"Алтын Казына"
жаңы стилдеги хан сарай
Борборубузда жайгашкан ресторандардын номер биринчиси делген "Алтын Казына" учурда реконструкцияланып жатканын көрүп жатабыз. Мурунку мыкты, эксклюзивдүү дизайн менен жасалган ресторандын ичин бузуп, кайрадан жаңылап жаткандыктарына кызыгып ресторанга баш бактык. Ачылуу аземи 1-сентябрга пландаштырылып, иш кызуу жүрүп жаткан экен. Босогосун аттаганда эле кымбат баалу курулуш материалдары менен жасалып жатканын көрүп, мурдагыдан да эсклюзивдүү болоорун боолголодук. Ресторандын директору Махабат Мавляновага кезигип кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

- Махабат, реконструкциялоонун негизги себебин билгибиз келип турат?
- Реконструкциянын эң негизги себеби, өлкөдөгү өнүгүү менен байланыштуу. Азыркы тапта экономика, саясат жана башкалардын бардыгы өнүгүү жолунда. Мына ошого жараша суроо талап да өзгөрүүдө. "Алтын Казына" рестораны 2005-жылдан бери иштеп келе жатат. Ошол учурда бул ресторан эң алдынкылардын бири болчу. 2005-2009-жылдары номер биринчи ресторан деген наамды колдон чыгарбай келген. Азыркыга чейин бардык кечелер бизден өтүп, эл аралык делегаттарды тосуп келатабыз. Чет өлкөнүн жүзү болгон конокторду биздин "Алтын казынада" тосушат. КМШ өлкөлөрүнүн саммитин уюштурууда жарымынан көбү биздин кызматкерлер, официанттар, ашпозчулар болгон. Биз келген ар бир кардарга өзүнчө мамиле кылып, тейлөө кызматы эл аралык стандартка ылайык жүргүзүлөт. Ага ылайык бардык нормалар каралган. Биздин зал башкалардан эксклюзивдүүлүгү менен айырмаланып турат. Башка ресторандарга караганда бизде кымбатыраак болгону менен кардардын төлөгөн каражатын актап беребиз. Бир тилим нан калса да кардардын өзүнө кайтарабыз. Ошондуктан кардарлардын астында жүзүбүз ак, тазабыз. Уулдарын үйлөп, кыз узаткан такай келүүчү кардарларыбыз өтө көп. Кээ бир үй-бүлөөдө канча бала болсо барынын тоюн бизден өткөргөндөр да жок эмес. Демек, биздин кызматыбызга ыраазы болгондор арбын. Ошондой эле биздин залда чай концерттер көп өтөт аткени, бизде акустика, свет жакшы.
- Мурунку "Алтын Казынадан" азыркы "Алтын Казына" эмнеси менен айырмаланат?
- Азыр конкуренция көп болуп, жаңы ресторандар ачылып жатат. Биз замандын талабына жараша өзгөрүп, кардарларды жогорку деңгээлде тейлөө менен бирге алардын эс алып, көңүл ачып кетишине сапаттуу шарт түзүп беришибиз керек. Эсиңиздерде болсо мурун залда кабиналар болсо азыр алардын баарын алып, өзгөртүүлөрдү киргиздик. Жалпы жонунан зал классикалык стилде, баалуу, жогорку сапаттагы интерьерлер менен жасалгаланып, кымбат баалуу жана натуралдык курулуш материалдарынан салынып жатат. Чет элден келген конокторду, делегаттарды, мамлекетке келген конокторду эл аралык деңгээлде тосууга ылайыкташтырылат. Ошондой эле бул жерге тойлорду гана өткөрбөстөн ар кандай конференцияларды да өткөрө тургандай кылып шарт түзүп жатабыз. Учурда жаңы стандарттагы тейлөө кызматынын үстүндө иштеп, "Алтын казынага" гана тийиштүү болгон өзүбүздүн эксклюзивдүү тейлөө кызматын иштеп чыктык. Андыктан, жеке адамдарга келген чет элдик конокторду гана эмес, өкмөткө келген конокторду да тосууга эч ойлонбостон бизге кайрылышса болот.
- "Алтын Казына" башкалардан эмнеси менен айырмаланат?
- "Алтын Казынаны" башкалардан айырмалаган негизги 3 фактор бар. Алар: биринчиси интерьер, (жасалгасы, акустикасы), экинчиси тейлөө кызматы, үчүнчүсү ашканасы. Бул үч факторду бир калыпта, жогорку сапатта кармаганга болгон күч аракетибизди жумшайбыз.
- Конкуренттерден коркпойсуңарбы?
- Жок коркпойбуз. Тескерисинче конкуренттердин болгону бизге улам жаңы бийиктиктерге умтулууга стимул болот.
- Сиздердин баалар элдин чөнтөгүнө туура келеби?
- Азыр айрым ресторандар элитага гана арналган. Баалары асмандын башы болгондуктан жөнөкөй жарандардын капчыгына туура келбейт. Бизде болсо ар бир кардарга индивидуалдуу мамиле жасалат. Каалагандарга бизнес класс же эконом вариант дегендей. Дагы бир өзгөчөлүгүбүз, ресторан "Алтын Казына" керек болсо үйүңөргө, жаратылышка же чакырган жагыңарга барып, кызматын көрсөткөнгө бардык шарттары бар. Биздин мүмкүнчүлүгүбүз сервировкадан баштап, бардык уюштуруу жагын өзүбүздүн колго алганга жетет.
- Ресторандын азыркы дизайнерин билсек болобу?
- Азырынча дизайнердин атын айтпайбыз. Бирок, ал эл аралык аренада иштеп жүргөн бала. Конкурстарда гран прини алып жүргөн. Андыктан бизди ара жолго таштабайт. Ошондуктан келиңиздер сентябрь айынан баштап жаңы "Алтын Казынаны" көрүп конок болуп кетиңиздер. Ылайым элибизде ынтымак, жерибизде тынчтык болуп дасторкондор жакшылыкка жайылып, тойлор көп болсун. Ал эми сиздердин тойду жогорку деңгээлде, сапаттуу өткөрүп, майрамга айландырууга бардык шарттарды түздүк. Сиздер үчүн биздин эшик дайым ачык!

Даярдаган Барчын Аскарова