Медведев менен Назарбаевге таш ыргыткан Роза апче
Мындан эки жума мурда Астана шаарында ОДКБ курамына кирген мамлекет жетекчилери масилет курушуп, АКШ менен Европага ачык айбат көрсөтүшүп, эгер алар биздин аймактагы коопсуздугубузга коркунуч туудурушса, тынч карап турбайбыз, аскердик күчтөр менен бири-бирибизди катуу колдойбуз маанисинде күпүлдөшкөн. Анысы го түшүнүктүү, а бирок ошол саммитке катышып келген Кыргызстандын президент айымы Ош тарапты кыдырып жүргөндө күтүүсүз билдирүү жасап жиберди. Роза Исаковнанын ою боюнча Медведев менен Назарбаев араб сценарийинин кайталанышынан, өздөрүнүн бийлигине доо кетишинен катуу чочушуп, Казакстанда болсо солчул экстремизм баш көтөрүп, Өзбекстан чегарасын чычкан жөргөлөгүстөй бекиткенине караганда Каримовдун абалы деле анча эмес окшойт дегендей пикирин кыйытты. Отунбаеванын минтип жакынкы өнөктөш өлкөлөргө таш ыргытканын саясат таануучулар жакшы түшүнбөй, ар кандай жоромолдоп жатышат. Же Астанадан Роза апчебизди тигил лөктөр капалантып коюшкан, же Орто Азиядагы жалгыз аял президент океандын ары жагындагы Б.Обама менен Х.Клинтондун ири державалык көз карашын туюндуруп, робот куурчактын милдетин аткарып жатканыбы, айтор азыркыдай геосаясий кыйчалыш кырдаалда ким кандай оюн жүргүзүп жатканын баамдаш өтө кыйын.


Түлеевдин таскагы
Өткөн апта Марат Султанов Адахан Мадумаровду күтүүсүздөн эле Түлеевдин үйүнө ээрчитип келет. Ийри отуруп кереге кеп салышат. Мадумаров Түлеевге мага кошул, президент болсом премьер-министрликти сага берем дейт. Түлеев шайлоого бара береличи анан көрө жатарбыз деп жооп узатат. Ошол узкий кругда Суваналиев да бизге кошула турган болду деген кеп чыгат. Анан калса Назарбаев менен Каримов да Атамбаевди президенттикке апкелбөөнүн аракетин сырттан жасап, Путинди да көндүрүштү деген кеп тарап туру. Билишибизче Москва Султанов менен Түлеевге ставка жасап жаткан кербези. Түлеевдин мынтип аз убакыт ичнде эле таскагы алыска кетип, рейтинги атаандаштарынан ат чабым алдыга озгону да ушуну туйундурат.


"Акшакалдар" эми ак сакал болобу?
2009-жылы президенттик шайлоодо Бакиевди колдоп кеткен чүйлүк байкеси Тургунбек Кулмурзаевге жинденген Атамбаев Арашан айылындагы жыйында "Ишенген санаалашым элеңиз, минтип сатып кеттиңиз, эми сизди кудайга койдум" деп үшкүрүнсө, өз алдынча ажолукка аттанган дагы бир "акшумкарчы" жердеш иниси Темир Сариевди "Киши эмес экен" деп тилдеп, кийинчерээк Темикени Бекназаровго кошуп, миллиондогон доллар уурдаган немелерди кечирбейм маанисинде КТР аркылуу катуу тилдеген. Бирок, тагдырдын тамашасы ушул экен, Тургунбек байкеси менен да, Темир иниси менен да бүгүн шилекей алышкан дос болушуп, антташкан жердеш болуп чыга келишип, шайлоого чогуу шайдоот баратышат. Мындан тышкары убагында чүйлүк аксакалдардын атынан Бакиевге дүжүрлөнө кошоматтанган А.Жумагулов, К.Алымкулов, С.Аблесов, Ж.Рүстембеков, Б.Субанбеков сыяктуу дагы башка чүйлүк байкелерине ызырынып, былтыркы 7-апрелден кийин эле "Форумдун" алдындагы котологон элдин алдында "шейит кеткен 87 баланын ордуна ушул аксакалдар эмес, "акшакалдар" өлүшсө болмок!" деп жүрөк түшүргөн кебин агыткан. Эми бүгүн карагыла, дал ошол өзү айткан "акшакалдар" менен кайра кучакташып, "Силерге гана ишенемин, намысты бөтөндөргө алдырбайлы!" деп обон созгон Алмаз Шаршеновичти деги ким түшүнөт болду экен?


