Сыбызгы

Темир Сариев, "Ак Шумкар" партиясынын лидери:
"100 миллиондогон долларларды алып чыгып кеткенин билебиз"
Улуттук банктын төрагасынын экс-орун басары Абдымалик Мырзаев Убактылуу өкмөттүн башында турган мүчөлөрү апрелден кийин банктарды мыйзамсыз тоношконун "коммент.кг" интернет басылмасына айтып чыкты. Анда Азимбек Бекназаров, Темир Сариев Бакиевдерге тийешелүү банктарды тоногондугу эскерилген. 2010-жылдын, 7-апрелинен кийин А.Мырзаев Темир Сариевдердин сунушу менен Улуттук банктын жетекчисинин орун басары кызматында иштеген. Ошол учурда ал Т. Сариев баштаган "Ак шумкар" партиясынын мүчөсү болгон.
- Темир Аргенбаевич, Мырзаевдин айтымында АУБду тоноп атканда ал киши сизге байланышка чыгыптыр, сиз "бул ишке киришпе" деген жооп кайтарыпсыз…
- Биринчиден, банктарды текшерүү, аларды көзөмөлгө алуу улуттук банктын иши. Экинчиден, 7-апрелдеги окуялардан кийин банктар, аларда сакталган акчалар боюнча башпрокуратура менен каржы полициясы кылмыш кодексинин негизинде алек болгон. Ар бир банкка иш козгоп текшеришкен. Анткени АУБ Максим Бакиев менен байланышта болгон. 3-4 банкты тартып алып АУБ деген чоң банк курушкан. Анын башында Надель деген туруп, Кыргызстандагы активдердин баарын ошол жерге алып келген. Кыргызстандын бюджети конкурсу жок эле АУБда тейленчү. Бюджетте абдан чоң, эбегейсиз акчалар бар, анын баары аталган банк аркылуу кетчү. Социалдык фонддун толук бюджети дагы 7-апрелге чейин ошол банкта болчу. Баардык мамлекеттик чоң ишканалар, анын ичинде темир жол, Манас аэропорту, уюлдук кызматтар, ж.б эсебинде чоң акчасы бар компаниялар АУБда тейленип келген. 7-апрелден кийин атайын иш козголуп, Башпрокуратура, Каржы полициясы тарабынан текшерилип атты. Мен ошол маалда Каржы министрлигин башкарып тургам, менин ячейкаларга тийешем жок болчу.
- Ячейкалар тууралуу да көп сөз козголуп атты эле?
- Ячейкадагы акчалар тууралуу дагы көп айтылып жүрөт. Акыркы убактарда ячейкага кызыккан, акчаларын кайрып берем деген көп адамдар пайда болушту. Максим Бакиевге адвокат болуп атышат. Ячейкадагы акчалар Максим Бакиевге жана алардын жанжөкөрлөрүнө тийешелүү. Алар: Сергей Ким, Ульяна Пак, Михаил Надель ж.б. Булардын баары Максимдин жанында жүргөн жанжөкөрлөрү. Ушул акча кайдан келип калды деп жанагы адвокат болгондор бүгүн сураган жок. Максим Бакиев ушул акчаны кантип тапты?! Максим Бакиев кыска мөөнөттө ушунча көп суммадагы акчаны өз мээнети, эмгеги менен табууга мүмкүн беле? Билинип турат, бул акчалар уурдалган. Коррупциялык системаларды түзүп ошондон топтогон. Биз аз гана бөлүгүн таап калдык. Башпрокуратуранын маалыматында 21,476 млн. доллар алынды. Ал эми 100 миллиондогон долларлады алып чыгып кетишкенин билебиз. 7-апрелде аянтта элдер өлүп атканда алар банк аркылуу которуп кетишкен.
- АУБ банкты тоноп атат деп сизге Мырзаев чалды беле?
- Мырзаев "Ак Шумкар" партиясынын мүчөсү болуп, 7-апрелде активдүү катышкан. Элди көтөрүп жүргөн адамдардын бири. Апрелден кийин бийлик алмашып атканда аны коопсуздук кызматка сунуштаганбыз. Ал баш тартып, менин көргөзмөм менен кайра Улуттук банкка кеткен. Мен айтып коюшум керек, биздин туура кылган иштен финансы системасын туруктуу сактап калды жана банк кризисин болтурган жокпуз. Жанагы айтып аткан 2,199 млн. доллар дегени УӨ токтому чыгып, банк ячейкаларында табылган акчаларды кайда жумшаганы тууралуу Жогорку Кеңеште отчет берип, кайсы министрликке канча бөлүнгөнүн айттым. Ал менин чечимим эмес, УӨнүн чечими менен кабыл алынган. Ал эми Мырзаев бүгүн "Сариевге звонит эттим эле" дебей өзү иш аракеттерди көрүш керек, милдети болчу. Болбосо прокуратурага жазып, сотко кайрылса болмок. Ал эми мага чалдым дегени боюнча айтсам, ал бир күндө көп жолу, ар кандай маселе менен чалып турган.
- Мырзаев сизди күнөөлөп айтып атпайбы?
- Эми ал тууралуу айта албайм, бирөөнү жамандагым келбейт. Ал менин жакшы санаалаш адамдардын бири, партиянын мүчөсү. Ага ишеним кылып Улуттук банка койгонбуз.
- Азыр да партиянын мүчөсүбү?
- Өзү айтып атат, партиядан чыктым деп, чыкса керек…
(Уландысы 7- бетте)




