Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Сыбызгы

Cултан Раев, Курманжан Датканын 200 жылын жана КРнын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын директору, КРнын Президентинин Кеңешчиси:
"Майрамга 30 млн.сом бөлүндү, өтө эле жупуну каражат"
- Cултан Акимович, эгемендүүлүктүн 20 жылдыгын, Курманжан Датканын 200 жылдыгын өткөрүү сиздин моюнга жүктөлүптүр. Кандай пландарыңыз бар?
- Быйыл Кыргызстандын эки чоң саясий окуясы өткөн жатат. Биринчиси президентибиз жарыялаган Курманжан Датка жылы, экинчиси кылымга тете жыйырма жыл. Бул эки окуя тең тарыхтагы эң көрүнүктүү окуя. Ушуга байланыштуу мамалекетте премьер-министр башында турган уюштуруу комитети түзүлүп, эки иш чара боюнча жүзгө жакын ар кандай иш чараларды иштеп чыккан. Биздин негизги функциябыз иштеп чыккан чараларды өлкөдөгү министрликтер, ведомстволор менен аймактар, облусттар, жергиликтүү бийлик менен биргеликте иштеп аткаруу. Бизде буга чейин да ар кандай тойлор мааракелер өтүп келген. Биз бул майрамда ичип жемей эле кылбастан мамлекет үчүн чоң өрнөк, таалим боло турган, мамлекет үчүн ой толгоо кылып, жыйынтык чыгара турган, келечекке аттана тургандай болушубуз керек. Кыргызстан мамлекет катары өзүбүздү көргөзө алдык. Албетте, саясий ар кандай окуялар болду. Муну демократиялык мамлекеттеги көрүнүш катары караса болот. Андыктан биз бул боюнча иштеп жатабыз. Курманжан Датка энебиз боюнча бир топ иш чаралар киргизилген. Курманжан Датканын бизге калтырып кеткен саясий өрнөгү болуш керек. Себеби, эки кеткен бийлик тең үй бүлөлүк башкаруу системасынан арылалбай кетишти. Ал эми Курманжан Датка энебиз үй бүлөсүнөн, өзүнүн карачечекей баласынан элдин, мамалекеттин кызыкчылыгын жогору баалаган. Ушул мотивациядан саясий өрнөк алышыбыз керек. Бул кийинки бийликке келчүлөргө да үлгү болушу абзел.
- Той десе эле түлүктөп мал союлуп, ысырап кылмай жайыбыз бар. Курманжан датканын тоюнда да бул көрүнүш кайталанбайбы?
- Жок, биз андай кылбайбыз. Той ашка мал сойгонго бир тыйын да бербейбиз. Тойдун саясий маданиятын көздөп жатабыз. Маараке аркылуу жарандарыбызга, мекенибизге, кандайдыр бир улуу духту, тарыхыбызга таазим этүүнүн датасы катары, ой жүгүртүү катары, эң башкысы кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө зор салым кошкон Курманжан Даткага болгон урпактарынын таазими катары кабыл алышыбыз керек. Ошол эле учурда анын калтырган мурасын бүгүнкү шартка жараша пайдаланышыбыз керек. Себеби, анын өрнөгү бизге абадай, суудай керек болуп турат.
- Эгемендүүлүк майрамы жылда окшош өтөт. Бул жыл жыйырма жылдык болуп жаткан соң айырма болобу?
- Быйылкы жылда айырма чоң. Мамлекетибиз жыйырма жылды басып өттү. 31-августта өтө турган иш чара мурдагылардан принципиалдуу түрдө өзгөчөлөнөт. Биринчиден мамлекетибиздин негизги символу, элементи болгон армиянын парадын көрсөтөлү деп жатабыз. Жыйырма жылдык юбилейде мекен коргоочулардын парадынан тышкары Бишкек шаарынын эмгекчилеринин жүрүшү болот. Эмгекчилердин жүрүшү илгери СССРдин убагында болчу. Ушундай майрамдык энергетиканы, майрамдык позитивди түзүүнү унутуп баратабыз. Биз бардыгыбыз тоталдык саясатка кирип, саясатташып оппозиция-бийлик болуп эле калдык. Бизге элибизди бириктире турган жалпы кызыкчылыктар керек. Ал кызыкчылыктын бири жыйырма жылдык. Себеби, кандай болбосун ар бир жарандын жыйырма жылдык эгемендүүлүккө кошкон салымы бар. Майрам аркылуу жарандардын жан дүйнөсүнө дух, ишеним калтыралы деген ойубуз бар.