Алматыда балмуздак жеп олтурган Малеваная
Генпрокурорубуз А.Салянова күйгөнчөлүк эле бар экен. Жакында ал Астанадан казак коллегасынын колуна 7-апрелден кийин качып жүрүшкөн М.Бакиев, М.Суталинов, Д.Үсөнов, О.Малеваная өңдүүлөр Казакстанда, болгондо дагы үй дарегине чейин так маалыматтарды берип, аларды кармап берүүгө жардам сураган кат тапшырыптыр. Бирок, казак баурдастар он күн айланбай, аталган даректер боюнча мындай адамдар жок экендигин тастыктаган жооп жиберишет. Бир жарым ай мурда кадимки Жаныш Бакиев дүңгүрөтө той берип, Алматыдан уулун үйлөнткөндүгүн эске алсак, Нуракенин бийлиги кыргыздарды шылдыңдап жаткандай таасир калтырат. Дагы бир соңку кабарга көңүл бурсак, мындан туура он күн мурда Улуттук коомдук каналдын аттуу-баштуу журналисттери дал ошол Алматы шаарынан чак түштө, кымбат ресторандан айтылуу Оксана Малеваная менен жолугуп калышыптыр. Ал атасы Александр Иванович, Садыркуловдон төрөп алган уулу үчөө беймарал балмуздак жеп отурушкан экен. Оксана айым мурдагыдан да семирип, көңүлү жайдары, "жакында мекенибизге кайтып, бийликти колго алабыз" деп каткырыптыр. Оксанага асылгандар абайлай жүргүлө.