  Равшан Жээнбеков, ЖК депутаты:

"Алар коррупцияга белчесинен батышкан"
- Паспорт жана каттоо (прописка) тууралуу мыйзам долбоорун иштеп аттыңыздар эле аягына чыктыбы?
- Паспорт маселеси бир аз жеңилдеди, бирок ойдогудай эмес.
- Каттоого турууну алып салуу кайсы жагынан ыңгайлуу болот?
- Каттоого турууну жок кылабыз, себеби бул биздин мекендештерди кыйнаган жана адилетсиздикке жол салган институт. Азыр анын үстүнөн иштеп атабыз. Көп изилдөөлөр болуп атат. Жыйынтыгы жакшы болот. Бизди өзгөчө жаштар колдоп атышат.
- Каттоого турбагандык милиция кызматкерлерине кыйынчылык жаратпайбы?
- Милиция көбүн эсе эскиче ойлонот. Эгер каттоо болбосо кантебиз дешет. Дүйнө өзгөрдү, алар кылмыш менен күрөшүүнүн жаңы жолдорун издеши керек.
- Бул мыйзамды кабыл алууда кимдер каршы болуп атышат?
- Көбүн эсе күч структуралары. Аларда эски көз караш бекем сакталып, өзгөрүүгө каршы адамдар аябай көп.
- Алардын максаты, көздөгөнү эмне?
- Коррупцияга белчесинен батып калышкан. Көптөрү каржылоочу булактарын жоготкусу келбейт, а калганы жаңыча ойлонушпайт.





  Экстен-экооз кеп

Алишер Мамасалиев, экс-депутат:
"Саясаттан кеткен жокмун"
- "Ак Жол" партиясынан жаштардын атынан депутат болдуңуз. Ошол маалда сындаган оппозициядагы жаш саясатчылар "партиянын көз карашынан четтей албайт, жеке позициясы жок" дечү эле. Азыр ошол сындагандар депутат болуп отурушат, алар сизден эмнеси менен айырмаланат?
- Мен сын-пикирлерге эч качан чычалабайм, туура кабыл алам. Азыр алар менен бизди салыштырып кереги жок. Анткени саясий абал, саясий система ар кандай болгон. Менин оюмча азыркы жаш депутаттарга бизге караганда азыр татаалырак.
Азыр салыштырып баа берүү эрте, дагы 2-3 жыл депутаттык ишмердүүлүгүн көрсөтүшсүн анан жыйынтык чыгат.
- Депутаттыктан кеткенден кийин эмне менен алектенип атасыз, саясаттан четтеп кеттиңиз окшойт?
- АКШдан жарым жылдык конституциялык укук боюнча тажрыйба алдым. Азыр эл аралык организацияда эксперт болуп иштеп атам. Саясаттан четтеп кеткен жокмун, азыр саясий аналитикалык статьяларды жазып, Facebook интерент бетине жарыялап турам. Мурдагы коллегаларым менен байланышты үзбөй байланышып турам. Саясий кырдаалды талкуулайбыз, анан албетте өзүмдүн саясий карьерамды улантам.
- Президенттик шайлоодо кимдин талапкерлигин колдойсуз?
- Президенттик ат салыш бир тур менен аягына чыкпашына көзүм жетет. Албетте 2-тур болот. Азыркы талапкерлердин эч кимиси 50 пайыздан ашык добушту ала алышпайт. Экинчи турга үч кандидат өтөт, биринчи премьер-министр Атамбаев, экинчи Адахан Мадумаров үчүнчү Марат Султанов. Менин оюм боюнча алар өздөрүнчө сүйлөшүшөт. Анткени, эч ким катуу тирешүүнү каалабайт, күзүндө экономикалык кырдаал өтө оор болуп, жоопкерчиликти алуу оңой эмес. Бирок, мен айткан үч талапкердин ичинен, адам катары жана саясатчы катары Марат Султанов татыктуу.
Максүт БӨРИЕВ