Саясатчылардын
"сары" изи
Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн деген сөз кыргызда бекер айтылбаган. Колундагы байлык, бийлигинен пайдаланып каалаганын жасап жүргөн саясаттагы ойрондор көп. Кыңыр иш кырк жылда дегендей булардын жасаган иштери элге маалым болуп, абийири айрандай төгүлгөн учурлар да жок эмес. Төмөндө дүйнө жүзүндөгү саясатчылардын кылыктары тууралуу азыноолак маалымат.

Гари Харт, АКШ, 1987
1987-жылы Колорадо Штатынын сенатору Гари Харт президенттикке талапкерлердин арасында рейтинги жогору болгон. Харт президенттикке бараарын билдиргенде "Miami Harald" гезитинин кабарчылары анын Донна Райс аттуу модель менен көңүлдөш экенин жазып чыгышкан. Бул кабар жарык көрөрү менен Гаринин рейтинги 32%дан 17% дароо түшкөн. Мындан көп өтпөй эле сүрөтчүлөр Харттын көңүлдөшү тизесинде эркелеп отурганын сүрөткө тартып алышкан. Бул сүрөт "National Enquirer" журналына чыккандан кийин ал кандидатурасын алууга аргасыз болгон. Мына ушундай чуулгандуу окуялардан кийин Харт саясаттан кеткен.

Элиот Спитцер, АКШ, 2008
Нью-Йорктун экс-губернатору Элиот Спицтер 2008-жылы ээлеген кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. Анткени, экс-губернатор сойкулардын кызматынан пайдаланып 80 000 доллар акча төлөгөнү ачыкка чыгып калган. Отставкага кеткен соң Спицтер репутациясын оңдоого аракет кылып көптөгөн кайрымдуулук иштерин жүргүзүп жүрөт.

Гарри Стоунсайфер, Boeing, 2005
"Boeing" компаниясынын башчысы Гарри Стоунсайфер 2005-жылы март айында кол алдындагы кызматкери менен болгон ысык мамилеси айкын болгондо кызматтан кеткен. Мамилелеши Дебра Пибоди Boeingде вице-президент болгон. Компанияны иликтөөгө алган учурда көңүлдөштөрдүн мамилелери кызматтык этиканы бузганы анык болгон. Бул ызы-чуудан кийин экөөнүн ортосундагы 50 жылга созулган мамиле үзүлгөн. Бирок, кийинчереек Гарри Пибодиге баш кошкон.

Моше Кацав, Израиль, 2009
2011-жылдын март айында Израилдин экс-президенти Моше Кацав зордуктоо боюнча 7 жылга темир тор артына кесилген. Баардыгы 2006-жылы Кацав Мени Мазузу аттуу өкмөттүн юридикалык жактан кеңешчисине канцеляриянын кызматкери шантаж кылып акча өндүрүүгө аракет жасап жатат деп кайрылгандан башталган. Мазуз иликтөө иштерин жүргүзгөндө Кацав ал кызматкерин туризм министрлигинде отурган кезде эле бир эмес, эки ирет зордуктаганы билинип калган. 2006-жылы сентябрда Кацавдын үстүнөн сегиз аял арыз жазган. Бирок, сотко эки иш өткөн, калганынын далили жок болгондуктан жетпей калган. Кацав официалдуу түрдө ажолук тактан 2007-жылы кетерин билдирген. Ал учурда президенттин жактоочулары коюлган күнөөдөн зордуктоо боюнча пунктту алып таштоосун, жапа чеккендерге компенсация төлөп, шарттуу түрдө кесилсин деп сунушташкан. Алардын бул сунушу прессага жетип, укук коргоо уюмдары каршы чыгышкан. Ал ортодо 2008-жылы жактоочуларын да таңдантып Кацав күнөөсүн четке кагып чыккан. 2009-жылы прокуратура президентке каршы иш козгоп ал баштагыдан алда канча оор болгон. Ошентип 2011-жылы март айында Кацав 7 жылга эркинен ажыратылып, 2 жыл шарттуу кесилип, 34 000 доллар айып пул төлөөгө мажбур болгон.

