Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Бирбүркүм

Балбалактаган Бабанов
2005-жылы атактуу криматалык Рысбек Акматбаев жаш бизнесмен депутат Өмүрбек Бабановдун артынан түшүп, салык төлөтүп, анан "жер төлөгө камап, акесин таанытам" деп калганда жүрөгү түшүп, өңалеттен кеткен Өмүрбек Бабанов ага издеп, жан соогалап кадимки Каттанинин артына жашынып аман калган эле. Эми үч жылдан кийин биринчи вице премьер-министр болгон Бабанов анын баарын унутуп, бүгүн эле асмандан түшө калгансып "Суваналиев президенттикке идеалдуу кандидат. Бирок, акчасы жок, өтпөйт" деп мурдун чүйрүп жүрүптүр. Өмүрбек Токтогулович элдин баарын эле өзү сыяктуу бүт нерсени акча менен сатып алса болот деген ойдо жүрсө керек. Кантсе да балалык кылып барбалактай бербей эртеңки бийликтен түшкөндөн кийинкисин да ойлой жүрсө болмок экен. Өз агасын агалай албаган өзгөлөргө сагалайт дегендей болбосо эле болду.

Текебаев Таластыктарды "тепти"
Кээде туруп Текебаевдин куулугуна тан бересиң. Өзү акыйкаттыкты жар салып, ар кимди сындаса тили жер шыпырат. Бирок, өтө эле сөз көтөрүмү жок, чычалак адам. Айрыкча бирөө ага сын айтса теригип кетет. Бая күнү партиясын чогултуп, филармониядан ажолукка аттанганга бата алам деп эл чогултуп, ошол жерден таластык делегаттарга сөз бербей койду дейт. Кыязы дөөпөрөс чалыш соратниги, Манас атабызга шек келтиргенден башка колунан эч нерсе келбеген Өмүрбек Абдрахмановго асылып, аны партиядан чыгарабыз деп кыйкырышат деп чочуласа керек. Анткени, мурда таластыктар Абдрахмановду кетирүү демилгесин көтөргөндө Текебаев жым-жым кылып басып койгон. Текебаевди 5 жыл бою Бакиевдин оту менен чогунан катуу коргоп келген Талас элинин өкүлдөрү суу сепкендей эле болушуп абдан чуу чыгарышкан экен, айлалары кеткенде Элүүбай Отунчиев деген жазуучу аксакал сөз сүйлөп, Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахманов ар башка сүйлөп, партиянын ичин иритип жатат деп тигилерди кабыргага катуу нукуптур. Кичимекенинде кадыры нөл болгонуна карабай Текебаевди катуу коргоп келген таластыктар мындан ары ага ишеним көргөзбөйбүз, бөрү баласы ит болбойт тура деп Чиркеш аксакалдын уулун жарга такап жаткан чагы экен. Текебаевдин ишенген таянычы Талас эли болчу. Ош, Жалал-Абаддан былтыркы июнь окуясынан кийин кадырын биротоло жоготуп, түштүктө Текебаевди муштум түйүп сөккөндөр толтура. Абройлуу "Ата Мекен" айласыздан Абдрахмановдун абийир ачкан сөзүнөн кийин алсырай түштү. Эми шайлоодо упай топтоп, Текебаев ажо болушу өтө эле арсар. Мурдатан партиянын ысык-суугуна күйүп, Акаев, Бакиевдин тепкисин жеген мүчөлөрү тиш кайрап, "Абдрахманов арабызга келген тыңчы окшойт, эми шайлоодо өзүнчө кетип, Равшан Жээнбековго жан тартат экен" деп нааразы.

