Ар-Намыстын короосунда

Токон Мамытов, ЖК депутаты:
Гезитибиздин өткөн санында ЖКнын депутаты Токон Мамытов "Ар-Намыс" партиясынын ичиндеги ыдыроонун себебине токтолуп, "Эгерде бизди партиядан чыгаруу чечимин Кулов алса, анда аны сотко беребиз" деген эле. Анда кепти улайлы.

"Куловду сотко беребиз"
(Уландысы. Башы өткөн санда)
- Эми мындан ары Парламентте абал кандай болот. Шайлоо алдында фракциялардын ичинен өзүнчө топ-топ болуп депутаттар бөлүнүп кетишпедиби?
- Бир топ болуп биригип тургандардан "СДПК" эле. Калган фракциялардын 3-4 топ болуп бөлүнүүсүнөн чочулабаш керек, бул дагы жакшы нерсе. Партиянын жетекчилери бийликти узурпация кылабыз, баарын тең тизип алып "налево, направо" кылып бир команда беребиз деп эл менен кеңешпей эле "мен айткандай болуш керек" деп илгерки компартиянын жолуна түшүп бараткан. Ал эми фракциялардын ичинде топторго бөлүнүү -партиялардын лидерлерине кандайдыр бир алдын ала эскертүү. "Эй, эл менен иштегиле. Жеке кызыкчылыгыңарды көпчүлүктүн кызыкчылыгынан өйдө койбогула" деген эскертүү.
- Роза Исаковнанын жеке саясий ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
- Биз кандай айтсак дагы негизи жеке Роза Отунбаевага эмес, Убактылуу Өкмөттүн жалпы 14 мүчөсүнө баа беришибиз керек. "Муну жасаган жок, тигини токтоткон жок, чара колдонгон жок" деп көпчүлүк эл буларды күнөөлөп жатпайбы. Бирок, оң жагы дагы бар да. Оң жагы экинчи президент качып кетип, тополоңду уюштура баштаганда тажрыйбасы жок, күчү жок болгонуна карабай тиешелүү чара колдонуп өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактап келишти. Экинчиден, жаманбы, жакшыбы Конституцияны референдумда кабыл алышты. Үчүнчүдөн Парламентти шайлашты. Төртүнчүдөн, жамандыр-жакшыдыр экономиканы алдыга жылдырышууда. Аз да болсо пенсия, маяналарды көтөрүштү. Ош окуясы болуп кан төгүлбөсө жакшы деп баа берсек болот эле, бирок, жаман деп баа берүүдөн дагы алысмын. Орто десек болот.
- Алдыдагы президенттик шайлоого ушунча талапкерлердин чыгышын кандай кабыл алдыңыз? Ал турсун Гиннес китебине кириптирбиз…
- Албетте, баарын сыйлап-урматтайм, адамгерчилик сапатына шек келтиргим келбейт. Бирок, ошого карабастан, азыркы талапкерлерди төрт топко бөлсө болот. Биринчи топ-салмактуу, атактуу, тажрыйбасы мол, потенциалы жогору, шайлоодо өзүн көрсөтө ала турган талапкерлер: Атамбаев, Ташиев, Текебаев, Түлеев, Суваналиев, Султанов, Мадумаровдор. Экинчи топко-айрым жаш саясатчылар, Асанбековго окшогон. Булар шайлоодо өтпөсүн билишет, бирок, келечекке талапкер катары өзүн таанытыш үчүн катышып жатышат. Үчүнчү топтогулар дагы шайлоодо өтпөсүн деле билишет, потенциалы, ресурсу деле жок, бирок, соодалашууга чыгып жатышат. Ал эми төртүнчү топтогулар жашырбай эле ачык айтып жатышпайбы, "Менин акчам деле жок, колдогон 10 миң жүз миңдеген тарапкерлерим деле жок, бирок, 10-20 жылдан кийин жамандык-жакшылыкта балдарыма эл "Эй билесиңби, бул баланчанын баласы, атасы 2011-жылы президенттикке талапкер болгон" деп айтып жүрүшсүн деп балдарымдын аброюн эске алып жатам дегендер дагы бар экен.
- Кыргызстан ушул 20 жыл ичи кандай ийгиликтерге жетише алды жана ошол эле учурда кемчиликтерин дагы санап өтсөңүз?
- Албетте, кемчилик саясатчылардан дагы, өкмөттөн дагы, парламенттен дагы, өзгөчө чоң каталар биринчи, экинчи президенттерден кетти. Бирок, ошого карабастан, эгемендүүлүгүбүздү барктай билишибиз керек, себеби, канча улуттар бар мамлекети жок. Ошол эле уйгур, ошол эле курт элдерин алып көргүлө. Жер жүзүндө 30дан ашык улут бар экен мамлекети жок. А биз 5 миллион болгонубуз менен мамлекетибиз, туубуз, гербибиз, жерибиз бар, мамлекетке тийиштүү атрибуттарыбыз бар, өкмөт, парламент, элибиз бар, ушуну баалай билишибиз керек. Кылчайып артка карасак, "Элибиз көз каранды болбой, эгемендүү мамлекет бололу" деп чыгаан уул-кыздарыбыз өзүнүн өмүрүн беришкен. Ошондуктан, "Колдо бар алтындын баркы жок" кылбайлы. "Экономикабыз өнүкпөй жатат, мунубуз мындай, тигинибиз тигиндей болуп жатат, андан көрө тигил жакка же бул жакка кошулсак, мына азыр Бириккен Европа болуп жатат" деп айтып жатышпайбы. Менин оюмча, эч жакка кошулбай эле өзүбүздүн жолубуз, тарыхыбыз, маданиятыбыз бар, жаңы улуттук элитабызды тарбиялап, ошол элитанын өкүлдөрү, парламент, президент болуп элди алдыга сүрөп алып кетүүгө болот. Ушуну өзгөчө жаш муундардын эсине салып кетет элем.
- Бишкектин аталышын Манас деген аталышка алмаштырабыз деген маселе көтөрүлүп жатат, ушуга кандай карайсыз?
- Негизи буга каршылык жок. Манас кыргыздын пири, руханий байлыгы, тээ кылымдардан ата-бабаларыбыздан калган мурас, кыргыз баласы үчүн өзгөчө ыйык нерсе. Эгер шаардык кеңеш, Өкмөт, Парламент ушундай чечим кабыл алса, буга деле каршы эмесмин. Бирок, тарыхты карап көрсөк, республиканын күн батышынан күн чыгышына чейин Кара-Балта, Кош-Тегирмен, Сокулук, Токмок деген кыргыз эли күнүмдүк турмушунда кандайдыр бир пайдаланып жүргөн куралдардын, буюмдардын аттарынан аталып калган экен. Ушуну дагы эске алсак. Эң негизгиси шаардын атын өзгөртсөк, анда шаардын жашоочулары баарыбыз кулк-мүнөзүбүздү өзгөртүшүбүз керек. Ыйык атты алган соң, шаар терс иштерге барбаш керек. Азыр эми өзүңүз карап көрүңүзчү, көчөдөгү жаш өспүрүм балдарды көрүп уяласың, кыргыздар айтып коюшат "Оозуна ак кит кирип, кара ит чыгып" дегендей сөгүнүп жатышат, түкүрүнүп, семичке чагып отурушат. Суу ичеби, сок ичеби кутуларын жерге таштап кетишет. Ушул жүрүм-турумубузду оңдошубуз керек. Манастын атын коюу жеңил эле, бирок биз ошого татыктуу болушубуз зарыл. Келген коноктор суктангандай болсок.
Дайырбек ОРУНБЕКОВ




