Ой берметтери
Жек көрүүнү жашыруу жеңилирээк, сүйүүнү жашырыш кыйын, а бардыгынан кайдыгерликти жашыруу кыйыныраак.
(Карл Берне)

Убакыт эң мыкты окутуучу, бирок өкүнүчтүүсү, ал өзүнүн окуучуларын жок кылат.
(Эктор Берлиоз)

Душмандан жашырган сырыңды досуңа да айтпа, достуктун канчага созулаарын ким билсин.
(Абу-аль-Фарадж)

Эң сыймыктуу жеңиш - бул өзүндөгү өзүмчүлдүктү жеңүү.
(П.Буаст)

Биздин дүйнөнүн жийиркеничтүү жагы - адамдар байлыгынан уялбай, тескерисинче ага чиренишет.
(Лев Толстой)

Наристенин алдында да ак бол, ага убада кылганыңды аткарбасаң - калпка үйрөткөнүң ошол.
(Лев Толстой)

Көпчүлүк эркектер аялдарынан жогорку нарктуулукту талап кылганы менен, өздөрү ошо наркка татыктуу эмес.
(Лев Толстой)

Ар бир адамда жаштыктын үчөөсү болот: дененин жаштыгы, жүрөктүн жаштыгы жана акылдын жаштыгы, тилекке каршы алар эч качан дал келишпейт.
(Френсис Бекон)

Көрө албастык эч качан майрамды билбейт.
(Френсис Бекон)