- Бул иш чараларды өткөзүүгө бюджеттен канча каражат каралды?
- Курманжан Датка жылына, жыйырма жылдык эгемендүүлүк майрамына республикалык бюджеттен 30 миллион сом бөлүнгөн. Албетте, бул 30 млн. өтө эле жупуну каражат болушу мүмкүн. Аткарыла турган иш да көп. Акыркы жыйырма жылдан бери Манас атабыздын эстелиги болсо деп келе жаткан элек. Көзү өтүп кеткен соң Чыңгыз атабыздын эстелигин тургузсак дедик эле. Кудай буюрса 31-августта эстеликтердин ачылышын өткөрөбүз деп турабыз.
- Шаарбызды Манас шаары деп өзгөртүп, Манас атанын эстелигин тургузуу демилгесин алгач биздин гезит көтөрүп чыкты эле. Эми бул идея ишке ашып жатат. Мунун артында ким турат деген суроо туулат?
- Бишкек шаарын Манас шаары кылып өзгөртүү боюнча кыймыл аракеттер болуп жатат. Шаар деген деле адам сыңары өмүрү тагдыры, тарыхы бардай көрүнөт. Бишкек шаарынын да тарыхта орду, басып өткөн оош-кыйыш жолдору бар. Биринчи кезекте шаарыбыздын тарыхын урматташыбыз керек. Бул нерсе болду, мындай кылып өзгөртөлү дебеш керек. Бул жерде Манас шаары болсун дегенге каршы эмесмин. Аталыштарга келгенде саясий коньюктурадан бир аз алыс болсок дейт элем. Ал эми Манастын эстелигин куруу боюнча өкмөттүн токтому, буйругу чыкты. Буюрса аянтка айкөл Манас менен Айтматовдун айкели тургузулат.
- Манас үйүн курсак деген демилгени биздин гезит көтөрүп жатат. Бул оюбузду колдогон жарандарыбыз көп. Өкмөттө бул боюнча кандайдыр бир иш чара көрүлүп жатабы?
- Бул оюңар туура болушу мүмкүн. Жакында ЖКда Манас мыйзамын кабыл алуу боюнча президент кол койду. Манасты мындан ары өрчүтүү, пропагандалоо, сактоо маселеси мыйзам аркылуу каралып, ишке аша турган болуп калды. Манастын үйү деген идея да жакшы экен. Идеяны жалпы коомчулуктун пикирин кошуп кабыл алса болот. Бул нерсени өзгөчө деңгээлде уюштуруш керек.
- Кайсы бийлик келбесин кызматта жүрөсүз. Кандай айырмачылык байкай алдыңыз?
- Бул бийликте, тигил бийликте иштеген деп жазып, айтып калышат. Мен өзүм политизированный адам эмесмин. Кайсы бийлик болбосун өзүбүздүн функционалдык багыт боюнча тармактык иштерибизди алып жүрөбүз. 5 жыл министр, 2 жыл министрдин орун басары болуп келдим эч кандай орбитага кирген адам эмесмин. Биз чыныгы профессионалдык милдетибизди аткардык. Иштеген учурда адамдын профессионализми бааланышы керек деп ойлойм. Профессионалдар бардык бийликте керек. Бийлик келип кетет, а профессионализм түбөлүк кала турган нерсе. Ошондуктан профессионализмге саясий көз караш менен карабаш керек.
- Өзүңүздү профессионалмын деп эсептейсизби?
- Албетте профессионалмын деп эсептейм. Өмүр бою ушул тармакта иштеп келе жатам. Кайсы бир топтун же жеке кызыкчылык менен келген жерибиз жок. Мен маданият министрине парламент аркылуу өткөм. Депутаттар персоналдуу түрдө добуш беришкен. 2005-жылкы татаал парламентте 98,9% мага добуш беришкен. Эч бир министр мендей бийик добуш алган эмес.
- Театр адамы катары министр болуп турган учуруңузда театрдын турмушун оңдой алдыңызбы?
