Нургүл БЕЙШЕН
(Бу чыгарма
"Жанызак@басманын" менчиги)
Орошон кумар ошол түн

(Башы өткөн санда)
- Нурлан мырза, бардык система ишке киришти, - Гемма адатынча созолоно жооп берди.
- Дароо бардык коддорду өзгөртүүгө буйрук беремин. Сенде Баяндын үнү барбы?
- Ооба, Нурлан мырза.
- Мындан ары бардык кулпулар анын оозеки буйругу менен ачылып-жабылсын. Түшүнүктүүбү?
- Эң сонун түшүндүм, Нурлан мырза.
- Үйдөн кирип-чыкканда бала менен кыйналбасын деп коддорду өзгөртүп койдум. Эми үнүңдү
укканда эле кулпулар дароо ачылат.
- Үн чыгарсам элеби? Мисалы, "Сезам, откройся!" десем элеби?
- Ооба. Бирок "сезамды" жайына кой. Гемма тамашаны түшүнбөйт.
- Токтой тур! Мени мындан ары мына бул темир кароолчуң оозеки эле киргиз десем киргизип, чыгар десем чыгарабы?
- Так ошондой.
- Эч кандай ызы-чуу салбайт. Милиция чакырбайт?
- Чакырбайт.
- Геммага аны качан үйрөттүң?
- Мурун эле билчү.
- Талаада калгыр, анда эмне мени бир километрге созулган сандарды жаттоого мажбурлап жүрдү мунуң?
- Кайдан билдим, силер өзүңөр ошону кааласаңар керек деп ойлогом.
Биринчи жолу Нурландын калп айтканын көрдү. Анысын Нурлан деле жашырбай, келекелей карап турду.
- Көзүмдө огум болсо турган жериңде өлмөксүң! Беш жыл бою мен кирип-чыга албай темселеп жүрсөм, сен мени эми шылдыңдап турасың да, ээ, Молоташ!!!
- Ооба.
- Ай сайын коддорду алмаштырганычы, анын да кереги жок беле?
- Керек, бирок ай сайын эмес, анда-санда, - Нурлан чукуранып жаткан Акберметти көздөй басты. - Силер компьютердин эсине өз үнүңөрдү салып койсоңор эле жетиштүү болмок.
- Сени өз колум менен муунтуп салсам да аз болмок. Билип турам. Сен муну атайын кылдың да бизди шылдыңдап?
- Болбогон кепти айтпачы. Мындайды тамаша дейт. Сен өзүң айтчу эмес белең компьютериң экөөңдүн айырмаң жок деп. Айырмабызды көрсүн дедим. Силердин жүдөгөнүңөрдү көрүп, көңүлүм ачылчу.
- Мен сага ишенбейм.
- Ишен. Мирбек бир да кызыгып, Гемманын кантип иштегенин сурачу эмес. Ал үйүнө Гемманы орноттуруп, анан толгон-токой жашыруун сандарды киргиз деди. Мен аткардым.
- Шүмшүк десе!
- Жаңыласың. Мен эмес, Мирбегиң шүмшүк болчу. Атасынын ордуна отуруп алып, алчактап-чалчактап оюна келгенди кылчу. Ойлогону акча менен…
Нурлан оозун тартып алды. Баянды аяды. Билмексен болуп, улап кетти:
- Акча табыш үчүн иштеш керек экенин дайыма унутуп коюп, качан чөнтөгү жукарганда гана баш бакчу кеңсеге.
Нурландын кебинин калети жок. Бул күнү-түнү баш көтөрбөй иштесе, ал түнкү клубдар менен сойкулардан колу бошобой жүрүп дүйнөдөн өттү. Беш мүнөт убакыт таап журналды окуса, Гемма кантип анын үстөлүнө нан, чөнтөгүнө акча салып жатканын түшүнөт эле да.
- Мен бардык журналдарды эле окугам, бирок…
- Байкаган эмессиң да. Менден эле сурасаң болмок. Бирок анда Мирбектин кадыр-баркына доо кетирип аламбы деп корктуң да…
Баян чындыкка каяша кыла албады. Мирбек өзү эчтеке түшүнбөсө да, эл көзүнчө Нурланды басынткысы келип тураар эле. Теңата шериктеш болгонуна карабай "менин фирмам", "менин кеңсем" деп сүйлөчү. Ошентсе да Нурлан беш жыл бою аны Гемма менен мышык-чычкан ойнотпой эле койсо болмок.
Акбермет ойгонду. Оозун чойройтуп ары-бери чоюп, колдорун сербеңдетип, анан баркырап койо берди.
- Акберметтин денесинин 90 пайызы өпкөдөн турат окшойт, - Кызын колуна алып жатып, айтты Нурлан.
- Курсагы ачты да. Келе, эмизейин, - Баян балага колун сунду.
Канчалык аракет кылса да, Баян кызын эмизе албай, мээрман айымдын жардамы менен тойгузуп жаткан төрөт үйүндө. Эми кантээр экен? Нурланга билгизбеш керек. Баланы колуна алып, жатак бөлмөгө кирип кетти.
- Нурлан мырза?
Нурлан чочуп кетти:
- Эмне болду, Гемма?
- Үйдөн бөтөн доош угулуп жатат, - тынымдан кийин Акберметтин ыйлаганы угулду.
- Бул менин кызым. Аты Акбермет, - кайрадан тыным. Гемма өз казынасынан "кызым" деген сөздү издеп жатса керек.
- Сиз бир даана ургаачы тукум жараттыңызбы?
- Ооба, Гемма. Жараттым. Баса, Баян Аскаровна Шаршенова деген фамилиясын Тынышева кылып өзгөрттү. Эми ал менин аялым жана Акберметтин апасы.
- Бир мүнөткө. Маалыматтар иштетилип жатат. Сиз айым Шаршенова менен нике келишимин түздүңүзбү?
- Мындан ары ал жөн эле айым Тынышева. Шаршенова деген сөздү өчүрүп сал.
- Айым Тынышева ургаачы тукумду жаратууда сизге жардам бердиби?
- Ооба. Ал Акберметти төрөдү, - Нурландын оюна бир нерсе кылт этти: - Гемма, сен азыр жазып калган үн үч мүнөттө басылбаса, дароо Баянга билдир, макулбу?