Атамбаев айтты да эй
Кечээ Алмазбек Атамбаев "Замандаш" партиясынын мурунку лидери Мухтарбек Өмүракунов өлөрүнүн алдында мага "Сизди колдойм, Президенттик шайлоого кошулуп чогуу иштейбиз" деп убада берген деп кайдагы жыландын башын кыйытты. Бирок, Мухтарбек Өмүракунов менен чогуу жүргөндөр баш чайкап, "Андай болгон эмес, Мухтар Кубага кеткенге чейин Атамбаевге оппозициячыл саясатчылар Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев, Кубатбек Байболов, Өмүрбек Суваналиев, Дүйшөн Чотонов, Мелис Эшимкановдор менен чогуу жүрүп, 3 фракциянын көпчүлүк коалициясын бузуп, жаңы, кеңири коалиция түзүүнүн үстүндө иштеп жүргөн. Эгер ал пландар ишке ашып калганда алдын ала макулдашылгандай жаңы коалиция Мухтарбек Өмүракуновду Нарын облусунун губернаторлугуна дайындашмак. Ошондуктан Алмазбек Атамбаевдин көзү жок адамдын атын сатып саясий капитал топтогонго аракет кылганы уят эле иш" дешти. А биз адатыбызча баш чайкап тим болдук.


Атамбаев кайда качканы турат ?
Былтыркы апрель төңкөрүшүнөн кийин эки тизгин бир чылбырды колго алган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмаз Атамабаев менен Өмүрбек Текебаевдер тез-тез жашыруун жолугушууларды өткөрүп турушчу. Көбүнчө кеч, караңгы түндө, ыңгайлуу жерлерде өткөн жолугушууларда жаңыдан жазылып жаткан Конституциянын жаңы нормаларын каалагандай чоюшчу. Текебаев спикер болом, Атамбаев премерь-министр болом деген кыялдары болгондуктан экөөсү Кыргызстандагы болгон бийликтин бардык полномочиелерин ушул эки чоң кызматтын тегерегине топтоп жазышкан. Ал тилектери ишке ашканы менен Текебаев спикерлике өтпөй, Атамбаев премерликке араңдан зорго илинип бүт арам пландары бузула баштаган. Эми бюджет аткарылбай, социалдык-экономикалык ситуация оорлоп, элдин нараазычылыгы күчөй баштаганда премерь-министр Алмаз Атамбаев өкмөттү, экономиканы башкара албасына көзү жетип, жоопкерчиликтен качканы турат. Ыйгарым укуктары кыскарып, экономиканын абалына жооп бербеген, "англиянын королевасындай" болгон кызмат - Президенттикке секирип кетсем дегенде эки көзү төрт. Кыялында президент болуп алып, чоң статус менен дүйнөгө айылчылап, сый көрүп жүргүсү гана бар. Баарынан кызыгы "президент болуп калсам конституцияны кайра оңдойм, президенттин ыйгарым укутарын кеңейтиш керек" дегеничи? УӨнүн мүчөлөрү былтыр эле Конституция 20 жылга өзгөрбөйт деп жатышпады беле? Же буларга баары боло берет, башкаларга болбойбу?


10 "негритят" Калматовду да бузуп жатышыптыр
"Ар-Намыстын" абийирин төгүп, сатып кетип "10 негритят" аталышкан Токон Мамытов, Каныбек Иманалиев, Абдырахман Маматалиевдер баштаган "Ар-Намыс" фракциясынын 10 депутаты чогулуп Анарбек Калматовду ортого алып "Көрдүңбү, сени өгөйлөп Кулов Жапаровго жан тартып жатат. Ошон үчүн 11-болуп бизге кошул. Биз сага Атамбаевге айтып бир чоң кызмат алып беребиз" деп "Ар-Намысты" дагы ичинен иритип жатышыптыр. Бизге жеткен маалыматка караганда Калматов дал ушул сөздөргө муюп, жакында ал штрейхберкерлердин катарына өткөнү жатыптыр.


Равшан Жээнбеков сарууларга таянабы?
Башынан бир ишти акырына чыгарбай буйтап качып, тарапташтарынын көңүлүн кайт кылып келген "Ата-Мекендин" "американец" атка конгон чуулгандуу депутаты Равшан Жээнбеков дагы бул ирет ажолукка ат салышмак болуптур. Аны уккан көпчүлүк Равшан мырзанын кайсы электоратына таянып жатканына кызыгып жаткан чагы. Бир ирет Равшан мырза кайсы бир саясатчы менен сүйлөшүп отуруп "Мени Таластагы Сару уруусу толук бойдон колдойт. Саруулар Таластын көп бөлүгүн түзөт. Мен бери эле дегенде Өмүрбек Суваналиевди оодарып түшөм" деп мактанды дейт. Ал эми 2005-жылы Равшан мырзаны түп көтөрүлө колдоп, Жусуп Иманалиевге жаман көрүнгөнүнө карабай эки жаатка бөлүнүп жатып Талас облустук администрациясында 10 күн митинг жасаган бакайаталыктар бүгүн Равшан мырзадан жаа бою качып турган чагы. Учурда "Ата-Мекен" партиясынан депутат болгону менен тымызын жаштардын партиясын түзүүгө камынып жаткан Равшан Жээнбеков жакында эле өткөн партиянын жыйналышында саясий кеңештин курамына кирбей калганына таарынып, ажолукка Текебаевден таасир талаша жарышып чыкканы жатканын көпчүлүк биле бербегени менен "узкий круг" айтып эле жүрөт. Кантсе да тээ 90-жылдын башында облустук кеңештин төрагалыгын талашкан Дастан Сарыгулов менен Юруслан Тойчубековдун аркасынан саруу-кушчу болуп бөлүнүп келген алакандай 200 миң калкы бар кичинекей Таласты урууга бөлөөрдөн мурда жакшылап ойлонсо болмок деп таластыктар капаланып турган чагы экен.


Жапаров менен Калматовдун "аукциону"
Өткөндө "Ар-Намыс" партиясынын съезди болуп, бул партиянын атынан президенттикке чыгабыз деген эки кандидаттын (Жапаров менен Калматовдун) бирөөсүн тандоо боюнча съезддин делегаттарынын арасында добуш берүү уюштурулган. Ошондо Акылбек Жапаров "Мени шайлагыла" деп ар бир делегатка жашыруун 100 доллардан таратып берсе, аны угуп калган Анарбек Калматов ага өчөшүп 200 доллардан таратыптыр. Ошону үчүн Калматов Жапаровго караганда бир аз көбүрөөк добуш алыптыр.