Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Сандан-санга

Академик, парапсихолог Лариса Асанбекова
Өзүмдү тапкан жол
Жогорку күчтөрдүн жардамы
Менин сеансым бир күндө үч жолу болот. Биринчи сеанс эртең менен саат ондо, экинчиси саат түшкү бирде, үчүнчүсү кечки саат алтыда башталат. Ар бир сеанска 15-20дай адам катышат. Ал эми сеанс болбогон убакта биринчи келген адамдарды кабыл алып, аларга диагноз коюп, барын түшүндүрүп анан сеанска жазам. Келгендер сеанс убактысын өздөрүнүн убактыларына карап, эртең мененки же түшкү, кечки сеанска келишеби өздөрү тандашат. Каалаган сааттагы сеанска келе бергиле десем кээ бирөө баарыбыз бир убакытка келип алып орун жок батпай калбайбызбы дешип менден көп сурашат. Жок андай болбойт, Жогорку күчтөр барын өздөрү тууралап турат деп аларга ишеничтүү жооп берем. Себеби, иш жүзүндө далай жолу өзүм күбөө болуп, буга ынангам. Алгачкы жылдары пациенттерди үйдө кабыл алчумун. Келген ар бир адамга жекече сеанс өткөргөндүктөн, адамдар сүйлөшүп алгандай биринин артынан бири келишчү. Барынан кызыгы кимге канча убакыт керек болсо ошончо убакыттан кийин экинчиси келчү. Ошондуктан кезек күтүп көпкө тургандар болчу эмес.Мен мындай тартипке өзүм да таң калчумун. Бир жолу кызым мектептен ооруп калыптыр. Мугалими телефон чалаары менен мектепке барайын деп үйдүн ачкычын таба албай эшикти кулпулабастан, кудайга тапшырып кетип калдым. Мектеп үйүбүздүн эле алдында болгондуктан тез эле жеттим. Кызымды врачтар көрүп, укол сайып жардам көрсөтүп жатышыптыр. Биз кайра үйгө келгиче арадан 40 мүнөт өтүп кетти. Биз үйгө кирээрибиз менен көп өтпөй коңгуроо кагылып пациентим кирип келди. Биринчи эле оюма: бул адам мен жокто келип, үйдө жок экенимди көрүп сыртта күтүп турган окшойт, азыр менин келгенимди көрүп келген болуш керек деген ой келип, көпкө күттүрүп койгонума өзүмдү оңтойсуз сезип жаттым. Ал мени менен учурашкандан кийин, мага келатып магазинден он жылдан бери көрүшө элек таанышы жолукканын аны менен бир саатка жакын сүйлөшүп туруп калганын айтып жобурады. Бул сөздөрдү угуп, Жогорку күчтөр мен келгиче бул аялды ээси жок үйгө келтирбей кармап турганын түшүнүп ыраазычылык билдирдим. Мындай мисалдар өтө көп. Ошондуктан керектүү убакта, керектүү адамдарды Жогорку күчтөр өздөрү алып келээрине толук ишенгендиктен каалаган убакытта келе бергиле деп тизме тизбестен элге ишенимдүү жооп берем. Сеанс бир саатка жакын болот. Кээ бирөө сеанстан кийин да ар кандай суроолорду берип, мени менен сүйлөшкүлөрү келип калып калышат. Ошондуктан Шоди Каримовдун сабагына кечки саат сегизде барып түнкү саат бирлерде келип аттым. Окуу аябай кызыктуу өткөндүктөн убакыт тез эле өтүп кетет.