  Бирбүркүм

Атайын кызматтын укуругу узунбу же...
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Альфа- Телеком" ЖАКсынан ("Мегаком") сыртка чыгарылган акча каражаттары тууралуу фактынын үстүнөн иликтөө иштерин аяктап, өткөн жумада сотко өткөрүп берди. Атайын кызматтын иликтөө иштеринин жыйынтыгында, мамлекет казынасын ири көлөмдөгү каражаттардан куру жалак калтырган көз боемочулук, алдамчы ишкерчилик жана жасалма документтерди колдонгондугу үчүн бир нече адамдарга айыптар тагылды. "Балык башынан сасыйт" демекчи, айыпталып жаткандардын анабашында турган "Мегакомдун" мурдагы башдеректири Андрей Силичке издөө жарыяланды. Эми кептин баары сот иштеринде калгандай. Мамлекеттин казынасын өз чөнтөгү менен алмаштырып алышкан эрендер мыйзам алдында жооп берип, "ап" этип койгон акчаларды кайрадан казынага кайтарабы, же жокпу, көрө жатаарбыз. Болбосо, бул кылмыш иштерине илинчеги бар деп шектелип аткан айтылуу Раушан Рыкунова кечээ жакында эле каралып жаткан кылмыш ишине байланыштуу сот, прокуратура, тергөө органдарынын жогорку кызматтагы адамдары, муну менен катар Ак үйдөгү айрым лөктөр чоң көлөмдөгү пара алышкандыгын коомчулукка шардана кылган. Эми тийиштүү органдар "жегич" чиновниктердин "жегенин" кустурабы же алчусун алып кое береби? Тумандуу суроо...


