Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Деп-атат

Нариман Түлеев, ЖК депутаты:
"Мыктыбек Абдылдаевди президенттикке көрсөтөбүз дешкен"
(Башы 3-бетте)
- Сиздин шайлоого бараткан максатыңыз кандай? Президент болгуңуз келеби же премьерби?
- Эл кандай чечсе ошого макулмун.
- "Марат Султановго караганда Нариман Тулеев бай, шайлоодо акча гана чечет. Марат калып, Тулеев президент болуп кетиши мүмкүн?" деген сөздөр бар…
- Эми шаша бербегиле, алдыда дагы убакыт бар, сүйлөшүүлөр болуп атат. Президент болом деген саясатчылардын арасынан татыктуусун таппадым деп айтпадымбы. Эгер тандоо болсо Маратты тандайт элем. Президенттикке барсам дагы өз добушумду Марат Султановго берем. Ал кишини 100 пайыз жакшы билем, ага добуш берсем эртең уят болбойм. Бул киши качып кетпейт, элди тонобойт, эл үчүн иштеп бере алат. Калганын айта албайм. Анан ким президент болушун бир кудай билет. Тулеев президент болуп калса Кыргызстан жаман болбойт. Мен президент болуп калсам ар бир кыргыз, мен кылып аткан реформанын жемишин жеп, иш аракетимди сезип калат. Мен жебейм, иштейм. Ишимдин үзүрүн көрсөтө алам.
- Кыргыз саясаты Кремлсиз кыймылдабайт. Президент болчулар да Кремлдин чоңдоруна жагынууга аракет кылышат. Жана Ташиев Москвада жүрөт дедиңиз, Марат Султанов менен Нариман Тулеев да ар ишемби Москвага учушат дешет. Кимге жолугууга барып атасыздар?
- Бул жалган кеп, Москвага учсам өзүмдүн жеке ишим менен барам. Албетте, саясатта орус, өзбек туугандар менен жакын болушубуз керек. Атамбаев менен Казак бийлигинин ортосунда келишпестик болуп, анын жаман таасири элге эле тийип атпайбы. Чек араны жаап салган учурлар болду. Көрүп атасыңар эл кыйналып атат. Бензиндин кымбатташы да, таңкыс болушу да казактардын таасиринен. Бардык кошуна мамлекеттер менен тең жана жакын мамиледе болушубуз керек. Ал саясатчыдан көз каранды. Анан шайлоо болор алдында эле Москвага ат коюшуп, эмнени алгыңар келсе алгыла, мени колдоп койгула деп жагынып, эртеси тескери иш кылганда болбойт. Сырткы саясатта тең жана биримдиктүү иш жүргүзүш керек.
- Москвада жүрдүңүз, Орус бийлигиндеги кайсы бир чоңдор менен мамилеңиз барбы?
- Мен баары менен жакынмын. "Муну менен жакынмын, тигинин кишисимин" деп кимдир бирөөлөргө окшоп айтпайм да. Мисалы, биздин саясатчылар шайлоо алдында Москвага барып келишет да "Мен Путинден келдим, Путин колдогону жатат" деп мактана беришет. А мен Путин менен жакшы танышмын, бирок элчилеп мактанбайм. Тиги колдоп атат, бу колдоп атат деп айталбайм.
- Саясатчылар калпычы болушат, мисалы, Ташиев Айдар Акаев менен жолукканын эч жерде айткан эмес. Азыр барып сурасаң, "жалган, жолуккан эмесмин" деши мүмкүн. Ошол сыяктуу сиз Максим Бакиев, Курманбек Бакиев, Акаевдер менен акыркы жылдары жолуктуңузбу? Жалган айтпай чын сүйлөңүзчү?
- 7-апрелден кийинби?
- Ооба..
- Айдарга Москвада Келдибеков, Ташиевдер менен саунада отурган жерден жолуктум. Максимге апрелге чейин февраль айында ЦАРИде чогулуш болгондо кезиккем.
- Мэр болгондо Максимге чоң суммадагы пара берип келипсиз го?
- Аны биринчи жолу угуп атам. Болуптур пара берип мэр болупмун, эмне мен иштегенде шаар жаман болдубу? Башкалар 20 жыл оңдой албаган шаарды калыбына келтирип койдум. Жаңы ачылыштар болду.
- Азыркы мэр менен кандай мамилеңиз бар. Ал өзүнчө иштеп атабы же сиздин жумушту улантып атабы?