Бир сеанста 2 киллограм арыктадым
Бүгүн сабакка келсем алты аял бар экен. Бардыгынын келбети толук экенин көрүп, арыктатуучу сеанска келгендерин түшүндүм. Мен келээрим менен "мына биздин Богиня да келди, сеансты баштайбыз" деп калды. Мага арыктатуучу сеанс кандай өтөөрүн үйрөтөт окшойт деп ойлогуча, Шоди мага карап сен да сеанска жатасың деп калды. Бирөөнүн денесине таасир бергенди үйрөнүш үчүн өзүңө кандай таасир берээрин билишиң керек. Өзүң денең менен сезип билбесең, башкага түшүндүрүп бере албайсың да, ошондуктан сен да кандай болоорун денең менен сезишиң керек деп түшүндүрдү. Барыбыз таразага түшүп сеанска чейинки салмагыбызды жазып койдук. Сеанс башталганда эле күчтүү энергияны сездим. Шоди тынымсыз сүйлөп жатты. Сеанс 27 мүнөт болуптур. Себеби, сеансты Шодинин айтуусу боюнча диктафонго жаздырып койгонбуз. Диктафонго жазылган сеансты күнүгө каалаган убакытта угуп, өзүңөрчө да машыгасыңар деген. Сеанстан кийин кайрадан таразага түшүп көргөн көзүбүзгө ишене албай турдук. Барыбыздын тең 1,5- 2,5 киллограмга салмагыбыз азая түшүптүр. Менин салмагым 2 киллограмга азайганын көрүп аябай таң калдым. Денем жепжеңил болуп, көңүлүм көтөрүлүп, өзүмдү учуп кетчүдөй сезип жаттым. Салмактары азая түшкөнгө сүйүнгөн аялдар Шодиге миң ырахматтарын айтып коштошуп кеткенден кийин мага сабак өттү.
Эмнеге акча төлөсөң, ошону аласың
Күндөгүдөй эле Шодиге окууга келдим. Баягы аялдар күндөн күнгө салмактары азайып, өңдөрүнө чыгып, келбеттери кадимкидей өзгөрө баштады. Мен күндө алар менен кошо сеанска катышып, андан кийин сабак алып жүрдүм. Баягы биринчи сеанста 2 киллограм салмак жоготкондон бери менде жылыш жок. Салмагым 66 киллограмдан жылбай койду. Менде өзгөрүш болбой жатканына тынчсызданып бул тууралуу Шодиге айттым. Шоди мени күлө карап, "Сен акчаны окууга төлөдүң беле же арыктаганга төлөдүң беле? Же мен алмаштырып алдымбы? деп суроолуу тиктеди. Мен дароо "окууга төлөгөм" деп жооп бердим. Туура, сен акчаны окууга төлөгөнсүң, демек окуп үйрөнүп, канча арыктагың келсе ошончо арыктай бер. Эмне үчүн менден үйрөнгөндү иш жүзүндө иштебей жатасың. Биринчи өзүңө жардам бер, анан башкага жардам бересиң. Колуңдан келбесе айт, анда ошончо эле арыктагың келип жатса жардам берейин деди токтоо жана сүрдүү сүйлөп. Бул сөздү укканда бетим кызарып, уялып кеттим. Бир чети ушул сөздөн кийин намысыма келип чыйрала түштүм. Карап тур, колумдан келбегенин көрсөтпөсөм элеби сага деп өзүмчө ичимден сүйлөнгөнүмдү угуп тургансып, "азаматсың, мен сени ошон үчүн Богиня деп жүрбөйүнбү. Аракет кылсаң сенин колуңдан бары келет" деп далымдан таптап мактап койду.
Орустун аялдары өз келбеттерине көп көңүл бурушат. Ошондуктанбы, жайкы отпускага кеткиче арыктап,фигураларын оңдоп түздөгөнгө акчаларын да, убактыларын да аяшпай эрте жазда даярдана башташат. Ошондуктан Шодинин пациенттери кымбат экенине карабай жетиштүү. Шоди мага " Сен окууга жакшы программаны тандадың. Бардык нерсенин өз учуру менен болот. Сен ооруну айыктырганды жакшы өздөштүрүп, элге жардам берип жатканың жакшы. Эми сен адамдарды оорубаганга үйрөтүшүң керек. Демек, сен эми билгениңди башкаларга үйрөткөн устат болушуң керек деди. Күндө ал мага ар кандай тапшырмаларды берип, кандай аткарып жатканымды өзү текшерип турат. Шоди мени мен тандаган программадан тышкаркы нерселерди да үйрөтүп, кайра мени сыноодон ар кандай кылып өткөрүп жүрдү.
