Өмүр кайык

Кат жазгыла, кайгы муңга батканда
Кат жазгыла, айың, күнүң атканда.

Кордосоң кор болосуң
Жашоодо кандай гана күндөр баштан өтпөйт. Кайгы-муң, ый-күлкү, достук, сүйүү дегендей. Айтор, өмүр кайыгыңа түшүп баштан өткөн жан кейиткен же кубандырган күндөрүңүз көкүрөгүңүздү бөгөп, айтарга жан таппай, аябай кыйналып бук болуп же кубанычыңыз коюнга батпай турса анда "Асман пресстин" "Өмүр кайыгы" рубрикасына кат жазыңыз. Сиздин катыңызды окурмандар менен тең бөлүшүп (анонимдүүлүк сакталат) атактуу адамдардан кеңеш сурайбыз.
Жан сырыңызды кат түрүндө же meerim87@mail.ru дарегине жөнөтүңүз. Анда кезек сизде урматтуу окурман!

Мен сиздерге өзүмдүн күндөлүгүмдөгү кара тактар менен бөлүшкүм келди. Сөздү узартпастан дароо эле күндөлүгүмдүн барагын ача берейин.
Саламатсыңбы менин сырдашым, муңдашым. Кайрадан бетиңди көк боек менен көз жашка толтурайын. Мурун сенин бетиңе жалаң кубанычым менен сүйүнүчүмдү жазчу элем. Көрсө бардык жакшы нерсенин бүтчү күнү болот тура. 9-класстты аяктап жатам деп өзүмчө бактылуумун, оюмда шаарга барып техникумдардын бирине тапшырсам дейм. Жаз айлары, жаратылыш жашыл көйнөгүн кийген, жан дүйнөгө өзүнчө бир ырахат тартуулап турат. Ошол бактылуу күндөрүмдүн биринде айылга концерт коюп келип калышты. Кыздардан калбай мен да бардым. Адаттагыдай концерт бүтүп кетип жатам, бир маалда артыман сен келдиң. Менден жашың алда канча улуу. Жүрү дүкөнгө деп ой боюма койбой алып жөнөдүң. Өзүм жоош болгондуктан да сага каршылык көрсөтө алган жокмун. Дүкөндүн арты калың токой эле. Дүкөнү жок эле ал токойду аралап жөнөдүң. Менин жалынганыма карап да койгон жоксуң. Жулмалап-улмалап өз ишиңди бүтүрүп, кыздык намысымды тепсеп баса бердиң. Кудайга үнүм жетип, көзүмдүн жашын көл кылып апама келдим. Жалгыз кызын көргөн энем соороткондон башка аргасы калган жок. Ошентип ал баланы милицияга бердик. Бирок, сен суудан кургак чыктың. Социалдык статусуң жогору болгондуктан милицияларды да пулга сатып алдың. Ата-энемдин колунда жок жакыр немебиз, бизди ким угат. А сен болсо эмне кылып аласың, колуңдан эмне келет дегенчелик кылып көчөдө ээн эркин басып жүрдүң. А менин асманым кулап, жер көчкөндөй эле болду. Жалгыз карындашың менин кейпимди кийип калсын деп айткым келди. Бирок, ал кызда эмне күнөө, кудайым өз башыңа көргөзсүн дегенден башка колуман келбеди. Үйгө батпайм, агаман, атаман тартынам. Абалымды апам жакшы түшүнгөндүктөн бир тууган сиңдисиникине жөнөтүп жиберди. Окууну ал жактан бүттүм. Бардыгы унутулгандай түр көргөзүп жүрүштү. Бирок, жүрөгүмдө калган ыза-муң менден али күнгө чейин кетпей келет. Кордогон зөөкүр мен эле эмес айылдагы бир топ кыздын намысын алып, тепсеп жүргөн экен. Кийин мага кыздын кызыгы жок, катын алсам да баары бир, кыздарды көрө берип жададым деген сөзүңдү уктум. Ушунча кесир сүйлөйсүңбү деп таң калдым. Ошентип, күндөр айга, айлар жылга алмашып отуруп арадан бир топ убакыт өттү. Сен да үйлөндүң. Кылыктанган эле кыз алдың. Бир карап алган жубайыңа боорум ооруду. Сен ошондо кыздардын көз жашына калгансың. Үйлөнгөнүңө канча жыл болсо да кудайым сага бала берген жок. Сен ошону сездиң бекен? Сен кордогон кыздардын баары турмушка чыгып бактылуу жашап жатышат. Мына мен да өз бактымды таап бактылуу эне, сүйүктүү жар болдум. Сенден аялың да баса бергенин уктум, бирөөнү кордосоң бирөөгө кор болосуң, кудайым бар, бардыгын таразалайт. Менин көчөмө да жарык келди.
Айжан