Айла жок мыйзам!
Австралияда гороскоп түзүп, окуу же башка көзү ачыктык кылууга тыюу салынган.
Виктория провинциясынын Брайтон Бич пляжында жабык кийим менен гана сууга түшүүгө уруксаат берилет.
Ушул эле провинцияда үйдөгү лампочкаларды лицензиясы бар гана электриктер алмаштыра алышат. Ошондой эле жекшемби күнү түштөн кийин күлгүн түстөгү шымдарды кийүүгө болбойт.
Италияда эркектер юбкачан көчөгө чыкса темир тор артына кетип калышы мүмкүн.
Англияда он жашка чейинки балдарга жылаңач маникенди кароого тыюу салынган.
Францияда чочконун атын Наполеон деп коюга болбойт.
Францияда жана улуу Британияда темир жол вокзалында өбүшүүгө тыюу салынган.
Римде фонтанга киринүүгө болбойт.
Италиянын Тропей шаарындагы закон кимге чечинүүгө, чечинбөөгө болорун өздөрү чечипкойгон. Закон боюнча семиз, ырайы суук айымдар чечинип пляжга барууга болбойт.
Гонконгдо аялынын көзүнө чөп салган эркекти аялы өлтүрүп салууга укуктуу. Бирок, куралсыз жылаңыч колу менен. Ал эми эркекти азгырган көңүлдөшүн каалагандай өлтүрсө болот.
Гренада өлкөсүндө купальникчен көчөгө басууга, ычкыры ылдый болгон джинсыларды кийүүгө тыюу салынат. Бул шартты аткарбагандарга 270$ айып пул каралган.
Швецарлар бири-бирин өтө сыйлашат. Түнкү саат 10дон кийин унитазга сууну шаркыратып агызууга мыйзам жол бербейт.
БАЭ өлкөсүндө рамазан айында коомдук жайларга тамак жеп суусундук ичүүгө тыюу салынган.
Германияда көчөдө бет кап кийип жүрүүгө болбойт.
Данияда абактан качкандар кылмышкер болушпайт. Кармалып калган учурда мурнку мөөнөтүнүн гана аягына чейин чыгат.
Израилде велосипед айдоо үчүн айдоочулук күбөлүк алуу кажет.
Камбоджада кадимки оюнчук суу тапанчасын алып жүрүүгө тыюу салынган.
Мексикада мамлекеттик кызматта иштеген айымдарга кыска кийүүгө уруксаат берилбейт.




  Уңгу

Кыргыз бар жерде Манас бар!
"Манас" эпосун илимий жактан изилдеп, Кытай журтчулугуна Манастын кыргыз баатыры экендигин даңазалап, таанытып жана окутуп жүргөн окумуштуу кыргыздар Адыл Жуматурду жана анын келинчеги Токтобүбү Ысак кызы менен И. Арабаев атындагы КМУдан жолугуп калдым. Кыргызстанга келген боордошторубуздун жүзүнөн бир толкундануу, бир кубаныч төгүлөт. Алар менен болгон кыска маегимде эки сөзүнүн бири Манас деп жаткандарын угуп, негедир айрымдардын Манасты бандитке теңегендерин эстеп, кыргыз коомчулугундагы андай бейчеки сөз сүйлөгөн адамдарыбыздын канында демек, кыргыздын каны ойнобойт го деген шектенүү жаралды.
Бул жолугушууда И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек Абдрахманов: "Манасты ушунча бийиктетип даңазалап, кыргыз бар жерде Манас бар деп ыйык тутуп жүргөн окумуштуу бир туугандарыбыз Жуматурду Адылга жана Ысак кызы Токтобүбүгө "И.Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору" наамын ыйгарууну туура көрүп турабыз",-деп сыймыктануу менен билдирди.

Доктор, профессор Адыл Жуматурду:
"Манас кыргыздын өзүн таанытат"
- Адыл Мырза, сизди "Манас" эпосун изилдеп жүргөн окумуштуу дешти, кайсыл багытта изилдеп жүрөсүз?
