Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Балалыкка кайрылуу

Темирлан Сманбеков, мамлекеттик куурчак театрынын мүдүрү:
"Көчө шыпырып, театрдын полун жуудум"
Булак
- Балалыгым алыскы Кетмен Төбө өрөөнүндөгү, Булак деген айылда өттү. Булак деп аталып калганынын себеби, тоонун бетинен аябай кооз, мөлтүрөп, жаратылышка өзүнчө көрк берип турчу булактар чыгып турат. Менин балалык кезим мына ушул кереметтүү кооз айылда өттү. Бала кезде жайдан күзгө чейин чоң атам Сманбек, чоң апам Ракыя менен жайлоого чыкчумун. Жаз чыгары менен малдын баарын чогултуп жайлоого айдап, төөлөрүбүзгө боз үйлөрдү артып, койлорду алдыбызга салып, чүлүк тагынган өгүздөргө палаткаларды жүктөп алып, беш алты үй-бүлө болуп тоого кеткендерибиз баары эсимде. Менин өмүрүмдүн көбү, жаштыгым тоолор, жаратылыш менен байланышып, киндиктеш болуп калган. Жаратылыштын кооздугу, керемет тоолор, мөлтүрөп аккан суулар жан дүйнөмө кандайдыр бир тазалыкты, башкача эргүүнү берет.

Табияттын таасири
- Тоолордо бир аяк жолдор болоор эле. Ошол жол менен чыгып баратканда, булбулдун, бөдөнөнүн сайраганы, шаркыраган суулар, тоолордун бетиндеги сан түркүн гүлдөр, миң түркүн чөптөр менен кучакташып, киндиктеш болуп чоңойдум. Адабиятка, чыгармачылыкка, исскуствого жакын болуп, кээде ыр жаза койгонум, дүйнөлүк классикалык адабияттарды окуп чыкканымдын баардыгы ошонун таасиринен болсо керек. Кээде ат минип алып, жылкыларды, койлорду кайтарган учурлар болду. Бир сөз менен айтканда Кудай Таалам жараткан кыргызымдын тоолору менен, кыргыз жыттанган жерлери менен чоңойдум.

Мектеп
- Мектепте активист балдардын катарында болуп, жакшы окучумун. Ал кезде менде тоок сүйүү деле болгон эмес. Анткени, атам "кийин окууга тапшырып студент болгонуңда деле жетишесиң, азыр окууңду ойлон" дечү. Ал убакта анкета деген укмуш эле. 8-классымда окуп жүргөндө болуш керек 10-класстын кыздары биринчи бетине жазып бер деп анкеталарын көтөрүп келишчү. Азыр ошол кол жазмаларды көргөзүп калышат, укмуш тизип жазылган, ушунчалык кооздолгон калың дептерди көрүп, ошол күндөрдү эстеп күлүп алам.

Студенттик кез
- Москвага студент болуп барганда, Москванын көчөлөрүн шыпырып, кино театрдын полун жууп иштедим. Андагы алган алгач маянам 60 рубль болгон. Ал убакта жакшы айлыктар 60 сом болчу. Ошентип иштеп кор болбой жашадым, акчаны алып көп жерлерге барчумун, музейлерди кыдырчумун, Санк-Петербургга, Болгарияга чейин кетип калчумун. Кыскасы көп жерлерди өз көзүм менен көргөнгө аракет кылдым.

Атамдын каршылыгы, агаларымдын батасы
- Өмүр бою атамды, апамды уят кылбаганга аракет кылдым. Кыргыздын жакшы сөзү бар "Атадан артык уул, атага тең уул, атадан кем уул" деген. Мен атадан артык болбосо да атага тең уул болсом, атамдын атын өчүрбөй чыгарып жүрсөм дечүмүн. Башта атам искусствонун адамы болушума каршы болгон. Менин жолумду жолдоп айылда агроном болосуң дечү. А мен атамдын сөзүн укпай, ЖОЖго тапшырып, Москвага кетип калгам. Атам, биздин урукта андай өнөр адамы жок эле, жакшынакай болуп менин жолумду жолдоп агроном болбойсуңбу деп нааразы болуп жүргөн. Кийин Темирлан Сманбеков деп атым чыга баштаганда, атам ыраазы болуп айтты, "и-ий балам, мен эми түшүндүм. Ушунча кызматта жүрүп мен байкабапмын, менин атымды чыгара баштадың рахмат" деп. Раматылык байкем убагында "сен артистсиң, артист да адамбы дээр" эле. Бирок, кийин агаларым, атабыздын атын чыгара турган адам сен турбайсыңбы дешип батасын беришкен.

Апамдын наны
- Апам Токтогулдан чыккан абдан аристократ Чабыраштуу бий дегендин небереси болгон. Нанды тандырга аябай сонун жапчу. Бышканда кадимкидей жыттачумун. Апам, колуңдан келсе ага туугандарыңа жардамыңды аяба, мындан өткөн бакыт болбойт деп көп айтаар эле. Адам адам менен адам болот деген сөздөрдү көп айтчу. Атабыз болсо аябай бапыраңдаган, жүрөгүндө кири жок киши болчу. Ал эми чоң аталарым конок каадасын күткөн, эл журттун тагдырын ойлогон адамдар болгон. Билимге жакшы карачу, кыздардын баарына билим берди. Үйдөгү баланын өсүшү эне менен байланыштуу, эне канчалык билимдүү, акылдуу, болсо, бала да ошондой болуп чыгат деп айтаар эле. Чоң атам 102ге, чоң апам 104кө чыгып каза болду.






кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
Яндекс.Метрика