Чычкан аке суу бер
Ош областынын мамлекеттик администрациясы 2009-жылдын 7-апрелинде бекиткен тизмеге ылайык Араван районундагы Керме-Тоо айылдык округунун Гүлбаар айылында - 7 миң 145, Түркмаала айылында - 1 миң 100, Кесов - айылында 2 миң 281 адам ичүүчү таза суу менен ушул күнгө чейин камсыз болгон эмес. Мында ичүүчү таза суунун жоктугу эл арасында ар түрдүү жугуштуу оорулардын келип чыгуусуна себепчи болуп, аталган айылдарда санитардык-эпидемиологиялык абалдын курчушуна алып келүүдө. Бул маселерди жеринен карап келүү үчүн биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Араван районуна барып, Катта-Сай массивиндеги таза-суу чыгаруучу насостук станцияны ишке киргизди. Эртең Токтогул жана "Камбар-Ата - 2" ГЭСтериндеги иштин жүрүшүн текшермекчи.


Гүлдөн миллиондорду уурдаса болот турбайбы!
Азыр Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун аргасы кетип турган чагы. Уулу Азамат Көлдөн келатып, автокырсыкка учурап, үч жапжаш адамдын өлүмүнө себепкер болгон. Мындан сырткары жакында эле шаардык кеңештин депутаттары чуу чыгарышып, Бишкектин көчөлөрүн бойлой илинген гүлдөр боюнча маселе көтөрүшүп, анын эсеп-кысабына кызыгып көрүштү. Апаптап койчу киши жок, жанагы бир гүлтүктөгү гүлдүн баасы эле 5800 сом экен. Бул каяктан чыккан сумма деп чуу салган депутат М.Кабылбеков мэрди жарга такап, "гүл операциясынын" мындай коррупциялык ыкмасынан эле он миллион сомдон ашык акча сол чөнтөккө солонгонун айтып чыкты. И.Өмүркулов адатынча асмандан түшкөнсүп, өзүнүн тиешеси жоктугун айтып, орун басары В.Красиенкону шаардык депутаттардын тишине сала берди. Бийликке каяша айткандарды чыркырата баса калган генпрокуратура мындайда ачыктан-ачык жеп-ичкен көрүнүштөрдү көрбөй калат эмеспи. Көрүп көйсөңөр эй!


Сактангыла, компроматтар согушу келатат!
Шайлоо жакындаган сайын талапкерлер бири-биринин артын чукуп, тирукмуш компроматтарды төкчүдөй болуп турушат. Мисалы, былтыр А.Атамбаев менен өзбек сепаратистти К.Батыровдун телефондон сүйлөшкөндөрү басма түрүндө гана жарыкка чыккан. Азыр болсо К.Ташиев менен А.Мадумаровдун штабындагылар ал сүйлөшүүнүн үн жазгыч тасмадагы версиясын 100 миңдеген нуска менен атайын дискке көчүрүшүп, шайлоочуларга таратканы жатканы маалым болду. Мындан сырткары, Т.Сариев менен А.Бекназаров эмнеге эле Атамбаевди сүрөп бүжүңдөп калышты десе, Темир жана Азимбек мырзалардын банк ячейкаларынан жашыл сөлкөбайларды кымырып жаткан видео тасмасы Алмаз Шаршеновичтин колуна тийип, тигилер бир аз кылтыңдаса эле бул тасма дагы коомчулукка бомба сымал жарылышы мүмкүн экен. Дагы эмне болоор экен?


МыМыКы бийлик алдында "мыйоологондо"
Кечээ эле оппозицияда жүргөндө Отунбаева, Атамбаев, Каптагаев өңдүү бүгүнкүнүн көзүрлөрү "Бакиев сөз эркиндигин өлтүрдү, маалымат каражаттарын бура бастырбай, бизди эч жакка чыгарбай жатат" деп озондошоор эле. Азыр жакшылап карасаңар, өздөрү Бакиевден ашып түшүштү. Президенттик шайлоо жакындаган сайын КТРК, ЭлТР, 5-канал, "Пирамида", НТС телеканалдары, дээрлик бардык радио түйүндөрү, өкмөттүк дагы, эркин дагы, облустук-райондук маалымат каражаттары толугу менен жалаң Роза апченин, Алмаз мырзанын, Бабанов балажандын менчигиндей эле кызмат өтөп калышты. Булардын атаандаштарына, жаңы оппозиция өкүлдөрүнө эшик тарс жабылды! Мындан тышкары азыр Атамбаевдин шайлоо штабында эки Султан - президенттин кеңешчиси Раев менен эларалык эркин радио делген "Азаттыктын" башчысы Жумагулов, башкы идеолог Фарид Ниязовдун эски достору, менчик басылмаларда иштеген К.Баялинов менен К.Карабеков баш көтөрбөй пиардын акесин окутууга белсеништи. Дагы бир мыкты журналист айымыбыз, соңку жылдары АКШда жашап аткан Бермет Букашева кечээ жакында президенттикке аттанган күчтүү талапкерлердин дээрлик 90%тин Бакиевдин куйруктары деп катуу кагып-силккен макаласын жарыялады. Эгер Бермет азыркы премьер-министр Атамбаев дагы КурСалиевичтин чо-оң куйругу болгондугун кошо жазганда, анда Алмаз мырзага кошомат айтканы билинбей калат беле, ким билет?


"Асман пресс"