- Мен "Манас" боюнча изилдөө эмгегимди баштаганыма 21 жыл болду. 2000-жылы Цзинзян Уйгур автоном райондук адабиятчылар жана көркөм өнөр союзунда "Манас" изилдөө ишканасына барып жумушка киргем. Андан мурда университетте англис тили мугалим болчумун. Ошондон бери изилдеп, "Манасты" кытай тилине которуп келем. Азыр мен Пекиндеги Кытай мамлекеттик коомдук академиянын Улуттар адабият институтунда иштейм. Өзүм ошол түндүк адабият изилдөө секторун жетектейм. Докторлукту 2004-жылы жактагам.
- "Манасты" изилдөөгө эмне түрткү болду?
- Кичинебизде Жусуп Мамай аксакалдын "Манас" айткандарын угуп жүргөнбүз да, ошондо эле кызыгуум бар болчу. Манас кыргыз рухунун азыгы, Манас менен кыргыздар сыймыктанып, Манас аркылуу башка элдер кыргыз маданиятын билишет деген ой болгон. Азыркыга чейин Жусуп Мамайдын варианттары жана Кытайдагы ондогон манасчылардын варианттары боюнча иликтөөлөрүмдү жүргүзүп келем.
- Мына Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20-жылдыгына чукулдап келиптирсиздер, дегеле Кыргызстан сиз үчүн кандай?
- Кыргызстан дүйнөдөгү жалпы кыргыздар үчүн бийик жана ыйык туусу деп билем. Мейли кайсыл жерде болбойлу Кыргызстан деген мамлекет бар экенин билип жүрүү сыймык. Качан болсо келип-кетип туралы, кыргыз элим менен биргеликте көп иштерди жасайлы деген ойдобуз.
- Кыргызстанга бат-баттан келип турасызбы?
- Мурда тез-тез келип турчу элем, бирок, акыркы 4 жыл ичи келе элек элем.
- Кандай өзгөрүүнү байкадыңыз?
- Жакшы иштер жасалып жатыптыр. Бишкек бир нече жыл мурдагыга салыштырмалуу тазаланып калыптыр. Элдин дагы маанайы ачык, жарык. Мурдагыга караганда, базар, экономика өнүккөндөй сезилип жатат. Айрыкча "Манас" боюнча иштер жакшы колго алынып жатыптыр.
- Мына, Адыл мырза, сиз көрүп тургандай бул жакта "Эркиндик" эстелигинин ордуна "Манастын" эстелигин орнотуу колго алынып жатат, ушуну кыргыздар туура кылып жатабызбы?
- Менимче, Манастын эстелигин тургузуу туура. Анткени, Манас кыргыздын руху, дүйнөсү, маданияты, бийик чокусу. Кыргыздар Манастын руху аркылуу гана өзүн дүйнөгө таанытып, Манастын руху аркылуу гана сыймыктанып, Манастын руху аркылуу гана өзүнүн кыргыз экендигин, тарыхка, маданиятка ээ улут экендигин билет. Ошон үчүн Манасты биз канчалык даңазаласак менимче арзыйт. Кыргыз бар жерде Манас бар болуш керек.
- Манас кээде түшүңүзгө кирбейби?
- Чынын айтсам бүдөмүк түшүмө дагы кирген. Анткени, биз "Манас" менен алпурушуп, изилдеп жүргөн кишилер үчүн түшүбүзгө кирди окшойт.
- Кытайда кыргыздар менен алакаңар кандай?
- Мурда биз Үрүмчүдө жашаганбыз, учурда Пекинде жашайбыз. Ал жакта кыргыздардын турмушу жакшы эле. Кызыл-Сууда, Үрүмчүдө туугандар менен тыгыз байланышта болуп, илимий конференцияларды бирге уюштуруп турабыз. Кытай мамлекети мейли компартия дейбизби, өкмөт дейбизби, кыргыздарга абдан жакшы көңүл буруп келишет. Бул үчүн рахмат айтуу зарыл. Айтор, кыргыздардын турмушу башка кытайлыктардай эле күндөн күнгө жакшырып жатканы байкалууда, барып көрүп кетсеңиздер болот.