Сепаратисттер Сулаймановду каралаганда
Былтыркы июнь окуяларында Ошто от кечип жүргөн Алтынбек Сулаймановду өзбек сепаратисттери бир жылдан бери ар түрдүү чет элдик басылмаларда улутчул деп күнөөлөп келе жатышат. Ага эч ким ишенбей койгондон кийин айласы кеткен өзбек сепаратисттери Кыргызстандагы ашынган шовинисттик басылма болуп эсептелген "Белый парус" сайтына заказ менен каралоону башташыптыр. "Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман" дегендей, өзүбүздүн арабызда эле кыргыздын жамандыгынан жакшылыгын көп көргөн бул басылма кечээ 8-августта депутат Алтынбек Сулаймановду Ноокат районунун салык кызматкерин өлтүрүүгө катыштыгы бар деп жазышыптыр. Биздин укканыбызга караганда азыркы күндө Алтынбек Сулаймановдун адвокаттары "Белый парус" сайтын сотко берүүгө документтерин даярдап жатышкан чагы.

Ажолука арсар "Республика"
Республика партиясынын курултайы болбой калды. Анткени, партиянын ичинде төрага Бабановго карата оппозиция аны төрагалыктан оодарып түшкөнү даярданып жатканын сезгенден кийин колдон келишинче аракет кылып курултайды болтурбай, анын ордуна 8-августта партиянын саясий кеңешин гана өткөрүптүр. Себеби, төраганы оодаруу курултайдын полномочиесине кирет имиш. Ошентсе дагы партиялаштары төрага Бабановду жарга такап, сүйлөтпөй, сунуштарын колдобой, ага каршы бир катар чечимдерди кабыл аышып, Бабанов мырзанын айласын кетиришиптир. Себеби, партиялаштарына Өмүрбек мырзанын Атамбаевге партиянын атынан өзүнчө эле жүгүнүп, каалаган адамдарын каалаган жерге дайындатканы, коррупциялык системаларга катуу аралашып, партиялаштарын уятка калтырганы жакпай калыптыр. Анан калса Алмаз Атамбаевди күздөгү шайлоодо катуу колдойлу деп Бабанов сунуш киргизсе партиялаштары теңирден тескери кетип, Бакыт Төрөбаев менен Канат Исаевди көрсөтүшкөн экен. Биринчиси баш тартып, экинчиси ойлонууга убакыт сураптыр. Ал эми ачык кайрылуусунда партия президенттик шайлоого катышпай, өлкөдөгү кырдаалга бек туруп, ишмердүүлүгүн улантарын айткан. Ичинен бул партия да солкулдап атканы менен, башка партияларга караганда ынтымактуудай сезилип, бир жеңден кол чыгарып атышат азырынча… Бир тобу ажолукка аттанбай калдык деп капа болсо, жарымы азырынча бул тууралуу маселе козгобой туралы, шайлоого чейин али көп убакыт бар деп тарап кетишти.

Авиация аймагындагы карышкырлар
Кыргызстан жарандык авиациясын Акаев менен Бакиев доорлорунда кара мафия менен коррупция жөргөмүштөй курчап, Евросоюздун "кара тизмесине" кирип, толугу менен талкаланып, чет элден келген авиаторлор ээлеп алганы баарына белгилүү. Эми былтыркы апрель ыңкылабынан кийин жаңы бийлик ушул авиакоррупциянын балтырына балта чабабы деген карапайым авиаторлордун акыркы үмүттөрү биротоло үзүлдү. Жаңы бийлик авиация менен такыр тааныштыгы жок Нурдинбек Жолдошев деген бирөөнү алып келди эле, анысы эт менен челдин ортосундагы бир байкуш экен, тез эле акчанын кынабын таап алганын айтып жүрүшөт. Кыргыз авиациясын кара тизмеге киргизген Александр Астионов, Бакыт Жунушалиев, Алик Аскаров, Таалайбек Океновдор Нурдин Жолдошовду түз эле ар түрдүү схемаларга киргизип, адал жолдон азгырышыптыр. Бирок, Жолдошов жакында кара тизмечилер өзүн шылдыңдап, схемалардан түшкөн акчалардын 10 пайызын эле берип жатканын түшүнгөндөн кийин чыр чыгып, азыр Бакыт Жунушалиев жарандык авиация департаментинин директорунун орун басарлык кызматынан алынды. А карапайым авиаторлор кайда барсаң мамайдын көрү деп баш чайкап, тигилердин устукан талашын карап отурушкан чагы экен.

"Асман пресс"








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
Яндекс.Метрика