Сахнатөр

Орунбасар Кызалаков, ырчы, обончу:
"Обончулар обон жаратуунун технологиясын билбейт"
- Орунбасар байке, акыркы жылдары такыр эле тыным алып калгандайсыз?
- Өлкөдө будуң-чаң болуп жатканда туулган кичи мекеним Таласка кетип калгам. Эми кыргызымдын обондорун элге өткөзүп берейин деп иштеп жатам. Азыр демөөрчү издеп, кыргыздын руху-духун түшүнгөн адамдар менен иштешким келет. Учурда УТРКнын режиссерлору менен иштешип жатам. Европанын технологиясына кыргыздын обондорун жазып көрсөм алардыкынан кем калбайт экен. Кыргыздын ырларын дүйнөгө алып чыксак болот экен.
- Жогорудагы күү, обондор боюнча талкуулап жатканыңызды угуп отуруп кесибиңиз боюнча кимсиз деген суроо туулду?
- Токмоктогу музыкалык окуу жайда 2-курска чейин окугам. Кийин өзүмчө изденип жүрдүм.
- Азыр жаштар көп, шоу дүйнөсүнө аралашууга кечигип калган жоксузбу?
- Жаштар көп болгону менен кыргыздын нугун куубай жатышат. Мурда кандай күчтүү обончулар болгон. Кыргыздын мүнөзүн, сүрөтүн обон менен көрсөтүп келген. Кийинки жаш муунда кыякчылар да, обончулар да жок. Кыргыздын нугу токтоп калды десем жаңылышпайм.
- Демек, жаш ырчыларга ичиңиз чыкпайт экен да?
- Кыргыздын нугун ырдагандар бар, мисалы Мирбек Атабеков. Калган көпчүлүгү европанын бир ырын жакшы көрүп, аны которуп, ошол ритмде, ошол технологияны алып чыгып жатышат. Кылым оошкону менен обончулар обон жаратуунун технологиясын билбейт. Кыргыз ырдап атат деген кыргыздын кыйкырыгы, оюм-чийими чыгып туруш керек.
- Айтыңызчы өзүңүздү обончумун дейсизби же ырчымын дейсизби?
- Обончумун десем болот го. Көбүнчө обон жазып, обон чыгаруунун аракетиндемин. Чыгарган обондорумду аткара да кетем.
- Обон жазганыңызга канча болду?
- Обон жазып келе жатканыма 30 жыл болду. 2-3-жыйнак обон жаздым. Азыр элге өткөзүп берүүнүн үстүндөмүн.
- Кимдин кайсы ырынын обону сизге таандык?
- Мен жаңы келдим. Тажрыйбамда режиссер Улан Жукеев "Бушайман" деген тасма тартып текстин алып келип берди, обон жазып бер деп. Обон жаратып, аранжировкага берип алып барсам, каражат жагы жок болуп калды дешти. Ошентип биринчи жараткан обонум ошол болду.
- Аным да болбой калды деңиз...
- (күлүп) Бирок, обон, ыр өзүмдө калды да.
- Жеке концерт берүүнү ойлонуп жатасызбы?
- Жандуу ойногон музыканттарды, оркестрлерди таппайбыз. Ошолорду издеп атам. Бирок, оркестрдин каражатын көтөрүш оор экен. Айла жок аранжировкага бересиң, а аранжировшиктер өзүнүн кыялын жазып коюп жатышат. Эл аралык деңгээлдеги ритмдерге өтүп алып чыккым келет.
- Продюсер менен иштешүүнү ойлонгон жоксузбу?
- Кыргызтанда продюсерлер келишим, контракттын негизинде иштешет. Ал келишимди өздөрү жазып алып атышат. Продюсерлердин талаптарын окуп отурсаң бүт укугуңду алып коет экен. Аларсыз тойго бара албайсың, интервью бере албайсың. Айтор, мага жаккан жок.
- Балким өзүңүз продюсер болоттурсуз?
- Эгер продюсер болсом таланттуу адамдарды алып чыгат элем. Компьютердин күчү менен эмес, жандуу үн менен кыргыздын оюм-чийимин батырып ырдаган эр азаматтарын алып чыгат элем. Келишимди өзгөртөт болчумун.
- Каныкей экөңөрдүн үнүңөрдү окшоштуруп жүрүшөт?
- Каныкей экөөңөрдүн ырдаганыңар окшош деп көп эл айтат. Каныкей азамат, кыргыздын обондорун европанын технологиясына салып жүрөт.
- Мүмкүн дуэт ырдайттырсыз?
- Эгер ырдайм десе менде обондор бар.
- Патриотсузбу?
- 100%. Кээ кезде көйгөй үчүн жүрөгүм ооруйт. Башкалар маселен, казактар казагым деп кандай көтөрүлүп жатышат. А бизде башка жолго түшүп кеткенбиз.
- Кайсы жолго?
- Акча тапмай, дүйнө кууп кеткенбиз.
- Байлык сиз үчүн эмне?
- Байлык куубайм. Менин байлыгым кыргызымдын күүсү менен обондору.
- Жеке турмушуңузга токтолбойсузбу?
- Болгон бирин-экин. Мени түшүнө алышкан жок, мен аларды түшүнө алган жокмун.
- Кечиресиз, "жакшы эркектен катын кетпейт" дешет?
- Айткан сөзүңдө калет жок. Себеби, кезинде жаштык, мастык менен мүмкүн көп кемчиликтерди кетиргендирмин. Айтор, буйругу болгон жок.
- Эмнеге туруштук бере албайсыз?
- Билбейм, андай нерсени түшүнбөйт экенмин. Бардык нерсени туруштук менен жеңип келдим. Туруштук бергеним үчүн сени менен маек куруп атырым да.
Барчын Аскарова