- Былтыркы салынган жолдор менин учурумда программага кирип калган болчу, бул ошол даяр оокатка келип отуруп атат. Ал эми быйыл эмне кылаарын билбей башы ооруп атат. Эч нерсе жасалган жок. Бул кишини мен сындасам туура эмес болуп калат, эл баа бериши керек.
- Жакында эле чоңдордун декларациясын көрдүк. Баары эле байкуш болуп, байлыгы жок болуп чыгышты. Айрымдары 1986-жылы чыгарылган эски машине менен жүрөт экен. Ал эми сиздин байлыгыңыз канча? Балким сиз да кедей болуп жүрбөңүз?
- Мен кедеймин десем эл ишенбейт. Биринчи байлыгым ата-энем, бала-бакырам. Ал эми материалдык байлыгым бар. Биринчи 100 млн. долларды 1990-жылы эле жасап койгомун. Ал кезде азыркы саясатчылар, бизнесмендердин көбү доллар эмне экенин билелек эле. Андан бери канча убакыт өттү? Акчанын да өзүнүн жолу бар, эч ким байлыктын түбүнө жеткен эмес. Акчанын түбүнө жетем деген Акаевдер, Бакиевдер эмне болду.
- Биздин чоңдор бизнес кылбай эле, миллиондогон суммаларды сапырып жүрөт. Алар каяктан алышат? Сиз бийликте туруп акча таптыңызбы же..?
- Айттым го 90-жылы эле канча акча тапканымды. Бийликке 2005-жылы келдим, "Кыргыз темир жол" ишканасына. 15 жыл бизнесте жүрдүм. Кыргызстанда алгачкы болуп Мерседес унаасын сатып алган Нариман болчу.
- Кыргызстандын карызы 3 млрд. долларга жакындап кетти. Азыр деле карыз алып атабыз, ушул туурабы?
- Бул туура эмес, карызда эле жашай беришибиз керекпи? Быйыл ички карызды 7 млрд. сомго жеткирип салды. Алмаз Атамбаев ката кетирип койду. Айлыкты көтөрдүк деп сүйүнгөн менен алар карыздын эсебинен берилип атат. Качанкыга чейин карыз алабыз?! Анан айтсаң эле азыркы өкмөт каргайт экен эй… Январдан баштап эле айтып атам, кайда баратасыңар, карызга баттык десең кайра эле "көзүңөрдү ачкыла, кудай урсун. Мурда кандай жашоо эле, азыр кандай жашоо" дешет. Мен деле түшүнүп атам, элдин арасындамын. Азыркы бийликти эл каргап атканы менен иши жок. Эмне болсо эле кудайды колдоно калышат. Кудай деген ыйык, бийик нерсе кудайды оозго алгандан кийин таза иш кылса бир жөн. Ошентип кудайды бетине кармагандар кара иш кылса эртең жообун алып калышат.
- Акаев, Бакиев заманында мамлекетти далай эле тоношту. Азыр ошол уурулардын жолу торолдубу?
- Ооба, бийлик алмашты, мурда уурдалып аткандар токтосо азыр турмуш жакшырат эле го? Канна жашоонун оңолгонун сен сездиңби? Сезген жоксуң демек, дагы эле уурдалып атат. Мурдагы эле система. Мурда бир адам басып алса, азыр 3 партия бөлүп алып, жыргап жеп, басып атышат. Марат Абдразакович экөөбүз булардын бийлик бөлүштүрүүсүнө аралашпадык. Миллиартдаган долларлар урдалды деп атышат, ошолор урдалбаса, эл турмушуна жумшалса жашоо оңолот беле? Ошол эле система, баягы эле уурулар. Эч өзгөрүү жок.
- Камчы Ташиевдин муштуму чоң. Акыркы кезде муштуму менен көп нерсени чечип калды дешүүдө. Сиздер "Ата-Журтка" кирбей, өзүнчө шайлоого кетип атасыздар, анын муштумунан коркпойсуздарбы?
- Эмне муштумдан коркобуз деп эле бийликти жамандабай туруп беришибиз керекпи? Анан качанкыга чейин бийликти мактайбыз. Эгер мага бийлик эле керек болсо Атамбаев менен сүйлөшүп, дагы бир жылуу кызматты ээлеп отуруп алмакмын. Чыгарсын муштумун. Кудай урбадыбы, муштумга муштум бар да! Эр жигит, эл башчы болом деген адам муштумуна таянбашы керек. Президент болом деген киши этикалуу, маданияттуу, сыпайы, акылдуу болуш керек.
Керим АЙДАРОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??