Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Кантек

Сезимиңди ойгот Кыргыз
"Баба өмүрүн билген киши караңгыда шам- чырактуу"-дейт эмеспи. Ошол сыңарындай ал издерди калтырган бабаларга көз жүгүртсөк, алар каарман ак пейил, чыдамдуу, эрктүү, боорукер, айкөл алп баатыр кишилерден экенин билебиз. Тарыхый маалыматтар, улуу сөздөр, санжыралар бизге дайыма жол көрсөтөөрүн билебиз. Боз үйдө мандаш токунуп олтурган бабалардын салтын айтып, кечээки, байыркы маалыматтардан сөз салып аталарга мүнөздөмө беришчү. Борбордук жана Орто азиядагы ташка чегилген тамгалардагы маалыматтарды кылдат талдасак алар биздин элибиздин өткөн өмүрүн, тарыхын, тиричилигин айкын көрсөтөт. Сууга жуулбас, отко күйбөс укмуш жана маанилүү асыл мурасты бабаларыбыз укум - тукумуна белек кылган. Анда эмесе Адам атадан Кыргыз атабызга чейинки санжырага көз жүгүртсөңүздөр.

…Ияфас дүйнөдөн өткөндө Түрк ата такка олтурду. Ал акылдуу, адептүү падыша болуп туруп чын дүйнөгө кетти. Түрктөн соң тогуз уулу кандык доор жүргүздү. Бизде тогуздан энчи калганы ошондон. Алардан акылдуу, дөөлөттүүсү Түтөк болду. Көп ырым-жырымды, салтты ошо Түтөк чыгарды. Эки жүз жыл өмүр сүрүп Түтөк чын дүйнөдөн кетти. Ордуна Элчи Кан олтурду… Көп замандар өттү. Падышадан падыша алмашты…
Кийин Аланча кандыкка келди. Ал кезде барча эл дөөлөттүү болду. Дөөлөттөн эсиргендер теңирди тааныбай жаман иштерге бет бурду. Аланчадан эгиз уул төрөлдү. Бири татар, бири монгол. Алар эр жеткенде элди экиге бөлдү…
Ал эки кандын тукумдары да өз - өз бетинче акимдик жүргүздү. Кыйла замандар өттү. А замандарда Татар кандын жети уулу доор өткөрдү. Монгол кандын ордуна Каракан кан болду. Каракандын тушунда адепсиздик артты. Теңирди пир туткан киши калбады. Ошондон улам Каракан киши колдуу болуп каза тапты. Ордуна уулу Уузкан кан болду. Ал көзү ачык төрөлгөн акылман алп кол башчы болуп калайыкты бир баш кылды. Теңирди тааныбай жаман иштерге бет бургандар оң жолго түштү. Адепсиздер адептүү болду.
Ошо Уузкандын жыйырма төрт небереси болду. Кенжеси Кыргыз эле. Кыргыз качан төрөлдү дегенде, ал, Искендер Зулкарнайндан көп доор мурда дүйнөгө келген.
Сапар шаа, Алхан, Аналхан, Арслан бий, Темирчи бий, Атан бий, Шүкүр бий, Мурат бий, Телкозу, Калпак бий болуп кыргыздын жыйырмадан артык урпагы доор өткөрдү. Кыйла - кыйла замандар кербенчинин төөлөрүндөй изин кумга жигирди. Баарынан кийин Домбол бийдин уулу Долон бий Айган кандын (Чыңгыз хандын) тушунда өттү…
Анда кыргыз өз жергесинде бейкут жаткан эл. Мал асырап эгин эккен. Көк темир чыңап, ай балта соккон. Ал чакта Ырыс, Даркан деген билгилер болгон. Тай - туяк баатыр өткөн. Айган кан менен жоолашты каалабаган. Кыргыз жергесине ал өзү кол салды. Айкашта кыргыздар жан аяшпады… Акырында күчтүү жоонун астына өтүшкө аргасыз болду. Алар менен жортуулда чогу болду. Кыргыз уругу кырылды, тириктери бытырады.




