Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Таржымал

Адил Кайыпов, фокусчу, актер:
"Биринчи машинем драндулет болчу"
- Адил байке, сизди көпчүлүк фокусчу катары тааныса, эми актер катары да белгилүү болуп келе жатасыз. Сиздин жан дүйнөңүзгө кайсынысы жакын?
- Фокус - жашоомдун бир бөлүгү болуп калган, фокуссуз жашай албайм. Ал эми актерлук менин кичинекей кезимден берки максатым, институтта актерлук жакта окуп жүрүп толук бүтүрбөй Россияга кетип калып, кийин келип бүтүргөм.
- Фокусчулук өнөрдү кайдан үйрөндүңүз эле?
- Россияда кара жумушта иштеп жүргөндө "Шаг за шагом" деген китепти сатып алып, ошол китептен үйрөнгөм.
- Адилдин бир күнү кантип өтөт болду экен?
- Эртең менен эрте туруп жумушка кетем, кечинде кеч келип жатмай. Кино, клип тартууга жана фокуска эле убакыт жетип жатат.
- Акыркы жолу качан эмне деген китеп окудуңуз?
- Робин Шармдын "Как монарх продал свой ферари" деген китебин эки ай мурун окудум. Ал китепти окуганда түшүнүксүз турмушта кантип жүрүштү билип калат экенсиң. Мага абдан жакты, чыгарма жашоонун жолдорун ачып турмушта көп пайдасын тийгизет экен.
- Саясатка кызыгасызбы?
- Жок такыр кызыкпайм.
- Кайсы музыкалык аспапта ойной аласыз?
- Бир гана гитарада ойной алам.
- Баардыгы болуп канча киного тартылдыңыз?
- 6-7 киного тартылсам керек, алардын ичинен жакканы "Башаламан 2". Себеби, өзүмдүн жашоодо жүргөнүм такыр башкача элди күлдүрүп, куудулданып ачык айрым жүрөм, ал эми кинодогу мүнөзүм жашоомдогудан башкачалыгы менен жагат.
- Тасмага тартылууда кандай кыйынчылыктар болду?
- Кыйынчылыктар эки ай тартканыбыз болду го. Кадрда элдин баарын күлдүрүп, образга кире албай кыйналдым. Режиссер Элдияр болсо, ай күлдүрбөчү деп жүрүп шайы кетти.
- Улуу муундагы жакшы көргөн жана кумир туткан актерлоруңуз барбы?
- Өзүбүздүн актерлордон Сүймөнкул Чокморов жагат, чет элдик актерлордон Чоу Юн Фат, Майкл Жексон, Митхун Чакраборти. Он үч жашымда Майкл Жексондун клибин көрүп, бийин бийлеп чыккам.
- Чыгармачылыктын изи кайсыл учурдан башталган?
- Раматылык атам режиссер болчу. Тилим чыккандан баштап эле атам кино тарткан жеринде ээрчитип жүрчү, кийин чоңойгондо көп жумуштарда иштедим, эмнегедир жаккан жок, өзүмдүн кесибим менен иштегенде күч кубат, рахат алып турам.
- Чылым, ичкилик дегенге кандайсыз?
- Бир жолу кинодогу ролдон тамеки чегиш керек болуп, ошондо чеккем. Чегип алып жөтөлүп, көзүмдөн жаш агып бетимдеги гримим бузулуп жаман болгом. Чылымды чекпесем да чылым чеккендей жыттанып жүрөм. Анткени, досторумдун баары чегишет, жанында жүрүп мага сиңип калат. Ичкиликти болсо анда -санда жакшы күндөрү татып коем.
- Фокус көргөзүп жатып жаңылган учурларыңыз болду беле?
- Ооба, мына бул колумдагы тырык ошондон калган. Бир ирет бычак менен фокус көргөзүп жатып колумду кесип алып, экинчи колум менен көргөзгөм. Андан кийин ал фокусту көрсөтпөйм.
- Өзүңүз жакшы көрүп, көп көргөзгөн фокус?
- "Летающая сигарета" көрүп калсаңар керек. Ушул фокусту көп көрсөтөм, өзүмө да жагат. Досторум менен эс алууга барганда да ушул фокусту көрсөтсөң деп суранып калышат.
- Актерлордун арасынан жакын ишенген досторуңуз барбы?
- Элдияр Айылчиев, Руслан Копобаев жана Мирлан Абдулаев бири - бирибизге дайым ишенебиз. Көңүл ачканда же кайгыргандабы айтор, чогуу жүрөбүз.
- Алгачкы жолу канча гонорар алып, эмнеге жумшадыңыз эле?
- 2001- жылы бир сериалга тартылып, 500 сом алганым эсимде, кубанычым койнума батпай атам чыккан бир энциклопедияны алып апама белек кылгам. Апамды абдан жакшы көрөм, атамдын жок экенин билдирбей энелик да, аталык да тарбиясын берип өстүрдү.
- Кантип эс алганды жакшы көрөсүз?
- Бийлеп эс алам. Клубдарга баргандан келгенге чейин чарчаганча бийлейм, бийлегенди жакшы көрөм. Досторум таң кала беришет.
- Кадр артындагы кызыктуу учурлардан айтып кетсеңиз?
- "Башаламан 2" бети-башыбыз кан болуп гримделген боюнча жолдон тартабыз деп жолго чыгып кеттик. Жолдон машинага май куйуш керек болуп Элдияр экөөбүз заправкага келсек баары чочулап, айланып карашат. Андан ары барып жолдон дарбыз алсак бекер эле ала бергиле дегендей кылып коркушат. Көлгө бараткандагы посттон өтүп жатканда дагы актербуз деп араң түшүндүргөн элек.
- Биринчи унаа алганыңыз эсиңизде болсо керек?
- Бир нерсени көздөсөм ошого эмнеси болсо да жетип алам. Досторум машина ала баштаганда мен да алам деп радиодо алып баруучу, режиссер, дагы эки жумушта ошентип төрт жумушта иштеп, тырышып жүрүп эки айда алгам. Аным өзүнчө эле драндулет болчу, бир дөңгөлөгү соо болсо, үчөө кыйшалаңдаган 1989-жылдагы унаа эле.
- Жол эрежесин бузган учурларыңызда кантесиз?
- Бузбаганга аракет кылам. Бирок, кээде болуп калат да, бир күнү жумушка шашып катуу айдап бара жатсам ГАИ тосуп калды, токтоп эми эмне кылам деп отурсам кудай жалгап тааныш байке экен, фокустарды көрсөтүп сүйүнүп кетип калгам.
Тынчтык Садырбек уулу










кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
Яндекс.Метрика