Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Банкирбаян

Жээнбаеванын чегинен чыккан жоругу үчүн Асанкожоева жооп берет

Өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Улуттук банк тарабынан, кардарлар жабыр тартып калбасы үчүн алар АУБдун активин сактап каларын, ошондой эле мамлекеттин жана кардарлардын каражаттары эсептерде сатылып турганын такай угуп келгенбиз. Улуттук банкка Баткыгүл Жээнбаева келери менен, теңирден тескери сүйлөп, банк 2010-жылдын апрелине чейин эле банкрот болгонун, мамлекеттин каражаттары сыртка ташылып кеткендиги жана башкалар жөнүндө айта баштады. Эми азыр акча каражаты чын эле банкта бар экендиги ачыкка чыгууда. Ошону менен бирге Улуттук банкта ошол учурда болгон финансылык отчет тастыктап турат. Канчага чейин алдоого болот?

Жакында банкирлер Союзунун президенти Анвар Абдраев, "Манас банк", "КыргызКредит Банк" жана "Ысык-Көл" банкын сактап калуу боюнча чара көрүлбөсө, аларды дагы АУБдун тагдыры күтүп жатканын билдирди. Бийлик, бардык проблеманы мамлекеттин, тагыраак айтканда, салык төлөөчүлөрдүн, же карыз бере берип жадаган биздин кредит берүүчүлөрдүн мойнуна илип, активдерди бөлүштүрүү үчүн алгач финансылык мекемени банкроттуулукка жеткирүүнү каалаганын негедир толук айтпай койду.

Роза Отунбаеванын өзүнүн курдашы Жээнбаеваны Улуттук банкта орун басар катары жана банкты көзөмөлдөө боюнча кураторлук кызматка отургузууда бети чымырап койгон жок. Ал өлкөнүн банк секторунда будуң-чаң түшүрүп, АУБдун кредит берүүчүлөрүн акчасыз калтырып, банктын көптөгөн кардарларына нормалдуу кызмат көрсөтө албай, Соцфонд 1,5 миллиард сом депозитинен ажыраган шартта кызматтан кызматка коюп отурат. Ошону менен бирге, атаандаш болгон беш банкты - АУБ, "Манас Банк", "Акылинвестбанк", "КыргызКредитБанк", "Ысык-Көл" банкын жок кылып, мамлекеттик деп эсептелгени менен, иш жүзүндө Бабановдун кол алдындагы "Залкар" банкын түзүшүп, банк рыногунда бөлүп-тоноо күч алды. "Залкардын" башчысы Максат Ишенбаев Айдар Акаевдин мурунку досу болуп келсе, эми ар бир кадамын Өмүке менен акылдашмайынча жылбайт. Банк секторунда Бабановдун амири менен дагы деле Акаевдин адамдары башкарып жатышат. Баса, Жээнбаева убагында Бермет Акаеванын жакшы ынагы болгон.

Бабанов "Финанскредитбанктын" башкармалыгына өзүнүн адамын коёт деген сөз жүрүп жатат. Жээнбаеванын достору "Азия Банкын" ээлеп отурушат. Жыйынтыгында, Өмүкеге тийиштүү болбогон бир нече казакстандык банктар, эки мамлекеттик, дагы чет элдик ири капиталы бар үч банк (KIKB, "Демир", "Юникредит"), ошондой эле бизнесмен Сергей Ибрагимовдун "Бакай банкы" жана Нариман Түлеевдин "Доскредобанкы" гана калат экен. Эгерде консервацияда турган төрт банк банкрот болсо, аларды Өмүке сатып алат, же жөн эле жок кылат. Кандай болгон күндө да Бабанов өзүнүн өнөктөшү Максимден ашып түшүп, банк секторунун жарымынан көбүнө ээлик кылып калат.

Мына ушундай аракеттерди жашырыш үчүн Жээнбаева ар кандай сөздөрдү таратып жатат. Ошону менен бирге өзүнүн орун басары жасаган "буламыкты" жаңы төрөайым жешке туура келет. Андан сырткары, АУБдун кредит берүүчүлөрү менен жергиликтүү соттор териштирүү, ошондой эле Михаил Наделдин эл аралык сотко койгон доосу мамлекетке 500 миллион долларды түзүшү мүмкүн. Мына силерге далил. Банк рыногундагы Жээнбаеванын баш аламан иш аракети жана АУБду банкрот кылуусунун кесепетинен мамлекет бир топ чыгымга дуушар болушу ыктымал.

