Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



  Шумдүйнө

Каипкулов Бактыбекти ким өлтүрдү?
же акыйкат издеген эне-бала
(Башы 17-бетте)
Соттук териштирүүдө күбө болгон Таникулова Сабира: "Соттолуучу Базарбаев Сеитти тааныйм. Бул бала Ошто менин үйүмдө 2009-жылдын сентябрь айынан бери аялы экөө квартирант болуп жашашат. 2009-жылдын 18-октябрь күнү мен үйгө түнкү саат 24:00до келгем. Себеби, камогумду кечинде бир убакка чейин иштетип жаап келгенмин. Үйгө келгенде Сеит телевизор көрүп отуруптур. Биз чай ичип жатканбыз. Сеит бөлмөсүнө кирип жаткан. Кызым Нуржамал күйөөсү менен таарынышып жүргөн болчу. Ошол кезде күйөөсү келип, алар подьезде түнкү саат 03:00го чейин сүйлөшүп турушкан. Кызым киргенден кийин жарым саатча сүйлөшүп анан жатканбыз. Эртең менен Сеит саат 07:40та ишине кетти. Түндөсү Сеит сыртка чыккан эмес, чыкса мен көрөт элем".
Соттук териштирүүдө Бактыбек кызы Самара: "Базарбаев Сеит менин жолдошум. Ошол күнү базар күн болчу. Сеит түнү эч жакка чыккан эмес. Мен төрөйүн деп калгандыктан тез-тез туалетке чыгып турчумун. Сеит уктап жаткан"
Соттук териштирүүдө Турдумамат уулу Чыңгыз: "Мен 14 жаштамын. Кичине кезимден бери эле Кошбай акенин баласы Бактыбек акени тааныймын, ошол себептен 15 күндөн бери Бактыбек акенин үйүндө жашап келем. 2009-жылы 18-октябрь күнү тамактанып бүткөн соң, Бактыбек аке "досума барам" деп кеткен, кайра "баняга барсак бош эмес экен" деп келди. Кечинде Бактыбек аке экөөбүз эки башка орун салып, бөлөк жаттык. Бир кезде ойгонсом, эшикте бирөөнү таш менен уруп жаткандай добушту уктум. Үйдүн ичи караңгы болчу. Мен жаткан орунумдан туруп, коридордон эшиктин алдын карасам Бакыт аке менен бир адам кармашып, жакалашып туруптур. Ошондо салынып жаткан бүтө элек үй жактан бирөө келип Бакытбек байкенин бутуна таяк менен урду. Бактыбек аке "болду, болду" деп кыйкырып жиберди. Ошондо кармап турган Бактыбек акени бошото берди, Бактыбек аке чалкасынан жыгылып түштү. Ал балдар "качтык" деп кыргызча сүйлөп качып кетишти. Мен турган жеримден сыртка чыктым. Ошол кезде Кошон акенин баласы Абдимухамед үй жагынан чуркап келип калды. Апасы дагы келип баласына карап, "Башы жарылыптыр" деп жатты. Алар ооруканага кетип жатканда Саликан эже "Канга топурак салып кой" деп айтканынан бүтө элек үйдүн жанындагы топурактан алып келип кан болгон жерлерге салып койдум. Кол салгандардын кийим-кечесин билбей калдым. Бири Бактыбек акенин боюндай, экинчиси Бактыбек акеге карганда жоон келбетте экен".
Кепкадагы чач кайдан чыкты?
Ошол түнкү окуяда "карра" деген жазуусу бар кепка калып калганы айтылат. Бирок, Ош облустук соттук медициналык экспертизадан Базарбаев Сеиттин бул окуяга катыштыгы бардыгын далилдөөчү бир дагы буюм-зат табылбаган. Ош облустук биологиялык экспертизасынын эксперти Сейдахматовдун изилдөө жүргөн учурда кепкадан эч кандай кандын тактары табылбагандыгын, ал кепкадан чач чыкпагандыгын көрсөткөн. Ал эми табылган башына бинт оролгон таяктар боюнча экспертиза дайындалып, бирок колдун издери алынган эмес. 2009-жылдын 1-ноябрь күнү гана тергөөчү Жалал-Абад облустук соттук медициналык экспертизасына токтом берген. Эксперт Жуманалиева М. 2009-жылдын 14-ноябрь күнү экспертизаны баштап 9-декабрь күнү №166 сандуу корутунду чыгарган. Ал корутундуга ылайык, "карра" деген жазуусу бар кепкадан беш даана чач чыккан. Бул экинчи жолу жүргүзүлгөн эксперттик кароо күмөн туудурат. Бул жагдайда сот кепкага чачтар атайын салынган деп эсептейт. Экинчиден, Базарбаев Сеит кармалганда анын денелеринен жарааттар жок болуп чыккан. Базарбаев Сеиттин апасы Назаралиева Рахима бул тууралуу: "Жалал-Абаддын экспертизасына тергөөчү шашып келип эле "упаковкага" салдырбастан эле алып кетиптир, ошол жактан кепканын ичинен 5 тал чачы чыгып калган имиш. Дагы жакшы баламдын кийген кепкасы 54 размер болсо, окуя болгондо табылган кепка 58 размер экен. 4 размер чоң баш кийимди кийип эч качан адам өлтүргөнү барбайт да. Аны оперлер эле чачын жулуп туруп салып коюп жатышат. Тергөөчү жанын жеп "Мен салган жокмун" дейт, ал салбаганда ким салат? Сот Сарыбаев кийин "жасалма далил жасалып калыптыр" деди. Кепкадан чыккан чач эмне үчүн Оштон табылбай, Жалал-Абаддан чыгып калды? Судмедэксперт дагы мындай болушу мүмкүн эмес, биз баарын дыкат караганбыз дейт"-деди ал.
