Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Үч собол?

- Президент болот элем дегендердин саны арбып баратат. Татыктуусу, татыксызы да бар дегендей. Президенттике ким татыктуу деп ойлойсуз?
- Бажы союзуна кирүү же кирбөө маселеси турат. Кыргызстан кайсы өлкөлөр менен мамилелеш болуш керек деп ойлойсуз?
- Үшкүрүк деген эмне?

Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер:
- Президентик шайлоого саналуу күндөр калды. Бирок, бул болот деп айтпай турайын, кырктан ашып бара жаткан талапкерлердин арасынан 3-4ү алдыга баратат. Мыйзам боюнча мен алардын аттарын айта албайм. Анткени, мени сыйлаган талапкерлерди отко салып жатпайынбы, кийин сотко берип чатакташып калышыбыз мүмкүн. Калгандары өздөрүнүн саясий иштери менен элге анча таанылган деле эмес. Талапкерлердин баардыгы катталгандан кийин эң татыктуусун аныктоого болот деп ойлойм.
- Бажы союзуна кирүү түздөн-түз жакшы ой. Бирок, чакан бизнес менен иштеп жүргөн Кытай тараптан арзан буюм алып келип, Россияга кымбат кылып сатып иштеген жэрдештерибизге кичине кыйынчылыктарды алып келерин жашырбай эле койолу. Бирок, башка мамлекеттер менен иштешкенибиз жакшы. Барыбир ошондой чоң мамлекеттер менен соода сатык кылып иштешип, чек арабызды ачык коюп алардан бизге товар алып, бизден аларга кетип турса жакшы эле болот. Жок дегенде үч-төрт чоң мамлекет менен биригип калсак бизге жаман болбойт.
- Адамдын ичинде оң жана терс энергиялар дайым толтура болот. Турмуштагы күнүмдүк кемчиликтер бизге дайым эле жага бербейт. Кээде капа болобуз, арманыбыз ичибизге толуп кетет, ошондо кайгыңды эч кимге айтпай бир үшкүрүп алсаң жеңилдеп каласың. Бирок, үшкүрүктөн абайлаш керек. Кыргыздар үшкүргөндү жаман көрүшөт эмеспи, андан көрө ачык айтып жарылып алган жакшы.

Марат Токоев, "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы:
- Мен саясатка аралашпаганга аракет кылам. Себеби, менин жообум бирөөнө жагышы мүмкүн, бирөөнө жакпай калаттыр. Кимиси болсо да президенттик мандатка татыктуу болсо дейм. Эң башкысы элди алдабаган Кыргызстанды алдыга көтөргөн адам болсо жакшы болор эле.
- Негизи биздин экономикалык акыбалыбыз өзгөчө Казакстанга, Орусияга байланыштуу болуп жатат. Өзгөчө күйүүчү май заттары боюнча, ошондой эле эмгек мигранттарыбыз ошол өлкөлөрдө жүрүшөт. Бажы союзуна кирбей койсок бизге көп залакасын тийгизип коюшабы деп ойлом. Ошол эле учурда биз кайсы бир убактарда КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп бүткүл дүйнөлүк соода уюумуна кирип алганбыз. Ал жакта өздөрүнүн талаптары бар, бажы уюуму канчалык деңгээлде бири-бирине шайкеш келет бир жагынан алардын залакасы тийеби же тийбейби аны жакшылап караш керек.
- Үшкүрүк деген негизи жаман деп коюшат го. Адам чарчоодон, бир нерседен көңүлү калганда, кыйналганда үшкүрөт. Учурда болуп жаткан нерселерге багынуудан тажаганда үшкүрөт деп ойлойм.

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер:
- Президенттикке коюп жаткандардын бардыгына калыс сөзүмдү айтат элем. Булардын баардыгы Акаевдин доорундагы уурдап тоногон, элдин эсебинен байыган, байлыка тойбогон Акаевдин мыкты окуучулары деп айтат элем. Ошол эле Акаев менен Бакиевден үйрөнгөн иштер болуп жатат.
- Буга даярдык көрүп, эсеп-чотту тактап туруп анан чечим кабыл алыш керек. Бир убактары Акаев саясий упайды топтойм деп дүйнөлүк соода уюмуна Кыргызстанды киргизген. Кыргызстан зыяндан башка бир тыйын да пайда көргөн жок. Айтып жатканымдын себеби мындай болду Өзбекстан менен Казакстан Европадан келген азык түлүктү переэкспорт болот деп чек аралардын баарын катуу жабышкан. Чек аранын берки жагында жашаган элдердин соодасы жүрбөй калды, бул чоң зыян. Мисалы, европа өлкөлөрүндө дыйкандарга атайын акча бөлүп жардам беришет, ошол үчүн алар банкрот болушпайт. Ал эми биздин дыйкандарга өкмөт тарабынан эч кандай акча бөлүнүп берилбейт, жардам дагы көрсөтүлбөйт. Ошол үчүн биздин дыйкандарга чоң эле залакасы тийип жатат. Россия менен Казакстан бүгүнкү күнгө чейин дүйнөлүк соода уюмуна кире элек. Ал эми биз саясий упай топтоо менен кирип кетип ошонун азабын азыркыга чейин тартып олтурабыз. Бажы биримдигине киргенде эч жакшылык көрбөйбүз.
- Эми адам баласы чарчаганда үшкүрөт. Бирок, муну кыргыз эли эзелтеден эле жактырбайт. Ошол үчүн үшкүрбөгөнгө аракет жасайбыз.

