкка жар болсун! Жан аман, мал аман, эл аман болсун. Эл ичинде биз аман бололу! Кемтигибиз кетсин, кел-келибиз келсин. Жараткан бизге ар дайым жакшы күндү ыроолосун.
Асманчылар












??.??