- Кытайлык кыргыздар десе эле, Үркүндө барып калган деп түшүнөм да, сиздер кандайча Кытайга барып калдыңыздар эле?
- Биз барып калган эмеспиз, биздин ата-бабалар илгертен эле ошол жерде жашайт. Барып калган кыргыздар азыраак.


Филология илимдеринин кандидаты Токтобүбү Ысак кызы:
"Мен кыргызстандыктарга капа болгом"
- Менин уруум Черик болот. Кытайда Сарыбагыш, Бугу, Моңолдор, Кытай деген чоң уруулар бар. Чоң аталарымдын мүрзөсү турат ошол жерде, жакында эки баламды ээрчитип алып барып куран окутуп келдик. Жерлердин аттары дагы: Кара-Булак, Меркеч, Күркүрөө, Ак-Булуң карачы кыргыздардын жери. Анан ханжу жолдоштор кийинчерээк барган бизге жардам бергенге. Тоодон түшкөн малчы кыргыздар бар, ушул күнгө чейин бир ооз ханжуча билбеген.
- "Манас" эпосун кытайлыктар ЮНЕСКОго каттатышкандарына бул жактагы кыргыздардын айрымдары нааразы болушса, айрымдары ыраазы болушууда. Сиз ушуну кандай кабыл алдыңыз?
- Мен туугандарга капа болгонмун. Дүйнөдөгү кыргыз элинин уюткусу ушул Ала-Тоо кыргыздары. Менин коргогон кандидаттык ишимдин темасы: "Жунгу кыргыздарынын "Семетей" эпосунун көркөм мазмунун курулуш өзгөчөлүгү". Мында эки залкар Эшмат Мамбетжунусов менен Жусуп Мамайдын варианттары боюнча иликтегем. Эшмат Мамбетжунусов Тыныбек Жапыйдын үлгүсүн канча иликтеп, канча жаңыртты, азыркы вариантта канча өзгөчөлүк таба алам" деп 1992-жылы Тыныбек Жапыйдын үлгүсү боюнча салыштырдым. Саякбай менен Жусуп Мамайдыкы эгиз козудан айырмасы жок. Бул экөөнү салыштырганда 4 "Семетейди" дагы салыштырдым. Кириш сөздө "Жунгу кыргыздары Манасты арка кылып бирлешкен мамлекеттер уюмуна сунуп отуруп, ЮНЕСКОнун талабына ылайыктап өткөргөн" десем көп туугандар чыркырап мени катуу кармашкан. Кыскасы, талап кеткен жерлери дагы болду, "Силер кантип кыргызга өкүл болосуңар? Силердин "Манас" кантип кыргызга өкүл болот?" дешип. Ошондо: "Биз бир кыргыз болсок деген урааным ошол эле. Менин Кытайда баардык нерсем жетет. Мен эмне үчүн кандидаттык ишимди "Манас" деп алдым? Эмне үчүн 5 жылдан бери Кыргызстанга келип ушинтип каңгып жүрөм? Эмне үчүн?" дедим.
- Ошондо эже сиз кыргызстандыктардын атынан катталбай калганына капа болуп жатасызбы?
- Мурда катталса болот эле. Кыргыздар ушуга чейин кыймылдабай жатканына капамын. Жуңгу кыргыздары 180 миңдей эле, анан дагы башка улуттарга ассимиляция болуп жатабыз. Бул жактан катталса абдан жакшы болмок, бизде толук варианты бар. Кытайда 10 миңдеген манасчы "Манас" айтып жатып "Сахна Манасына" айлантып жиберди. А бул көрүнүш бул жерден табылбай турат да. "Дүптү Манас" дей бергендери менен аракет жасалган жок. А Кытайда кыргыздардын аты жок да.
Собол салган Азима АКУНОВА