Таза кандуу талапкер издейбиз!

Уруу сүрүштүрүп, тегин ылгаган элбиз. Азыр ажо шайлоо алдында турабыз. Мурда "Акаев калмак, Бакиев дунган экен, таза кандуу кыргыз келмейин өлкөбүз өнүгүп, элибиз жарыбайт" деп кейичү элек. Таза кандуу кыргыз эл башчы болмоюн өлкө өнүкпөсүн, улутка күйбөсүн түшүндүк окшойт. Барыбир кан тартат эмеспи. Демек, эл ээрип, башчы боло турган эрендердин ким экенин эмитен тактап добуш берсеңиздер, кийин мынтип кейибейт элеңиздер. Эл башчы болом дегендерди эл ичинде ар кандай кеп ээрчип, бири кыргыз десе, "жо-ок ал калмак", экинчиси "ту-уй ата сен билбейт турбайсыңбы, анын баланчанчы атасы дунган болуптур" деген сөздөр көп жүргөн. Төмөндөгү талапкерлердин тизмесин сунуштайбыз, эл арасынан президент болчулардын чоо-жайын билип, урусун, тегин, жети атасын жобурап берчүлөр болсо, анан ким президенттикке ылайыктуу десеңиздер кат жолдоңуздар. Ал үчүн чөнтөк телефонду колго алып 0778 24 02 61 телефонуна СМС кат жибериңиздер. Же редакцияга кайрылыңыздар. Өзүңүздүн аты-жөнүңүздү, жердигиңизди жазууну унутпаңыз. Келгиле өлкөнү талатып, тоното бербей таза кандуу ажону тандап алалы.

Азыр президенттикке аттанып аткандар ар жерге барып эле уруусун өзгөртүп атышат. Эмне ошентип тегин сатып добуш алышабы? Атамбаев жакында ичкиликмин дептир, ошол чын бекен? 7785472ХХ

Ташиев уруусун ар кандай айтып жүрөт, бир болсо кой терисин жамынган карышкыр. Каны да таза эмес болсо керек. 05546521ХХ.

Азыр бизге улутчул башкаруучу керек. Улутун сүйгөн адам гана өлкөнү өнүктүрүп, элдин намысын ойгото алат. Азамат.

Адахан Мадумаров кыргыз эмес болсо керек. Кыргызда Адахан, Мадумар, Кимсанбай деген ат жок. Анан тил безеп сүйлөп түштүктүн түмөн шайлоочусунун добушун бөлүп, чыгаан чыга турган жигиттердин бутуна чалынып атат. Таштемир.

Курманбек Осмоновдун уруусу Бөрү, анан аны Акаев колдоп атат дейт, ал келсе эмне Акаевди алып келет бекен? Анда Бакиев да бир күнү бирөөнү колдоп келип алса не кылабыз туугандар? Алишер, Ош.

Атамбаев Акаевди жандап, Бакиевден орден алып жүрүп эми баатыр болуп чыга келди. Карап көргүлөчү ким экенин. Кайра уялбай ажо болом деп аткан имиш. Андан көрө азыркы ордунда турганына сүйүнбөйбү. Ушу кишинин уруусун билбей койдук, бирде ичкилик, бирде кытай боло калат. Бектурган, Талас.

Баарынан Мотуев шайлоого катышканы кызыктуу. Ал бизге келгенде куудулдар келгендей күлүп алабыз. Жаныгүл.

P.S. Эмки саныбызда А.Атамбаевдин теги тууралуу макала жарыяланат.




  Сыноптика

Мотуев ажолукка аттанды!

Мотуев президенттикке талапкерлигин койду. Мурда Бакиев менен бирге аттанып, элге укмуштуудай убадаларын айтып таң калтырган. Бир тобунун абийирин ачып, Текебаевдин видеосун элге тартуулап, эл караган бетин жер каратып шылдыңдаган. Өзү менен кошо аттанган Назаралиевди "наркоман", Сариевди "элди ууландырган", Токтайым Үмөталиеваны "бул катынга не жок, үйүндө эле отурбайбы" деген. Анан шайлоодо Бакиевдин байге алышына шарт түзүп, бүт баарынын бет пардасын ачкан. Атамбаевдин ойношун тарттырып, интернет аркылуу жарыялаган. Бакиевдин камчысын аябай чапты. Кызык киши. Мурда "саяктардын лидеримин" деп айгай салып, кийин "момун мусулмандардын лидеримин" деп Турсунбай Бакир уулу менен бирге динчил болуп кетти. Опурулуп сүйлөп, оозун анча тизгиндей албайт. Эл Мотуев ажолукка аттанат десе жылмайып алышты. Өзү сыр бербейт. Өз сөзүндө таянганы аалым, моджахед, радикал мусулмандар дейт. Ким динге ишенсе Мотуевге добуш берет экен. Мына сага агитация! Учурда кыргыз уруулук бөлүнүштү, уруулук түзүлүштү бетине кармашып уруусун алмаштырып, тегин сатып атышат. Алардан айырмаланып Мотуев динди бетине кармап катуу кетти. Нукеңер президент болуп калса, жакшысы акысыз көмүр жагып, бекер электр жарыгын колдонуп каласыңар. Анын мурдагы программасында ушундай "өрдөк" кептер бар. Мотуев эл башына келсе …

1. Мотуев президенттикке жарайбы?
2. Мотуев эгер ажо болуп калса?
3. Президент болчу сапаттары барбы, элди башкара алабы?

Бакыт Дыйканов: "ММК колдоо борбору" фондунун менеджери:
- Азыр "иттин уулу Байгара" деле президент болом деп алкынып турган чагы. Эл башкарам деген адамдар өз дараметин (бул жерде чөнтөк дарамети эмес), чама-чаркын карап анан ат салышса деген ойдомун. Саясат тууралуу эки сөздү сүйлөп алып эле мен саясатчымын деп чыга берген болбойт.

Равшан Сабиров, ЖК депутаты:
- (Күлүп) Ка-ап, комментарий бербей эле койсом дедим эле…
Ырас президенттикке аттанып, эл жүгүн аркалайм дегенден кийин койгон максаттары бардыр. Ал жигиттин өзгөчө таланттары бар, балким элди баштап, башчы болуп кетээр. Аттангандан кийин оомат тилейм…

Назира Ахмедова, теле-журналист:
1.Президенттикке жарабайт, элдин баарынын күлкүсүн келтирет.
2.Анын президент болушун эмес, атын атагым келбейт.
Дастан Жумабеков, ЖК депутаты:
- (күлүп) Ушу суроого жооп бербей эле койбоймунбу?
- Жооп бере бериңиз…
- Эми ар ким өзү билет, бирок президент болом десе буга чейин да аттанган ошондо өтөт эле да. Анан мүнөзү жагынан дагы эл башчы болууга ылайык эмес…

Ал эми Нурлан Мотуевге келсек, анын кандай адам экенин элдин баары эле билсе керек. Популисттик максатта коюп жатат. Ал адам президент боло албайт, эл башкара албайт. Бирок, эгер Нурлан мырза мурункудай кайра журналистикага келсе балким жакшы журналист болмок. Мен билгенден 1997-2003-жылдар аралыгында Нурлан мырзанын басма сөз беттеринен мыкты аналитикаларын, мыкты материалдарын окуйт элек.


Азамат ЖЕТИШБАЕВ