Сот келатат эй!

Карабаева Канымбү, Сотторду дайындоо кеңешинин мүчөсү:
"Пара берип мүчө болгон жокпуз"
- Көптөн бери сотторду тандоо кеңеши түзүлүп, ага бир тарабы каршы чыгып, бир тарабы колдоп атат. Коомчулукта ызы-чуу, карапайым калк түшүнбөй эмне болгон кеңеш деп оозун ачат…
- Сотторду тандоо кеңеши менен соттор кеңешин көпчүлүгү айырмалай албай атат. Бул демилге элдин кызыкчылыгын көздөп, соттордун акыйкат иштөөгө көзөмөлдөп, таза сотторду тандап алуу максатында келип чыкты. Сотторду дайындоо кеңеши соттордон келген административдик билдирүүлөрдү карап, толуктап иштен четтетилген жагдайларды иликтеп чыгат. Соттор кеңешинин курамы жалаң гана соттордон келген адистер отурат. Дайындоо кеңешинде 16 адам жарандык коомдон келген. Алар сотторго келген доо-арыздарды канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин, иштин сапатын аныктаган көрсөтмөлөрүн карашат.
- Жакында сиздер таптап, тактап чыккан талапкерлер президенттин сынагынан көбү өтпөй, айрымдары жөнөкөй суроодон кулап түшүштү. Муну менен өздөрүнүн деңгээлин көрсөтүштү, сиз кандай баа бердиңиз?
- Президент ар бир талапкерди чакырып, маек кылгандан кийин кетирген кемчилигибизди сездик. Экинчиден муну билип туруп одоно кемчилдик кетирдик деп айта албайм, жаңы башталып аткан иште албетте жетишпеген жактары болот. Соттордун деңгээлине президент койгон баасына макул болуп атам. Президенттин алдына барганда бир топ талапкерлер өзүн ыңгайсыз сезип, сүрдөөгө дуушар болушуптур. Ал эми "сотторду дайындоо кеңешине мүчө болгондор акча сунуштап, пара берип дайындалыптыр" деген негизсиз ушактар да айтылууда, бул туура эмес. Андай фактылар байкалган жок.
- Мурда соттордун ишине ыраазы болбогон тараптын даттануулары көңүл сыртында калчу. Эми муну сиздер көзөмөлдөп турасыздарбы?
- Албетте көзөмөлгө алабыз. Жарандык коомдон келгендердин арасында юристтер гана эмес, башка кесиптегилер дагы жүрөт. Бул ишке багыт алгандан кийин соттордун акыйкатсыз чыгарылган чечимдери аныкталып калууда. Ал эми билим деңгээлин көрсөтө албаган соттор да чыгып атат. Бизде дайындоодогу кыйынчылык, иликтөөлөр жогорку сот менен облустук соттордо болууда. Жергиликтүү соттор ар бир чечимге өздөрүнүн керт башы менен ишти караган судья жооп берет. Облустук сотторго келгенде мыйзам бузуулар болсо дагы "биз жамааттык чечкенбиз" деп ар бири жоопкерчиликтен оолактап, бир адам моюнга албайт. Башаламандыктын баары жогорку сотто, аны аныктоо да кыйынга учурайт. Алар дагы жамаат менен чечим чыгарганбыз деген жооп узатышат.
- Жеке бир адам акыйкат чече тураган же жоопкерчиликти моюндаган системаны алып келүүнү сунуштайсыздарбы?
- Алгач сотторду дайындагандан кийин мыйзам чыгаруу жыйынына сунуш киргизели деп атабыз. Ар бир ишти караган сот отурумунда доклад кылган судья ошол ишке керт башы менен жооп бериши керек.
- Сотторду дайындоо кеңеши мурда сот тармагында болгон коррупциялык элементтерди азайтууну көздөшөт эмеспи. Бул коррупцияга каршы күрөшү кызматындай, кайра эле кеңеш өзү коррупцияга аралашып кетпешине кепилдик барбы?
- Коррупциялык система түзүлүшүнө жол берилбейт. Себеби, сотторду дайындоо кеңешинде ар бир фракциянын өкүлдөрү отурат.
- Коомдук уюмдар каршы чыгып, ал ортодо митинг да кылып жиберишти?
- Коомдук уюмдардын айтуусу боюнча, өздөрү койгон талабына ылайык келбеген башкача чечим кабыл алынды деп нааразы болушууда.
- Сотторду дайындоо кеңешинин мүчөлөрү мамлекеттин каржылоосунда болобу?
- Мамлекет тарабынан каржыланбайт. Муну депутаттарга сунуш киргизип атабыз. Бизге келип иштеген соттордун айлыгы сакталып атат. Биз жарандык коомдон келгендер, адвокаттар ж.б. айлык каралган эмес. Жарандык коомдун кызыкчылыгын көздөгөн топ каржылоосуз калат.
- Жарандык коомдон келген кеңештин мүчөлөрү башка жумушта иштегенге мүмкүнбү?
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегенге болбойт. Илим-билим тармагына же мугалимдик кесиптегилер ишин улантса болот.
- Сотторду кызматтан алып кою кеңештин укугуна киреби?
- Эгер элден арыз түшүп, сот ишинде мыйзамсыз фактылар катталса соттор кеңеши карап чечим чыгарып, ошондо кызматтан ала алабыз. "Соттор-коррупционерлер" деп кайрылып, кат жазгандар бар. Аларды фактысы жок үстүртөн паракор деп атоо туура эмес. Качан гана пара алганы же мыйзамсыз ишке барганы аныкталганда чара көрүлөт.
Азамат Жетишбаев




  Маалым-ат

Талапкерлердин "тушагы"
Ажо болом деп аңыраңдап аткандар акырындап арасы суюлат. Талпынган талапкерлер мамлекеттик тил боюнча экзаменди БШК түзгөн графикке ылайык тапшырышат. Программасы жок, жөн жерден гана пайда болгон козу карын талапкерлер өз программасын жазуу түрүндө өткөрөт, андан соң оозеки айтып жана комиссия даярдаган текстти окуйт. Текстти жазууда бештен ашык ката кетирсе борттон ары кулайт. Шпаргалка колдонгон талапкер сынактан четтетилет.