Сынак
Бир күнү эртең менен башым оорлошуп араң турдум. Жуунуп келип, шам жагып жаңы эле ар кандай сүрөөлөрдү окуй баштаганымда Шоди телефон чалып калды. "Кандайсың красавица, башың ооруп жатабы?" деди. Ооба, сиз кайдан билдиңиз? дедим мени биринчи жолу башкача атаганына таң кала. Богиня деп демейдегидей шайдоот сүйлөбөгөнүнө караганда негедир нааразы сыяктуудай сезилип кетти. "Баш ооруну сага мен жиберсем билем да. Демек, защитаң алсыз, күчсүз экен да сенин. Бир саат убакыт берем, баш ооруңду басылтып, защитаңды күчтөнтпөсөң, дагы башка оору жиберем" деп телефонду коюп койду. Өзүмө керектүү сеансты жасап, защита коюп бүткөнүмдү көрүп тургансып Шоди дагы телефон чалды. "Кандайсың, башың басылганын көрүп турам, азаматсың, тапшырманы жакшы аткарыптырсың" деди көңүлдүү сүйлөп. "Сенин защитаңдын алсыз экенин көрүп, атайын терс энергияны жибердим. Элдин барын өзүңдөй ак көңүл көрбө, бул шаарда кара магдар көп экенин келээрим менен билгем. Сени текшерип көргөнүмө таарынган жоксуңбу? Душмандар мага окшоп аябайт, кара энергия менен бир уруп өлтүрүп койсо эч кимди күнөөлөй албайсың. Сактанганды билбеген өзүң гана күнөөлүү болосуң, түшүндүңбү. Бүгүнкү сынактан өттүм деп олтуруп калбай ар дайым сак бол" деп акыл насаатын берди.
Чындыгында буга чейин защитаны кээде койбой унутуп деле калчумун. Ошондон кийин ар дайым ар нерсеге дайым даяр болгонго үйрөнө баштадым. Шоди айткандай бул шаарда кара магдар өтө көп. Кээ бирлери ачык эле "уберу соперника, конкурента, приворожу, отверну" дешип жүрөт. Канчасы пациент болумуш болуп мага келип ар кандай сынак салып кетишкен. Андай адамдар келип кеткенден кийин сөзсүз түрдө дубалап таштап кеткен ар нерсени таап алчумун. Албетте, Жогорку күчтөрдүн жардамы менен.
Шодиге барып жүргөн аялдар көз көрүнөө өзгөрө башташты. Арыктап фигуралары жакшынакай болуп эле калбастан өңдөрү, кыялдары да өзгөрүп, жүздөрүнөн нур чачырап, өздөрүн бактылуу сезип калгандары дароо байкалат. Шоди башка шаардагы шакирттерине барып, бир айдан кийин келем деп учуп кетти. Мага кетип баратып көп тапшырмаларды берип жатып, мага ишенээрин жана дайыма көзөмөлдөп тураарын айтты.
Ишеним арткан устатымдын ишеничин аткарууга бардык аракетимди жасадым. Берилген тапшырмалардын барын аткаруу менен өзүмө да эксперимент жасап, күндөн күнгө салмагым азайып жатты. Бир ай өтүп Шоди эң жакын шакирти Али менен келди. Шоди келгендер менен учурашып мага жеткенде, "Ой, сага эмне болду? Ден соолугуң жакшы элеби? Эмне мынча арыктадың? деп суроо артынан суроо жаадырды. Өзүңүз үйрөткөн метод менен иштедим, бары жакшы, эмне туура эмес иш жасадымбы? деп кайра өзүнө суроо узаттым. "Жок, бары туура бирок, бир айда мынчалык салмак таштаганың туура эмес. Сенин мурунку салмагың деле көп эмес болчу. Алган билимиңди далилдегиң келген экен да, азаматсың" деп мактап, азыр салмагың канча? деп сурады. 58 десем, тезинен кайра 60 киллограмдан ашыр, өтө арыктаганга жаш- курагыңа болбойт деди. Бардык нерсе чеги менен болуш керек, бул да сага тапшырма деди.
Бир айдан кийин Бишкекке келсем жолуккан тааныштардын бары "эмне болду, оорудуңбу?"дешип сеанс менен арыктаганыма ишенишкен жок.
(Уландысы кийинки санда)












кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
Яндекс.Метрика