Шек
Назаралиева Рахиманын айтымында, Каипкулов Бактыбекти өлтүрүүнүн эки версиясы болушу мүмкүн. Биринчиси, "2009-жылы 7-март күнү Кайыпкулов Бакыт 4 бала менен бирге өзүнөн жыйырма жаш улуу, эки баласы бар, ажырашып кеткен келинди сайга алып барып зордуктап, анан өлтүрүп коюшкан. 4 ай дегенде Өзгөндө сот болуп, соттун төрагасы Кушчубек Султанов ар биринен 200 миңден алып туруп 3 жылга ачыкка кесип, чыгарып жиберет. Андан 2 ай өтпөй бирөөлөр Кайыпкулов Бакытты бычак менен сайып өлтүрүп, атасы Кайыпкулов Кошбайдын колу-бутун сындырып, башын жарып кетишет. Үйүндө апасы жана иш кылдырып алып жүрүшкөн 8-класс окуган Чыңгыз аттуу бирөөнүн баласы бар экен, ошолор окуянын эмне болгонун көрүшкөн. Ошентип, кичине эле бир нерсе болсо милицияга кайрылып жатып калган Кайыпкуловдор милиция дагы, тез жардам дагы чакырбай, өздөрү ооруканага барышат. Врачтардын көрсөтмөсү боюнча суроо бергенибизде, адам өлгөн соң, эки саатта муздайт дешти. Ашып кетсе ооруканага 30 мүнөттө жетет, а эмне үчүн баласынын денеси муздап калганча тийиштүү жерлерге кайрылган эмес. Кылмышка кириптер деп эки бала деп айтышканы менен экинчи бала бүгүнкү күнгө чейин жок. Ошентип, менин балам күнөөлөнүп жатат. Бул жерде тергөөчү Мусаев Акматтын чабалдыгы, Каипкуловдун көрсөтмөсү менен эле баламды камап коюшту. Башка шектүүлөрдү дагы иликтөгө алыштары керек болчу да". Ал жогоруда айткан окуясы менен "балким бул иш өч алуунун кесепети болсо керек" дейт. Ал эми экинчи версия, "үй бүлөлүк ич ара чатактан өздөрү өлтүрүп алыштары мүмкүн".
Акталуу
Мыйзам бузуу менен алынган далилдер юридикалык күчкө ээ боло албайт деп табылгандыктан жана далилдөө үчүн бир дагы тиешелүү тергөө аракеттери жүргүзүлбөгөндүктөн, сот Базарбаев Сеит Жолдошевичти КРнын КЖКнин 234 ст. 2-б.4-п. 97-ст. 2-б1.5,6,8,10,14,15-п. 241-ст. 4-б. 28-97-ст. 2-б. 1,5.6.8.10.14.15-п. 241-ст.4-б. боюнча кылмышты жасоого катышуусу далилденбегендиктен Өзгөн райондук дагы, Ош областтык соттон дагы акталып чыгат.
Кайрадан камак
"Акталып чыккан соң, кой эми сен бул жакта жүрбөй эле кой", деп Москвага жиберип ийдик. Бирок, Каипкулов Кошбай кайра Жогорку Сотко арызданды. 18-августта сотко келсек, сотко төрагалык кылган Сыдыков жана Бакиров деген прокурор көз көрүнөө эле Каипкуловду 23-кабинетке чакырып алып кирип кетишти. "Кайыпкулов менен соттошуп жаткан биз элек, бизди дагы киргизесиңерби" десек, болбой коюшту. Алар ушул иштен башка эмнени сүйлөшмөк эле? Ошондон соң кайра Өзгөн соту карасын деп чечим чыгарып койду. Анан адвокаттын кеңеши менен баламды Москвадан алдырттык. Жолдошум Казакстанда иштейт, неберелерим чоң атасынын жанында болчу, барып алып келейин деп Казакстанга кетээрим менен баламды камап коюшуптур. Кайра ыйлап-сыктап жетип келдим. Мына 5-ай болуп жатат. Жабырлануучу Каипкулов адатынча ар түрдүү шылтоолор менен соттук отурумдарга катышпай качып жүрөт. Мурдагы документтердин баары азыр Жогорку Сотто. Бул иш дагы жакында бүтпөчүдөй, Жогорку Соттун соттук курамы жаңыдан кайра шайланып жатса, дагы 2-3 айга созулуп жүрө берет го. Ал эми баламдын башы катуу ооруп жатат. Анткени, баламды алгач кармап барганда оперлер А.Үркүмбаев жана З.Сарыковдор Өзгөн райондук УКЖда (ИВС) кылмышты мойнуна алдырыш үчүн 10 күн боюу ур-токмокко алышкан. Бул боюнча убагында Омбудсмендерге кайрылгам. Дагы айта кетчү нерсе, күбө катары өткөн 8-класс окуган Чыңгыз бүгүнкү күнү дайынсыз жок. Аны былтыркы кандуу Ош окуясында согушка кирип кеткен дешет, бирок, бул чындыкка сыйбайт. Чыңгызды Каипкуловдор өздөрү эле жок кылып коюшту, муну өздөрүнө деле айтып жатам. Анткени, Чыңгыз соттук отурумда үй ичиндеги полго жуккан кандарды милициялар келгенче Каипкуловдун кызы Турдукандын жууп-тазалап чыкканын айткан",-дейт Базарбаев Сеиттин апасы Назаралиева Рахима. Р.Назаралиева жогорудагы окуяны айтып жатып көз жашын көлдөтүп отурду.
P.S. Эгерде экинчи тараптын "андай эмес мындай" деген пикири болсо, гезит бетине жарыялоого даярбыз.
Даярдаган Азима АКУНОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"