Чет элдик коомдордун былыгы билинди
"Мамлекеттик каржы полициясы тарабынан Улуттук Кызыл Жарым Ай коому 2008-жылы ноябрь айында Чоң-Алай районунун Нура айылындагы жер титирөөдөн жабыркаган элге жөнөткөн гуманитардык жардамдан пайда көргөн фактыларын аныктады. Текшерүүнүн натыйжасында аталган эл аралык кайрымдуулук уюмунун кызматкерлери жалган документтерди түзүшкөндүгү ачыкталды. Мамлекеттик каржы полициясынын маалымат кызматы 17-августта тараткан билдирүүгө ылайык, 2008-жылы Улуттук Кызыл Жарым Ай коому Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Нура айылындагы жер титирөөдөн жабыркаган жашоочуларга гуманитардык жардам жеткирген. Бул жүктү М.С. деген кызматкер жеткирген. Бирок, кагазда анын жүктү жеткирген кызматы үчүн 120 миң сом төлөндү деп жазылган менен М.С. 80 миң сом эле алгандыгын айткан.
Ошондой эле 2008-жылдын сентябрында Улуттук Кызыл Жарым Ай коому тарабынан Ж.Д. деген жаранга 2 919,8 сом берилген. Бирок, Ж.Д. бул акчаны албагандыгын жана кол койбогондугун далилдеп берген. Мындан тышкары УКЖАК "Азия Банкы" аркылуу "Ильмаг" ЖЧКга 30 миң бөтөлкө минералдык суу үчүн алдын ала төлөм катары 600 миң сом которгон. Бирок, УКЖАКнын жетекчисинин орун басары Ч.Инин билдирүүсүндө, бул минералдык суулар аймактык өкүлчүлүктөргө жеткирилген эмес.
Бул фактылар боюнча мамлекеттик каржы полициясы тарабынан УКЖКнын тийиштүү кызматкерлерине КР КЖКнын 171-беренеси боюнча кылмыш иши козголду" деп жазат "Кабар" агенттиги.

ОРИ айым саясатчылардын келечегине балта чаптыбы?
ОРИ (Отунбаева Роза Исаковна) Кыргызстанга биринчи айым-президент болгону эл жапатырмак сүйүндү эле. Борбордук Азиядан чыккан биринчи аял-президент, бул жакшы саамалык дешип. Гендер саясатынан биз алдыга озгондой болгонбуз. Буга сыймыктана баштаганбыз. Чын эле сыймыктанчу иш. Бирок, ОРИнин бир жарым жылдык башкаруусуна, андагы баш аламандыка, анархия менен хаоско, кыргыз мамлекеттүүлүгүнө жарака кеткендигине жаны ачыган кыргыз эми мындан кийин аялдан президент шайлайбы деген суроо туула баштады. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн, Жаңыл мырзадай кыргыздын кыйын кыздарынын келечегине ОРИ балта чаап койбодубу? Мындай суроону Чолпон Жакупова өңдүү саясатчылар ачык эле коё башташты.

"Мекенибиздин келечеги балдарда" акциясы
20-август күнү саат 18-00дө Кожомкул атындагы Спорт ордосунда "Мекен Жаштары" демилгечи тобу "Oigon.kg" сайты менен биргеликте "Мекенибиздин келечеги балдарда" деген аталышта кайрымдуулук акциясын өткөргөнү жатат. Балдар биздин келечек, биз мурас калтырчу урпак, ошолордун турмушу азыркы учурда кыйындап келет. Акыркы убактарда алардын көбү билим албай көчөдө араба түртүп, кайыр сурап жүрүшөт. Ошол билимсиз өскөн балдар кийин кантип турмушун оңоп кете алат? - деген суроо жүрөктү оорутуп келет. Бул гана эмес балдар үйүнө да көңүл көп бөлүнбөйт, бөлүнсө деле алар ата-энелик мээримсиз чоңоюп, эненин мээримине муктаж болуп келишет. Эгер кимде ким кичинекей балдардын келечегине кайдыгер карабаса акцияга келип катышыңыздар. Акцияга катышуу үчүн колуңуздардан кандай жардам келсе алып келсеңиз болот. Мисалы; оюнчук, кийим-кечек, окуу куралдары, таттуу белектерден алып келип, мекенибиз оор кыйын убакта турганда улуубуз кичүүбүзгө, барыбыз жогубузга, колубуздан келген жардамыбызды аябай "Бир жакадан баш, бир жеңден кол" чыгарып, "Ар бир атуулубуздун көйгөйү, жалпыбыздын көйгөйүбүз" деген ураанда жашап, бул кыйынчылыктан сабырдуулук, чыдамдуулук менен чыгып кетүүбүзгө ар бирибиз Кудай астындагы атуулдук милдетибиз. Сиздин жылуу мамилеңиз балдарга чексиз кубаныч тартуулайт жана алар ошого муктаж экенин унутпаңыз.

Уюштуруу тобу.