Сильвио Берлускони, Италия, 2011
2011-жылдын январь айында миландык прокуратура италянын премерь-министри Сильвио Берлускониге каршы иш козгогон. Себеби, министр жашы жете элек Карима эль-Маруг, лакап аты Руби атту сойку кыз менен жакын мамиледе болгон. Руби "бунга-бунга" аттуу секс-кечесиндеги 33 сойкунун бири болгон. Прокуратура кечеге катышкан 3 аялга бул ишти мойнуна алууну сунуштаган. Берлускони Рубиге 45000 суммадагы өзүнүн сулуулук борборун бергенин, ошол эле убакта аны менен жыныстык катнашта болбогонун айтат. Берлусконинин айтуусунда акчаны сойку кызга бул жаман ишинен кайтуусу үчүн берген. Премьер мындай сексуалдык чырдын ортосунда биринчи ирет болгон жок. 2009-жылдын март айында анын экинчи аялы Вероника Ларио 18-жаштагы модель Наоми Летицией менен түшкөн сүрөттөрү коомчулукка тарап кеткени үчүн ажыраша тургандыгын айтып чыккан. Ошону менен катар эле ачык кат жазган. Ал катта Берлускони Европарламенттин шайлоосундагы кандидаттардын көбү саясатта тажрыйбасы жок "жаш кыздарды" кошуп алгандыгы жазылган. Бул ызы-чуудан кийин Берлусконинин саясаттагы рейтинги 31%ке түшүп кеткен.

Өмүрбек Текебаев
- Кыргыз саясатчылары да европалык саясатчылардан кем калбайт. Менталитет башка, ыймандуу келебиз дегенибиз менен бизде да жогоруда санап өткөн саясатчылардын кылык жоругунан кем калбагандар бар. Эң алдыңкы орунда Текебаевдин порно видеосу турса керек. Бул видео элге тараганы Өмүрбек мырзанын саясаттагы рейтинги алда канча түштү десек жаңылышпаспыз. Бечара Текебаевдин кайсы саясий оюнга катышпасын бул кылыгы чукулуп ММКлардан түшпөй келет. Эң кызыгы биздин саясатчылар европалыктардай болуп сот жообуна тартылып же кызматтан четтетилбегени. Бирок, эл ичинде муну өткөн бийликтин Текебаевге атайын жасаган тузагы деп билишет. Чынында эле ушундай.

Алмамбет Шыкмаматов
- Ата-Мекендин алдыңкыларынын бири Текебаевдин оң колу Алмамбет мырза да оңой эмес. Кезегинде чыныгы "джентельмен" болуп партиялаш кызга өз ордун бергени эл ичинде айтылып келет. А тургай ал кызга RAV-4 үлгүсүндөгү унааны алып берген деген да имиштер бар. Бул мырзаны берешен, ак көңүл деп атоодон башка сөзүбүз жок.

Жаныш Бакиев
Мамлекеттик коргоо кызматынын экс-жетекчиси, бир кездеги "жоон билек", азыр эч кимге кереги жок качып жүргөн Жаныш Бакиев да кызматтык абалынан пайдаланган. Шоу-бизнестеги жаш кыздарга көз кырын салып, жанына алып жүргөнү эл оозунда айтылып келет. Кийин Жаныш акабыз ай чырайлуу ырчы айымдарыбыздын бири Орозгүл Токторбаеваны алганы ачыкка чыккан.

Молдомуса Конгантиев
Экс-коргоо министри, эми чыныгы эркек атыгып жүргөн Молдомуса Конгантиев да ушактан кур жалак калбаган. Учурунда чырайлуу алып баруучулардын бири Жанара Атабекова менен көңүлдөш деген сөз шамалдай тараган. Европалыктарда саясатчылар уяткарылып иштен четтетилсе, кыргыздыкы тескерисинче көңүлдөшү болгон экенсиң деген имиш менен жаш алып баруучуну кызматтан четтетип, карьерасына балта чаап коюшкан.