Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Сариев эч кимди жарытпайт
Дымагы аттын башындай саясатчылардын бири Темир Сариевдин саясий карьерасына кыска экскурс жасаган киши өтө эле кызыктарга туш болот эй. Бул киши былтыркы ыңкылаптан кийин кокусунан эле үч айга каржы министрлигине олтуруп калып бюджеттин олчойгон дефицитин түзүп, "распилге" катышкандан башка бир дагы мамлекеттик кызматтарда иштебептир. Акаев доорунда президенттик шайлоолордо бийликтеги Акаевди колдоп, кийин бүт кыргыз оппозициясы биригип, бир тилге келип, Бакиевге каршы жалгыз Атамбаевди колдойлу десе Темике калп эле айныкесин карматымыш этип, анын добушун бөлүп, Бакиевге жардам берген. Эми болсо дагы эле бийликтеги Атамбаевдин арыгын чаап, анын кандидатурасын колдоп, биринчи-вице болосуң (дагы билишибизче Атамбаев Бишкек мэрлигин да убада кылыптыр) десе ошого ишенип, бийликти бербейбиз деп эт-бетинен кетип, чуркап жүрү.


Көлбаевди апкелишти
Араб өлкөсүндө жашырынып жүргөн "вор в законе" Камчы Көлбаев жана анын оң колу Алмамбет Анапияев жакында колго түшкөнү туралуу ИИМ өзү кармап алгансып сүйүнчүлөгөн эле. Анан Көлбаевдин андан аркы тагдыры туралуу кеп айтылбай калган. Эсиңиздерде бардыр Көлбаев "наркобарон" аталып Америка президенти Обаманын тизмесине илинип, эл аралык издөөдө жүргөн эле. 9-августта Дубай-Бишкек 454-каттамы менен Бишкеке алынып келинди. Билишибизче жылчыксыз араб түрмөсүнөн чыгарына көзү жетпеген соң Камчы Кыргызстанга келүүгө өзү суранып, аны ИИМ аткарды дешүүдө. Бул дагы мына иштеп атабыз кыязында азыркы бийлике шайлоо алдындагы пиар болуп бералат. Азырынча ИИМ Көлбаевди апкелдик деп жамы журтка мактана элек.


Бакиевди кайталаган Атамбаев
2009-жылы президент Бакиев "Жетим-Тоо темир кенин кытайларга иштетүү үчүн берели. Инвестиция келсин, казынага акча түшсүн, кыргыз-кытай темир жолу курулсун" деп кууланганда бүгүнкү президент Роза Отунбаева баш болуп, премьер Алмаз Атамбаев төш болуп "Бакиевдер Жетим-Тоону кытайларга сатканы жатат, биз буга жол бербешибиз керек, Жетим-Тоону өзүбүз иштетебиз" деп айкырып чыгышкан. Анан ойлогон ою ишке ашпай К.Бакиев качып кетти. Ал эми бүгүнкү бийликчи? Кечээ Алмаз Атамбаев баштаган өкмөт жаңы токтом токуп, запасы миң жылга жетчү Жетим-Тоо темир, Сандык алюминий жана Терек-Сай алтын кендерин дүңү менен Кытай жана Россия мамлекеттерине сатышып жатканы маалым болду. Шумдугуң кургурлар, К.Бакиев жалгыз бир Жетим-Тоону сатканы жанталашса, булар оптом үч кенди соодалашканы неси? Айткандары баягы эле Бакиевдин суу кечпеген аргументтери-түшкөн акчасына темир жол курабыз дейт. Курбай куруп калгырлар, кудайдан корксоңор боло! Баягы Роза апчебиз эми эмнеге оозуна талкан сугунуп алгансып унчукпай калган? Же оозун майлап "Мобуну алыңыз да, тынч отуруңуз" деп коюшканбы?


Атамбаев тегин таптыбы?
Өткөндө премьер-министр Алмазбек Атамбаев Баткенге барып, элдин алдына чыгып сүйлөп жатып дагы бир жолу элдин оозун Ошту каратты. "Менин түбүм баткендик ичкиликтерден болот. Менин аталарым Асанбай, Атамбайдын бир тууганы Калматай ушул Баткенде жашайт. Жашы жүзгө чамалап калды" дептир. Атамбаев мындай сөздөрдү кайсы логика менен кайсы максатта айтканын ким билсин, балким түштүк электоратын өзүнө имериш үчүн айтып жаткандыр. Бирок, түндүктүк саясатчылардын арасында Өмүрбек Текебаевди "оштук сарт" деп атаганын гезиттердин бири жазып чыкпады беле. Ал кемсинтүүгө чычалаган Текебаев Атамбаев менен чоң разборка кылганын укканбыз. Демек, бул сөздү түндүк электораттын добушу үчүн айтып жатабы, түшүнүксүз. Ал эми өткөн бир күнү Келдибеков менен Бабановду эки колу менен кучактап "тең бийлик болдук. Мен ичкилик, Ахмат оң, Өмүрбек сол" деп айтканы бар. Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик ачка өлөт деген сөз бар эле кыргызда.


Каптагаев чыры
Бир кезде Каптагаевди тууганчыл бий экен, бүт жакындарын бийлике коюп, сыйлык алпберип атат деп жазсак чычалаган. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи, айтылган кептин чыны болорун баамдап эле жүрөбүз. Баса, Салянова башпрокурор болгондо таң калганбыз, бу айым Текебаев менен жакын эле кантип азыркы бийлике жакын болуп калды деп. Көрсө тамырдын учу башка жакта тура. Каптагаев менен Салянова куда экен. Калыс прокурордой түр көрсөтүп, бийликтин бир бутагын тээп турган Ташиевге тиш кайраса, ойбой азамат го бу дегенбиз. Анан негедир эле Каптагаевдин баягы ажы чыры чырылдабай калды. Каптагаевге бу айым неге кабак бүркөбөйт десе, көрсө ушундай экен да.


Марат Султановдун мандеми
Марат Султанов президент болот элем деп Түлеевдин артынан ээрчип бүт өлкөнү кыдырып жүрөт. Дымагы болгон менен мандеми аз окшойт. Башында башкалар унчуга электе чабал өрдөк мурда учат болуп жарыя кылып алып, акыркы кездери дымып эле калды. Москвага бара берип да тажады көрүнөт. Күлүк ат күндө чуркайт, а Макең болсо магдырай түштү. Билермандардын айтымында Макеңде шанс жок. Түштүктү Ташиев менен Мадумаров "майкандап" кетет. Кайын журт жактан Равшан Жээнбеков аттанам деп туру. Түндүктөн Түлеевге ишенип атты эле, бу киши да шайлоого шайланып 14-августа талапкерлигин койгону турат. Баса, шыбың-шыбың кеп уктук, Түлеев Суваналиев менен тандемдеш болууга ынанып атыр деп уктук. Катани жарым жолдон ойт берип ийчү эле, бу саам кантээр экен?


"Асман пресс"




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
Яндекс.Метрика