Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Мурас

Адамзатта аты улук, манастан ураан чакырдык
- Манас Атабыздын үйүн курсак болобу?
Эгемендик алганыбызга 20 жыл өтсө да улутубуздун уңгусу, сыймыгы болгон Манас атабызга алгылыктуу мамиле, сый-урмат кыла албаганыбызга өкүнүп келебиз. Эмгиче борбор калаабызда Манас атабызга арналган үй жок экенине, куралбаганыбызга аттиң дейбиз. Эми да кеч эмес. Андыктан редакторубуз Керим Айдаровдун сунушу менен "Асман пресс" гезити ушул маселени көтөрүүнү чечти. Адегенде коомчулуктун оюн билели дедик. Андан соң максатыбыздын пайдубалын түзүүгө аракет болоор.

Табылды Кадыралиев, жеке ишкер;
- Албетте үйүн курсак болот, менин каршылыгым жок тургузганга жараша абдан чоң, үйдү сыртынан эле көргөндө кандайдыр бир күч берип кыргыз экениңди сезип тургандай болуш керек. Менимче борборубузга салган эле туура. Таласка же Нарынга жайгаштырсак ал жерлерге эч ким деле барбайт, ал эми шаарга бүт жети дубандан, сырттан келген конокторубуз да келишет. Ошондуктан шаардын ылайыктуу жерин таап тургузуу керек. Манас ордосун көрүп кетели деп көп эле кишилер кайрылмак. Мен ойлоп айтып койгондо эле болуп калбайт да. Жогорку жактагылар ылайыктап, акылдашып туруп иш кылса туура эле болот. Мен Бишкекти жакшы билбейм, ошондуктан тигил жерге, бул жерге деп айта албайм.
Кадыркул Орозалиев, чабан;
- Үйүн курса деле болот, эгер жакшы жерди ылайыктап. Биздин ата - бабалар боз үйдө жашап келген,боз үйдүн элесине окшоштуруп тургузса дейм. Борбордун орто жерине же Ак үйдүн тегерегине болобу курсак болот. Музейдин маңдайына Манас атабыздын эстелигин тургузуп жатышат, абдан жакшы иш жазалып жатат. Манас үйүн дагы мамлекеттик деңгээлге көтөрүп чыгып ишке ашырса жакшы болот эле.
Жылдыз Мамбеткулова, үй кожойкеси;
- Манас атанын сөөгү көмүлгөн жер Талас жергеси эмеспи. Мен ойлойм башка жерге которбостон түптөлгөн Манас Ордону кеңейтип, жаңыласак эле туура болот. Себеби, борборго курулса сырттан келген коноктор эки анжы болуп калышы толук мүмкүн. Ошондуктан бир беткей эле Талас шаарына тургузулса жакшы болоор эле.
Токтобек Сарыгулов, куруучу;
- Манас атага төрөлгөндөн бери эле сыйынып келебиз. Эми азыр коомчулук жакшы көңүл буруп, Манастын арбагын көтөрүп жатат. Мен дагы эл катары сүйүнүп бул көтөрүп жаткан демилгеңерди колдойм. Арбагына дайыма сыйынып турсак бизди дайым колдойт, коргойт. Эмнеси болсо да куруш керек үйүн да, айкелин да. Депутаттар бул маселени ортого коюп талкуулап чечишсе болоор эле. Негизинен үйдү калаага эле тургузган жакшы. Айкелдин жанына тургузушса дейм, бул көтөргөн демилгеңерди 100 пайыз эмес 200 пайыз колдойм.
Өмүрбек Осмоналиев, пенсионер;
- Манас атанын үйүн куруш мен үчүн туура эмес идея. Анткени жалпы кыргыз журтунун жери бүт Манас атабыздыкы. Үйдү куруу менен анын аброюн чектеп койгонго жатып калат. Ал Таластабы, Нарындабы, Чүйдөбү баардык жерди Манас атанын үйү деп эсептешибиз керек. Кеп анын үйүн курууда эмес. Ар бир кыргыз баласы Манас атабыз жөнүндө билип, анын бизге калтырган осуяттарын, идеаларын унутта калтырбашыбыз керек. Ошондо гана кыргыз мамлекети өнүгүп өсөт.

Тынчтык САДЫРБЕК уулу





  Үч собол?

1. Президенттикке талапкерлердин саны 80ден ашты. Татыктуусу да, татыксызы да бар дегендей. Президенттик тактыга ким татыктуу деп ойлойсуз?
2. Жаңы окуу жылына саналуу күндөр калды. Мектепке кабыл алуу дагы коррупцияга айланды, сиздин көз карашыңыз, балаңыз мектепке барууга даярбы?
3. Жуурат деген эмне, билесизби?