Азиз Турсункулов




Асман
кабар
Эгин талаасын өрт чалды
Күз айы жакындап, күндүн ысыгы мээ кайнатып атканда өрт чыгуу коркунучу көп болот. Бир эле Аламүдүн районунда жакынкы арада 66 өрт кырсыгы катталып, өрт кесепетинен 3 адам каза тапкан. Өткөн жумада Маевка айылында 35 гектар буудай аянтын өрт чуулгап, ыкчам көрүлгөн аракеттин негизинде 20 гектар аянты сакталып калган. Жалын чыга электе жалбырттаган эгин талаасы чылым чеккендердин кесепетинен өрткө кабылды. Ошол күндүн эртеси эле өрт өчүрүү кызматкерлерине дагы эгин талаасын өрт алды деген кабар келип, Маевка айылынын Ала-Арча суу сактагычынын жанындагы эгин талаада өрт чыккан. 2 гектар токой, 3 гектар эгин күйүп, калганын өчүрүп калышкан. Ээси Кедеевдин шалакылык мамилесинен улам өрт чыккан дешет өрт кызматкерлери. Учурда эгин талааларында өрт кызматкерлери тарабынан күзөт иштери жүрүп атат.


Москвада кыргыздар атыша кетишти
Жакында Москва шаарында кыргыз кызын белгисиз бирөөлөр бензин чачып өрттөп кетишкен. Бактыга жараша ал кыз аман калып, шектүүлөр азер улутундагы жигит делинип аткан. Бирок, акыркы маалыматтарга караганда заказ кылган кыргыз кыз, бензин чачып өрттөп безген кыргыз жигит имиш. Дагы бир төбө чачты тик тургузган маалымат ошол эле Москва шаарында 3 күн мурда болду. 21 жаштагы каракулжалык Максүт аттуу жигитти атып салышкан. Алар досунун туулган күнүндө болушуп, кызып калган кыргыз жигиттер өз ара уруша кетишет. Максүт дагы бир мигрант кыргыз жигитти уруп коет. Таяк жеген жигит ошол жакта спорт зал ачып, балдарды машыктырып жүргөн жапалактык Нургазы аттуу тайкесине арызданып барат. Ал жоон билек тайкеси келип, жээнине болушуп тактап атканда ортодон бирөө чыгып Максүттү атып жиберет. Ок башына жаңылып, жаракат алат. Чала тийип калган ок башынын терисин айрып кетип, учурда тиктирип ооруканада жатат.


Зордуктайм деп торго түштү
Красноярск шаарында дагы жаңы үйлөнгөн жигит ушундай тагдыр менен камалып кеткен. Жаңы үйлөнүп, иш издеп Красноярск шаарына келишет. Келинчеги кош бойлуу болот. Ошол убактарда 24 жаштагы жигит түнү кетип атып, алдынан чыккан 60ка чукулдап калган орус аялды зордуктап салат. Ал иштин бети ачылып, жаңы үй- бүлөө отун тутантып аткан кыргыз жигит камалып кетет. Камакта отурганда келинчеги балканактай бала төрөптүр…


Өз жердешин өлтүрүп
Ал эми өткөн жылдын декабрь айында Москвага Лейлектен келген жигит өзүнүн жердешин өлтүрүп салып, сот иши аягына чыкты. Калилов Алмаз 30-декабрь күнү жаңы жылга даярданып азык-түлүк алып үйүндө отурат. Ошол маалда жердеши Аман мас абалында келип калат. Аны көргөн үйдүн кожойкеси буларды урушат. Ыза болгон Алмаз "сенин айыңдан бизди кууп чыгат, кийимиңди алып чыгып кетип кал" дейт. Үйдүн кожойкеси дагы кыргыз, лейлектик Кымбат аттуу келин болот. Жини келген Аман Кымбатка атырылып сөгө баштайт. Колуна бычак алып кезейт. Кымбат блокнотуна жүгүрүп, "азыр карыздарыңды эсептейм, төлөп чыгып кет" дейт. Ошол маалда ашканадан Алмаз чыга калат. Ачууланган Аман Алмазга бычак сунуп кубалап жөнөйт. Алмаз Амандын колундагы бычакты жулуп алып, кайра өзүнө матырып салат. Бири өлүп, бири камакка кетет.


Бомж аялды зордуктайм деп
Мындан бир ай мурда Базар-Коргондук 20 жаштагы Эргешбай уулу Марсель ишинен айдалып, иштен чыгып калат. Квартирасын төлөй албай кожойкеси кууп чыгат. Эмне кылаарды билбей метро жактагы жертөлөдө эркек жана аял бомж ичип отурушса аларга кошулуп алат. Алар менен ичет. Пивосу түгөнгөндө бомж аялды ээрчитип пивого келет. Акчасы жок колундагы телефонун залогго берип 2 литр пиво алат. Аны да үчөө бат эле ичип бүтүп, кайра бомж аялды ээрчитип пивого жөнөйт. Жолдо аны зордуктамакчы болот. Бомж кыйкырып, бир киши келип калат. Алар тез эле милиция чакырып, арыз жазып Марселди милициялар кармап кетет. Кийин бомж аялга акча берип ошол жердеги кыргыздар "тосмо" жаздырып арызын алдырганбыз дешет. Баланы кое беришкен. Бирок, азыр каякта жүргөнү белгисиз. Москва канчалаган үй-бүлөөнү бузуп, жаш балдар да минтип айнып атышат. Аргасыздан жаралган ачуу тагдырлар ай…


Азамат Жетишбаев





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??