Төлгөнүн ташы аялга оодубу?
Шайлоо башталды дегиче шайтан оюндар кошо башталат. Бир ууч кыргызга 80 талапкер! Муну көргөндө кыргыздын бары эле президент болгонго татыктуу, кыйын эл окшойбуз деп ойлоп калдык. Талапкерлердин тизмесин карап олтуруп "мен деле койсом болмок экен, сен эмнеге койгон жоксуң" дешип бири-бирин шакаба кылган күлкүлөр. Так талашкандар буга чейин бийликтин ар кайсы креслосунда олтурса да элди жыргатпаган жалаң аттары элге эбак жатталып бүткөн эскилер, же аты-жыты жок мамлекетке кызматы өтө элек белгисиздер. Эми 80 талапкердин кимисин шайлаарды билбей баш катып, кээ бирлер көзү ачыктарга төлгө салдырып, карта ачтырып да жиберишти. Бир гезитке Текебаев, Атамбаев болсо согуш чыгат деп бир төлгөчү айтыптыр. Анын төлгөсүнө ишенсек тиги деле жарабайт, мунусу деле болбойт деп келип, менин төлгөм кайра эле аял киши болот деп жатат дейт. Анда эмне Роза эжекебиз кайрадан президент болобу? Бирок Отунбаева эжекебиз белгиленген мөөнөттөн ашык болбойм деп убадасын берген. Роза эжекебиз сөзүндө тура турган болсо. Анда талапкерлигин шайлоо сайын койгон, окко төшүн тосуп эч нерседен коркпогон Токтайым Үмөталиева болуп калышы ыктымалбы? деген ойлор жаралып жатат. "Чем черт не шутит" деп орустар айткандай шайтандар башкарган шайлоодон барын күтсөк болот. Балким... Ким билет...
Жөөттөр башкарды, эми кавказдык башкарбасын
"Белгисиз маршрут" киносундагыдай "адашып жол таппаган элди" шам көтөрүп жарык жолду көрсөтчү, жаңы жолго салчу адамдын келээрине ишенген элдин үмүтү былтыркы шайлоодо биротоло үзүлдү окшойт. "Мекен Ынтымагы" партиясынын лидери "Путиндин кишисимин" деген Темирбек Асанбековдун сүйлөгөн сөзүн, берген убадаларын көрүп кыргыз эли эми жыргайт окшойбуз деген. Көрсө, анын убадасы биздин бул жердеги желге тойгузгандарыбыздан да ашып кетет экен. Сүйлөсө тилинен чаң чыккан Темирбектен алдангандар анын абийирин ачып, "Желимбек" "лапшагон" деп ат коюп чыныгы жүзүн көрсөтүштү. Ал былтыр Акаевдердин үйүнөн чыкпай аларга жабышып жүрүп, Бермет аркылуу казактардын акчасын алып шайлоого чыгып, оңду- солду убаданы берип, элге жакшы көрүнүш үчүн Акаевди "лысый" деп жардам берген кишисин жарга түртүп, кайра Москвасына кетип калган. "Ичкен кудугуна түкүргөн" Темикенин кылыгы барына угулуп, Акаевдерге баралбай быйылкы шайлоого колдоочу издеп Бакиевге барыптыр дейт. Ал киши макулдугун берип, Мадумаровго кошулуп иштеп бер деген имиш. Эми Мадумаровдун этегине эрмешип жүрөт дейт. Баса, Темирбек Асанбеков кыргыз паспортун Роза Отунбаева эжекесинин өз колунан былтыр бир ай ичинде алганын айтып жүрүшөт. Бул мыйзам бузуу эмеспи? Кубанычбек Апасты Россия жараны деген БШК ошондой эле талапкер Асанбековду неге аярлап коюшту? Аялы башка улуттан болгондордон оозубуз жакшы эле күйдү эле. Темирбектин биринчи аялы орус, экинчиси кавказдык экен. Жөөттөр башкарды, эми кыргызды кавказдык башкарып калбаса экен... Кудай сактасын дейличи.


Ошурахунова эмнеге "Отунбаевалап" озондойт?
Акаев доорунан бери эле Америка акырынан жем жеген "Демократия үчүн" аттуу бейөкмөт уюмдар коалициясы белгилүү болуп калган. Мурдагы убакта Т.Исмаилова менен Э.Байсалов башкарып жүрүшкөндө булар кыйла адилет, чынчыл болушчу. Ал эми Динара Ошурахунова келгени уюмдун аброю кум сепилдей кулап түштү. Динара айым былтыртан бери Отунбаеванын этегине намаз окуган жагынан эч кимди алдына салбай калды. Кудай акы, бейөкмөт уюмдардын ичинен кошоматка кой сойгон жагынан мындайларды көрө элек болчубуз. Былтыр "ар-намысчы" ажы депутат Турсунбай Бакир уулу менен КТР аркылуу акыйнек айтышып, бүткүл кыргыз элин көзгө илбей, кадимки ОБОН аталган ажаан аялдардын классикалык үлгүсүн көрсөткөн эле. Азыр болсо Роза Исаковна оңго басса да, солго басса да, анын дүжүр адвокатына айланып, баскан изине чаң жугузбай келатат. Кечээ эле улуттук телеканал аркылуу Каптагаев, Сариев менен эфирге чыккан Ошурахунова таза шайлоо өткөрөбүз деген жасалма шылтоону бетке кармашып, өлкөнү түрө кыдырып, мыйзам бузган талапкерлерди ашкерелей тургандыктарын жар салышты. Эгер Эмил мырза премьер-министрдин көшөгө артындагы штаб башчысы экендигин, Темир мырза өкмөт жетекчиси менен бир ээрге учкашкандыгын, Динара айым азыркы бийликтин "күкүгү" экендигин эске алсак, үчөөнүн максаты келесоого деле түшүнүктүү болуп турбайбы. Буларың ушундай шылтоо менен Атамбаев үчүн жандарын садага чапкандан кайра тартышпайт көрүнөт. Браво дейли да!
"Асман пресс"