Эсенкан Дүйшөнов, математика илиминин доктору:
o Мурун өкмөттө же Жогорку Кеңеште, министрликте иштеген азамматтар президенттик ишти алып кете алат го деп ойлойм. Эмне дегенде алар мамлекеттин системасын билип калган, программаларын жакшылап иштеп чыгып таза иштешсе эле болгону турат. Мисалы, Өмүрбек Текебаев болушу мүмүкүн, бирок ошентсе да конкреттүү бирөөнү атай албайм. Илгери үмүт деген эч качан өчпөйт да, ким болсо дагы кыргыз элин алдыга алып кеткен кыргыз жигити келерине ишенем.
o Мен буга таптакыр караманча каршымын. Өзүм өмүр бою коррупция менен каршы күрөшүп келе жаткан адаммын билим-илим тармагында. Эч качан акчанын жардамы менен, басым-кысымдын жардамы менен окууга киргизүүгө болбойт. Андыктан бул иш боюнча закон кабыл алып, тыюу салыш керек. Коркутуп-үркүтүп окууга киргизүүнүн эч кажети жок, ал мойнуна байлаган иттей болот да. Неберемди мектепке даярдоодо канча акча кетет эсептеген эмесмин, бирок баардык керектүү окуу куралдарын, кийим-кечесин толук камсыз кылам.
o Жуурат-бул улуттук тамак-ашка кирет. Актан жасалат, башкача айтканда сүттөн. Илгери биз жуурат ичип эле чоңойгонбуз.
Гүлзат Батырканова, ырчы:
o Эми азыр башкаларына салыштырмалуу иштеп жатканына караганда Алмазбек Атамбаев татыктуу го деп ойлойм. Мен азыр көп адамдардан, өзгөчө мугалим, дарыгер, маданият кызматкерлери менен сүйлөшө калганда алардын ою жакшы болуп атат да Атамбаев жөнүндө. Эгер иштеген ишине, жөндөмүнө караганда ушул адам президент болуп иштей алат болуш керек. Жүз пайыз ишенбесем дагы, жогоруда чыгып жаткан талапкерлердин арасынан кадыр-барктуусу, иштеп көнүп калган, иштөө тажрыйбасы бар. Ишеничим бар иштеп кетет го деген.
o Менимче мектептин мугалимдери айлыкты жакшы эле алып жатышат окшойт. Ооба, коррупцияга жол бербеш керек, "Ата-энелер комитети" дегенди түзүп коюшат экен. Анан биринчи класстардан "перво начальный вызнос" деп алышат экен. Мен угуп калам ата-энелерден эгер өздөрү жашаган райондогу мектеп жакпай, башка районго караштуу мектепке балдарын алып барса көп суммадагы акча сурашат экен. Өзүмдүн башыман өткөн эмес, бирок ата-энелерден угуп жүрөм ушундай маалыматты. Азыр мектеп формасы менин концертке кийген костюмуман дагы кымбат. Ушунча кымбат болуп кетти, өзгөчө 1-сентябрдын астында бир көйнөктү 1000 сомдон сатып жатышат. Булар каяктан келген баалар билбейм. Бул түрецский, бул тияктыкы, бул бияктыкы деп эле асмандагы баалар менен сатып жатышат. Эки балама жакшы эле кетет, башынын аягына чейин, бир эле балама 300-400 доллар жөн эле кетип калат. Азыр кудая шүгүр балдарымды жаңы окуу жылына даярдап бүттүм.
o Жуурат. Аа… мындайды укпаптырмын чынын айтсам. Билбейт экенмин. Бул илгерки ата-бабадан калган тамак-аштардан окшойт. Жеп да көргөн эмесмин, а балким жеп жүргөндүрмүн бирок, башка аталыштадыр. Чынын айтсам биринчи угуп жатам.
Дүйшөнбек Сатымов, улуттук оркестрдин солисти:
o Эми баарыбыз эле көрүп жатпайбызбы, мен дегендин баары эле президенттикке коюп жатышпайбы. Эч кимди айта албайм. Кимди шайларымды ойлоно элекмин, убагы келгенде көрөбүз да. Исхак Раззаков сыяктуу таза, жебеген, ичпеген, чынчыл адам болсо абдан туура болот эле. Бирок, андай адам чыгаарына көзүм жетпейт. Азыр баары эле өзүн ойлошот, эми көрөбүз да чынчыл бирөө келээр.
o Ооба азыр мектепке киргенге дагы, ал гана эмес бала-бакчага киргенге да акча берип жатышат, "шапка" деп коет экен го. Эми аны кантип жоет билбейм. Өкмөт бир чара ойлонуп чыгыш керек, Грузия сыяктуу. Грузияда жоюлбадыбы коррупция деген балекет. Балаңды биринчи класска алып барыш керек болсо, "шапкасын" кошпогондо кийим-кечесине, китеп-калемине орто эсеп менен 2000-3000 сомдон ашат.
o Жуурат деген сүттөн жасалат. Эжигей, курут кошкон май, эзилишкен сары май жуурат- деген сөз бар илгертеден айтылып келе жаткан. Кыргыздын улуттук тамак-ашы.
Нурбек Эржан уулу, студент:
o Азыр акчасы көптүн баары эле талапкерлигин коюп алышты. Бул мени бир жагынан таң калтырса, экинчи жагынан кыжырымды келтирет. Алакандай кыргыз журтубузга мынчалык талапкерлердин кереги жок эле. Коңшу мамлекеттер, дүйнө эли күлүп жатышса керек. "Обу жок катын орсок уй саайт" дегендей эле болуп калдык. Мен эч кимге ишенип шайлаарымды билбейм, эми программалары менен таанышалы анан көрөбүз да.
o Туура айтасың бул нерсе оорудай эле тамыр жайып кетти. Айрыкча шаар жергесинде аябай жакшы өнүккөн. Ал эми айылда мектептин ремонтуна, вызноско деп эле чогултулат. Мындай нерсени жоюшубуз керек. Жогору жактагылар бир система иштеп чыгып, буга бөгөт коюлушу керек. Шаар жергесинде биринчи класска баланы киргизүү өзүнчө бир чоң көйгөй. Биз мектепте окуп жүргөн убакта 2000 сомдун тегерегинде окууга даяр болчу элек. Азыр үй-бүлөлү эмесмин, бирок азыр баардыгы кымбат эмеспи, 2000 сомдон эки эсе көп суммага даяр болот го.
o Бул тамакты уккан элем, бирок көзүм менен көрүп, ичип көргөн эмесмин. Негизи сүттөн жасалат болуш керек менимче. Бирок, эмненин сүтүнөн, кантип даярдалат билбейм.

Гүлзат САДЫРБЕК кызы








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
Яндекс.Метрика