Жаңы жүз

Элвира Ташпаева, акын:
"ЫР ДАГЫ ПЕРИШТЕ СЫМАЛ, АЗДЕКТЕШ КЕРЕК"
Кыргыз эли өнөрлүүлөргө бай келет эмеспи. Алардын бири бүгүнкү " Жаңы жүз" рубрикабыздын коногу жаш акындардын катарын толуктап, жаңы канат күүлөп келе жаткан жаш акын кыз Элвира Ташпаева болмокчу.

- "Аккан арыктан суу агат" дегендей үй-бүлөңдө акындык өнөргө жакындар барбы, деги эле чыгармачылыгыңа түрткү берген адамдар кимдер?
- Баамымда чоң тайларым чыгармачылыкка жакын болгон экен. Ал эми окуучу кезимде Зейнеп Кудайбергенова деген эжекебиз чыгармачылыгыма жакшы түрткү берген. Андан тышкары Бишкек гуманитардык университетинин алдында түзүлгөн "Ак дил" чыгармачылык жаштар клубунун жетекчиси Чынара Салиева эжекебиз дагы тарбиясын берип келет. Ошондой эле чыгармачыл инсандарга кеңеш сурап кайрылып турам.
- Кайсыл акындын ырлары жандүйнөңө жакын жана сүйүп баалаган акындарың ким?
- Баарыбыз билген айтылуу Алыкул Осмонов, Байдылда Сарногоевдин ырларын кайталап окугандан тажабайм. С. Эралиев, С. Жусуев, А. Дегенбаева, Г. Момунова сыяктуу дагы бир топ улуу акындардын ырларын сүйүп окуйм. Дүйнөлүк поэзияда болсо Омар Хайям, Саади Гүлистандын ырлары жагат.
- Улуттук Жазуучулар Союзунун алдында түзүлгөн "Жаңы толкун" адабий клубунун мүчөсү экенсиң, ал клубда кандай иштерди алып барасыңар?
- Бул "Жаңы толкун" клубу жаңыдан өсүп келе жаткан чыгармачыл жаштардын жаркын келечеги үчүн түзүлгөн клуб. Биз жумасына эки ирэт чогулуп ырларыбызды окуп, адабият майданында маек куруп, улуу акындардын мааракелерин Коомдук 1-канал менен биргелешип өткөрүп турабыз.
- Ырларды кандай учурда жазасың жана кайсыл темага басым жасайсың?
- Ырларым өзүмдүн купулума толбогондуктан кээде ыр жазбай эле койсомбу деген ойлор келет. Бирок, көкүрөгүмдү бир нерсе өйүп, башкача сезимдерге туш боло берем. Демек, бул ырдын жарык дүйнөгө келээр мезгили. Ыр дагы периште сымал аздектей турган нерсе. Ырларымды окуган адамдардын айтуусу боюнча ыйман, табият жана сүйүү темаларына көп кайрылат экенмин.
- Улуттук Кыргыз радиосунан дагы сенин даярдаган уктурууңду угуп жүрөбүз...
- Ооба, "Жаштык, жаштык" деген уктурууну даярдайм, бул жерде улуу адамдар иштешкен жана иштеп келишет. Бул жер мен үчүн абдан ыйык жер, ушундай жерге алгач шакирт болуп, жакшы нерселерди үйрөнүп көп эмгектерди жасасам деген тилектерим бар.