Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Күнтурмуш

Турганбүбү Бообекова, КР эмгек сиңирген артисти:
"Фактурам боюнча башкы ролдорду ойнобойм"
Аялдын ролун мыкты жараткандыгы үчүн 5 жолу сыйлыкка татыган, КР эмгек сиңирген артисти Турганбүбү Бообекованын өмүр, эмгек жолу туурасында кеп салып бермекчибиз.

Элес
- Биздин айыл Тоң районунда Саякбай Каралаев айылы (Ак өлөң). Саякбай атаны көп көрдүм, анткени эң улуу эжем ушу кишинин келини эле. Саякбай ата келгенде ушундай майрам болот эле казан-казан эт асылып, боорсоктор жайылып той болчу. Айыл бүт келип, Саякбай ата Манас айтып берер эле, ал кишиге төргө калың төшөк салынып, жанына чөгүн чылапчынды коюп коюшчу. Отурган жеринде Манас айтчу. Ал кезде биз кичине болчубуз, ошол жерге уктап да калчубуз. Саякбай атанын Манас айткан элеси бүгүнкү күнгө чейин эсимде.
Балалык
- Ата-эненин тарбиясын көргөн жокмун. 3 жашымда энем, 4 жашымда атам каза болгон экен. Алты бир тууган калыптырбыз, эң кенжеси мен болчумун. Энем кайтыш болгондо атам үйлөнгөн экен. Атам көз жумаар алдында өгөй энемден балдарым жерден боор көтөргөнчө кетпей тур деп суранган экен. Өгөй энем мен 4-класста окуп жаткан кезде кетти. Ошол кезде улуу эки эжем турмушта, улуу агам үйлөнүп калган. Экинчи байкем Нарынга окуп өзү менен өзү болду. Мен 8-классты бүтүрдүм. Кийин шаарга келип интернатта окудум.
Алгачкы кадам
- Интернатты бүткөндө мединститутка тапшырдым. Анткени, ал учурда театралдык окуу жайга кабыл алуу болгон эмес. Анын үстүнө менин бир туугандарым артист да кесиппи, өзүбүз жетим болсок деп караманча каршы болуп туруп алышкан. Медик болосуң деп эжем урушуп барып тапшыртып салган. Өзүм жаман көрсөм да өтүп окуп калдым. Жаз айларында Москвага театралдык окуу жайга кабыл алуу болот болуп жарыялар чыгып калды. Ал учурда жайкы сессияны берип жаткам. Ар бир облустан тандоо болуп, шаарда чоң сынак өттү. Сынакка катышуучулар аябай көп болгон. 1-2-3-турдан өтүп кеттим. Мени менен 22 баланы Горбунов деген киши келип өзү тандап алып кеткен. Эч ким тааныш билиш менен өтүп кете алган жок. Ал кишинин жанында кыргыздын чыгаандары, астары отурган. Алардын жакындары өтпөй калып, таарыныч, ыза менен ыйлаган күндөрү болгон.
Устаттарым
- Эң күчтүү мугалимдердин колунда 5 жыл тарбия алдык. Баскан турганыбыздан тартып, кийимибизге чейин карашчу. Ошол мугалимдердин берген тарбиясы 63 жашка келгенге чейин жетип келе жатат. Менин курсташтарымды да ушул кармап келе жатат деп ойлойм. Ошолордун берген билими, тарбиясы бизге чоң фундамент болуп калды. Курсташтарымдын бары жакшы болду эң эле болбой калдым дегендерибиз эмгек сиңирген артистикти алдык. Мен мисалы 20 жыл эл аралап жүрүп анан эмгек сиңирген артист болдум.
Образдар
Өзүм курч мүнөздөгү, комедиялык жанрдагы, бунтарь багыттагы ролдорду абдан оңой аткарам. Нак театрда иштегениме 39 жыл болду. Бул жылдардын аралыгында майда ролдорду эске албаганда 6ока жакын роль ойнодум. Дипломдук 5 спектакль алып келгенбиз мугалимдерибиз менен. Ар бир спектаклден бирден роль берчү. Москвадан келгенде Ош жергесине алып кетишкен. Биринчи пьесаны А.Токомбаевдин "Күндүн чыгышы" деген чыгарманы Адылбек Дыйканбаев режиссер болуп барып койдурган. 1916-жылдагы Үркүнгө арналган трагедия болчу. Анда мен телефонистканын ролун ойнодум, бул менин театрдагы биринчи ролум болду. Башкы ролдогу комиссардын жанында иштеген безеленген телефонистканын образы менен театр искусствосуна биринчи кадам таштагам. Бүт жаштыгым, ролдорум, гастролдорум баары Ош жергесинде калды. өзүмдүн фактурам боюнча көп башкы ролдорду ойнобойм. Боюм кыска, сулуулук жактан да берилген эмес. Менин ролдорум 2-3-пландагы ролдор. Наамга көрсөтүлүп жатканда өзүмчө анализ жасап көрсөм, бир чыгып кирип кеткен эпизоддордо да кол чабуулар менен жакшы кабыл алгандар болуптур.
Жеке турмуш
- Жолдошум менен тогуз жыл бирге жашап, 90 жылдык нервим, энергиям кетти. Бир күнү отуруп, дипломум менен жолдошумду коюп, кайсынысы менен кетсем мен өмүрүмдү өкүнүчтө өткөрбөйм деп ойлондум. Эмнегедир дипломумду тандадым. Мен бул нерсени мурун эле жасасам болмок экен деп ойлодум. Менин кесибимди түшүнөм дечү, бирок, элестеткен эмес түйшүгүн. 3-4 айлап талаада жүрсөм, ар ким ар кандай айтат экен. өзүңдүн иштешкендериңдин арасынан актрисалардын үстүнөн тескери сөз айтып койгондор түбүбүзгө жетти. Ал киши чыдабай калды. Бирок, мен ал кишиге рахмат айтам. Себеби, эки балалуу болуп алдым. өзүм жетим болсом, көрүнүктүү деле актриса болбосом дагы жалгыз бой калып калсам эмне болот элем. Азыр кудайга шүгүр очор-бачармын. Бүт өмүрүмдү ишим менен эки балама арнайм деп келдим. Балдарым мен окуган шаардан билим алышса дедим эле кудайым тилегимди берип Россиядан билим алышты. Максатыма жеттим. Уулум юридика илимдеринин кандидаты, кызым экономика илимдеринни кандидаты болду.
Жалгыздык
- Мен жалгыздыкты жашап өткөм, 35 жашымда эки балам менен калдым. Андыктан окуучуларыма айта берем, меникиндей жашоону каалабайм деп. Кийин экинчи турмуш куруудан коркуп калат экенсиң, балдарымды ойлоп, кандай кабыл алат деп жүрүп курган жокмун. Жалгыздыкты эч кимге каалабайм. Аял кишиге жөлөп таяры жок болгон жаман. Балдарың жүрсө да жамандык-жакшылыкта жан дүйнөңдө жалгыздык болуп калган чоң өксүү. Бактылуумун жалгыз болсом да деген калп. Биздики эми жасап алган жалгыздык. Андыктан жаштарга айтып келем түгөй табууну биринчи планга кою керек деп.
Мээрим Айталиева









кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
Яндекс.Метрика