  Шумдүйнө

Каипкулов Бактыбекти ким өлтүрдү? же акыйкат издеген эне-бала
Бактыбектин өлүмү
2009-жылы 19-октябрда болжол менен түнкү саат 04:00 чамасында белгисиз бирөөлөр Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын Т.Сатылганов-26 үйүндө жашаган 1950-жылы туулган Каипкулов Кошбайдын үй бүлөөсү менен эс алып уктап жаткан үйүнө жашыруун кирип, өздөрүнүн кылмыш жасоо үчүн атайын даярдап барышкан таяктары менен Каипкулов Кошбай жаткан бөлмөгө кирип, аны таяк менен уруп баштаганда, Каипкулов Кошбай ордунан тура калып жуурканын бетине тосуп кармаша кеткенде фонариктин жарыгынан таяк менен урган адам Базарбаев Сеит экендигин таанып, "Сеит эсиңе кел" деп кылмыштуу ишти токтотууга аракет кылган. Башка бөлмөдө уктап жаткан баласы Каипкулов Бактыбек жардамга келгенде, Базарбаев Сеит анын денесине жараат келтирип, курсагына, жүрөк тушуна, баш мээ тарабына жана далысына жараат келтиришип мыкаачылык менен өлтүрүшкөн.
Ал эми Каипкулов Кошбайды дагы өлтүрүүгө аракет жасап жатканда, Кошбайдын аялы Сатыбалдиева Саликан коңшу үйдөн чыга калып, кыйкырык-бакырык жасаганда, "Кармалып калбайлы" деген ойдо кылмышкерлер качып кеткен.
Каипкулов Кошбай жогорудагы соттогу көрсөтмөлөрүнөн сырткары, Базарбаев Сеит буга чейин бир канча кылмыштарды жасап соттолгонун, бирок ата-энеси кандайдыр бир жолдор менен баласын куткарып алып жүргөнүн, Назаралиева Рахима менен Кара-Шоро дүкөнүн талашып соттошуп келатканын, кийин аталган дүкөндүн толук кандуу ээси болуп калгандыгына байланыштуу өч алуу максатында жогорудагы иш болгонун айткан.

Капастан кат
"Урматтуу Курманбек Салиевич! Мен сизге гезит аркылуу кат жазып олтурамын. 22 жаштамын. Менин камалышымдын себеби, апам сатып алган Кара-Шоро дүкөнүнүн айынан болуп жатат. Мени камагандар абалым канчалык экендигин аныктап беришсин. Ким коргойт менин укугумду? Ушундай мамиле карапайым адамдарга жасала берсе, 2005-жылдагы төңкөрүш кайталанбайт деп эч ким кепил боло албайт. Ушундай жол менен адам укугун тебелеп-тепсеген абалда карапайым адамдарды көчөгө чыгарууга мажбурлап жаткандык дейм"-деп кат жазат жабырлануучу Базарбаев Сеит 2009-жылы 11-декабрда "Кыргыз Руху" гезитине.
Ал эми Базарбаев Сеиттин апасы Назаралиева Рахима дүкөн боюнча: "Мен 2002-жылга чейин Шамалды-Сайда айылдык кеңештин жооптуу катчысы болуп иштегем. Кайнатам өтүп кеткен соң, кайненемди караганы Мырза-Акеге келгем. Айылда Кара-Шоро деген универмаг болгон, союз ураган соң 6 жыл эч ким иштетпей бош, мындайча айтканда 4 дубалы эле калган экен. Ошол универмаг сатылат дегенин угуп калып, бекер отура албай, буга чейин кафе иштетип, анын пайдасын көрүп калган жаным сатып алып кафеби же ресторанбы кылып иштетейин деп ойлогом. Керек-жарак коомунун төрагасы Кыдыралиевден 130 миң сомго сатып алдым. 2004-жылга чейин миллиондогон акчаларды жумшап толугу менен оңдоп-түздөдүм. Биринчи кабатын кафе, экинчи кабатын ресторан кылып ачып, имараттын артына үй дагы салып алдым",-дейт ал.
Мына ушул Назаралиева Рахиманын сөз кылып жаткан дүкөнү Кайыпкулов Кошбай тараптан талашка түшөт да, ич ара араздашуу болуп, акыры соттошууга чейин жетет. Анын айтымында, мына ушул чыр-талаштын кесепетинен улам Каипкулов Кошбай баласы Каипкулов Бактыбектин өлүмүнө Базарбаев Сеитти шектүү деп келатат.

Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү
Соттук териштирүүдө Сатыбалдиева Саликан: "Мен соттолуучуну тааныбаймын, мурда көргөн эмесмин. Ошол түнү саат 4:00дор чамасында бирөөлөр үйгө фонарик менен кирип "Мына Кошон, Кошонду өлтүрүш керек"деди. Мен ордумдан турсам артымдан бирөө кармап түрткөндө эсим ооп калды. Сахарым бар. Өзүмө келип эшикке чыксам Бакытты бирөөсү уруп жатыптыр. Балам ага каршылык көрсөтө албай, алсыз туруптур. Мен Абдимухаммед баламдын үйүнө жардам сураганы чуркап кеттим. Анын үйү 50-60 метр алыстыкта эле. Келсек алар качып кетишиптир. Кошон жерде отуруптур, балам жерде жатыптыр. Аларды машинеге салып ооруканага алып бардык".

(Уландысы 20-бетте)





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
Яндекс.Метрика