Айгүл Касымалиева, врач:
- Президенттикке талапкерлердин арасынан эң эле татыктуусу деп Өмүрбек Суваналиевди ойлойм. Менимче кыргыздын Каттаниси башынын эле коррупция менен күрөшүп келген, таза саясатчы. Азыр биздин өлкөгө темирдей бекем тартип, мыйзам керек. Биз ойлогон тартипти Суваналиев аткара алат деп ишенем.
- Бажы союзуна киребиз, кирбейбиз болуп талашып жатабыз. Бирөөсү жакшы жагын айтса, экинчиси жаман жагын чукуп чыгып айтор, элдин башын маң кылышты. Биздин мамлекет дүйнөдөгү ири империялар Россия менен Кытай мамлекеттери менен мамилебизди жакшыртсак жакшы болот го деген ойдомун.
- Үшкүрүк деген ичтеги таза эмес абанын толуп кетиши. Кыргызда үшкүрсө, үшкүрбө көйнөгүндү уй жегир деген сөз бар. Адамдар көбүнчө ою бир жерде болбой, кыжаалат болуп турган мезгилде үшкүрүшөт.




  Мурас

Адамзатта аты улук, манастан ураан чакырдык
- Манас Атабыздын үйүн курсак болобу?
Эгемендик алганыбызга 20 жыл өтсө да улутубуздун уңгусу, сыймыгы болгон Манас атабызга алгылыктуу мамиле, сый-урмат кыла албаганыбызга өкүнүп келебиз. Эмгиче борбор калаабызда Манас атабызга арналган үй жок экенине, куралбаганыбызга аттиң дейбиз. Эми да кеч эмес. Андыктан редакторубуз Керим Айдаровдун сунушу менен "Асман пресс" гезити ушул маселени көтөрүүнү чечти. Адегенде коомчулуктун оюн билели дедик. Андан соң максатыбыздын пайдубалын түзүүгө аракет болоор.

Талант Календеров, зергер:
- Көтөргөн идеяңар жакшы экен. Кыргызды кыргыз кылып тааныткан Манас атабыз менен Чынгыз атабыз да. Андыктан Манас атабыз үчүн үй ачып коюу ашыкча болбойт. Азыр бары эле каражатка келгенде мокоп калаарыбыз бештен белгилүү. Кыргызда мыкты патриот агаларыбыз өз салымын кошуп, сиздердин идеяны колдоп каражат жагынан көмөк көрсөтүп беришсе бул маселе оңой чечилмек деп ойлойм. Ал эми үйдү жакшы дизайнер, архитекторлор менен кеңешип куруу кажет. Чет жерден келген меймандар Манастын үйүнө барганда кыргыздын ким экенин билип чыккандай болуш керек.

Жылдыз Кыдыралиева, котормочу:
- Таластагы Манас музейи бар. Ошону кеңейтиш керек. Эгерде бул жакта болсо азырынча тарых музейинде атайын бир этажды ачыш керек. Мисалы, тарых музейиндеги совет доорундагы кыргыздарга тиешеси жок нерселер көп ошолорду реконструкциялаш керек. Негизи дүйнөлүк шедеврге айланып чет элдик адамдарды кызыктырып келген Манас эпосу өзүнчө бир имаратта жайгашканга татыктуу. Албетте, совет доорунда кыргыздарда тарых болгон дечи бирок, өзүбүзгө гана керектүүлөрүн алып калып калгандарын биздин сыймыгыбыз болгон Манас бабабыз жөнүндө кылышыбыз туура. Бирок, өлкөбүз азыр бюджет жагынан бир аз аксап турганда тарых музейине эле жайгаштыра турганыбыз оң. Себеби, Ала Тоо аянтында курулуп жаткан айкелге да бүгүнкү күндө сын көз караштар айтылып жатат.

Уланбек Султангазиев, актер :
- Негизи Манас атанын сөөгү кайсыл жерде жатканы анык негиз жок. Биринчиден, Манас атанын ысымын борборубуз Бишкекке алмаштыруу зарыл. Экинчиден, ысымын борборго ыйгаргандан кийин үйдүн ушул жерде болгону дурус. Мени кубандырганы эркиндик эстелигинин ордуна Манас атанын айкелин орнотуп жатканы туура болду. А үй чындап ачылса аны бир күн көрүп бүтө албагандай, кенен курса сонун болот эле. Анткени, Манас эпосу өтө чоң, сөз менен айтып бүткүс, ошондой эле көз менен көрүп бүткүс кылып салынса ар бир кыргыз атуулуна мен кыргызмын деген патриоттук күч кадимкидей жүрөк түпкүрүнөн өрдөп чыгаар эле.

Улукбек Капарбеков, журналист:
- Албетте, Манас үйүн курса болот. Манас үйүнө борбор калаадан ыңгайлуу жерди тапса болот. Анткени, Манас эпосун гана эмес, Манас деген кыргыздын баатыры бар экенин дүйнө эли ошол үйдөн көрүп турушу керек. Кыргыз эли революция жасаган жагыбыз менен элге таанылсак, экинчи жагынан Манас эпосу менен таанылып жатабыз.

Мээрим Калмырза кызы





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
Яндекс.Метрика