- Мага чейин маданият министрлиги деген жоюлуп кеткен. Башка бир министрликтин бир тармагы катары жүрчү. 2005-жылга чейин маданиятка көп деле көңүл бурулган эмес. Министр болуп турган учурда театрлардын турмушун оңдогонго аракет жасадым. Кыргыз драмалык театрынын оңдоп-түзөө иштери менин учурумда башталды эле, эми бүтүп жатат. Ошол мезгилде театрдын ремонт иштерине 14 миллион бергенбиз. Театрлар каражатты өтө көп талап кылган имараттар. Жыл сайын республикалык театрлардын фестивалын өткөзчүбүз. Себеби, фестиваль чыгармачылык өсүшкө чоң жардам берет. Баткен облусунда облусттук профессионалдык театр ачтык. Ошондой эле театр Таласта ачылды. 40 жылдан бери каралбаган искусство институтун оңдодук. Өмүрү чыкпаган театрларды чет жакка чыгардым. Айрымдары Америкага чейин барды, Нарын театры Кытай жергесине барып келди. Театрларда атаандашуу болуп бир аз жанданып калган. Жаңы министр болуп келгенде маданияттын бюджети 58 миллион болсо, кийин 860 миллионго жеткирдик. Бул чоң өсүш. Маданияттын мыйзамдык базасы начар болчу, маданият жөнүндө жаңы мыйзамды ЖКда өзүм жактап кабыл алдык. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Кыргызстандын обьектиси Сулайман Тоо бүткүл дүйнөлүк ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине киргизилди. Биздин Сулайман Тоо Кытайдын улуу сепили, Египеттин пирамидасы менен бир категорияда. Азыркыга чейин Япониянын Фудзияма ыйык тоосу ал материалдык мурастардын тизмесине кире элек.
- Кызыңыз бир спектакльде ойноп калганын көрдүм эле. Кызматтан пайдаланып кызыңызга жардам бердиңизби?
- Ооба, башта кызым искусствого жакын болчу. Бирок, менин жолум менен кеткен жок. Азыр Пекин университетинде 3-курста маданиятка тийешеси жок сферада окуп жатат. Кыздарымдын бири да маданиятка тиешелүү окууда окуган жок. Биринчи кызым Санк-Петербургдан экономикалык билим алып келди. Экинчи кызым Сеулдан башкаруу менеджмент боюнча билим алды.
- Чыгармачылыгыңызга бир аз токтолсок. Ар мүнөтүңүз чектелүү болгон иште жүрүп кайсыл убакта жазганга үлгүрөсүз?
- Ушул суроону көп беришет. Кызмат деген нерсе келет кетет, келгенде сүйүнүп, кеткенде трагедия кылбаш керек. Чыгармачылык деген түбөлүктүү, ошол адамдын акыркы деми менен кете турган нерсе. Министр болуп турган учурда бир топ чыгармаларды жаздым. "Барсбек", "Кашар", "Меккеге карай кеткен узак жол", "Таажы", "Адам" деген пьесаларды жаздым. Ошондой эле мурун баштаган роман боюча иштедим. Мен министр болдум, жазбайм деген чыгармачылыкта алсыздыкты көрсөтүп коюшу мүмкүн. Чыгармачылык убактыга, рамкага, кызматка карабаган табигый нерсе. Ильхом келген учурда жаза берем.
- Ильхом кандай учурда келет?
- Ильхом каалаган учурда деңиздин толкунундай урушу мүмкүн. Мен азыр чоң чыгарма жазып жаттым эле, бир жерге келгенде чыгып кеттим мына 3 айдан бери кире албай жатам. Киргенге түрткү болбой жатат. Өзүмдү кыйнап бүтүрүшүм керек десем анда көңүлүмө толбой калат.
- Чиновниктердин көбү чет жакка чыгып эс алып жүрүшөт. Сиз кайда бардыңыз?
- О-ой, эч жакка бара алган жокмун. Керек болсо бээнин сүтүн ичип келгенге убакыт жок. Азыр бул эки чоң ишти берип койду элдин баары эс алып жатат, биз бул жерде бышып жүрөбүз. Манас атабыздын эстелигин тургузуп алсак бир жеңилдеп алат элек, бул да ар бир адамга туш келе бербесе керек. Ушуларды тургузсак түбөлүктүү иш кылган болот элек.
Мээрим Айталиева










кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
Яндекс.Метрика