Улуу куудулдун тоюн утурлап

Кудай сүйгөн
Куйручук
Куйручуктун Чойбекке жолукканы
Куйручук жигитти жамыжурт жакшылап элебеген чак. Ал Узун-Кабактын узун жолуна түшүп, Көкө-Мерен дарыясын бойлоп, Кептештен өтүп, Жумгал суусун кечип, атын ыргалтып келатты. Тоо чокуларынан жаздын карааны башбагып, жер-суу жылымдап, кар алдындагы дүйнө кайрадан тиреле баштаган маал.
Таңкуланөөктө аттанган жигиттин курсагы ачып, Чойбек болуштун жаңы конушуна кайрылды. Болуш менен башта саламдашып көрө элек. Болуш да аны айкын билбейт. Эмнеси болсо да бара көрөт да... Бу Чойбек мырзанын төрт тарабына кыбыла орноп, ушаткан жерине гүл өнүп, чоюлуп турган убагы.
Жаңы журттун кары күрөлүп, дардайган он чакты бозүй тигилип турат. Чоң ак өргөнүн эшик алдында кундуз тебетейчен, көк тукаба кемсел сыртынан күмүшкемер курчанган узун бой жаш төрө колун артына алып, ары-бери басууда... "Ээ, Чойбек ушу эмей, ким болмок эле?" деди ал өзү менен өзү сүйлөшүп. Жолоочу ага ат үстүнөн саламын арнады. (Башка бирөө болсо, дароо аттан ыргып түшмөк. Куйручук анткени жок). Жаш төрө үн катпай, баш ийкеди. Манаптын каадасын кылды. Куйручук кермедеги аттардын катарына атын байлап, Чойбек менен кол алышмакка бурулду. Бирок, Чойбек колун жаңсап, үйгө кире бер дегендей ишарат жасады. Баатырдын башжигити Сөлпүбаш "бала конокту" болушту өрүлүктөп келишкен байлар отурган үйгө кийирди. Куйручук байларга салам айтып, көчүк басты.
- Каяктан келатасың жигит? - деди Атай бай, бу жигиттин ким экендигин сурабай-этпей.
- Асмандан салаңдап түшүп келген жокмун... Береги Узун-Кабактан чыктым. Жумгалдын көкүрөгүнө баратам.
Байлар бейтааныш жигиттин жөн жооп бербегенине делдейишип, бирин-бири тиктеп калышты.
- Узун-Кабакка кар кандай жааптыр? - Кооман бай ушинтип сурады.
- Аппак жааптыр! - деп койду Куйручук күлүмсүрөп.
- Жубарымбек! Мен кардын оор, жеңилин сурап жатам! - Бай ызалана түштү.
- Аке! Карды таразага тартып, өлчөгөн жокмун... - Куйручук жигит дагы тапандады.
- Бу баланын тилинен чаң чыгат го? - Эми, Эркинбай бай кепке кыпчылды.
- Кишинин кызыл тили иттин тили болбой, куштун тили болсо, чаң эмес, бал чыгат! Чаң алдагы сиз кийип отурган жаман тебетейден чыгат!
- Оо, бу бала укмуштай тапан экен! - дешти байлар жарыша.
- Тапан төөдөн чыгат! - деди жана сөз куткарбаган жигит.
- Кер экен бу бала. Улуудан уялып, кичүүдөн ийменбейт турбайбы...
- Улуудан уялгыдай келин белем, кичүүдөн ийменгендей ичи ала белем? Сөзгө жараша сөз, төшкө жараша төш! Сөз кыябы келгенде айтпаса, сөз атасы өлөт дешкен эмеспи акылман бабалар.
Үйдө казан-аяк кармап, от жаккандар, байлардын жандоочулары дуулдап отурушту. Жанагы чоочун баладан акшоокум төгүлүп жатканын эшиктеги болуш эшитти. Болуш босого аттады. Үйдөгүлөрдүн баарлыгы таранчыдай дүр этип, тура калышты. Жалгыз Куйручук гана турган жок. Буга кармаган жеринен кан агызган каардуу Бекмырза ичинен жиндене түштү:
"Адам ээй... Береги суумурундун мени тоотпой атканын!" Ал чоочун баланы көзүнүн агы менен тиктеп алып, өзүнө-өзү ушинтип шыбырады. Баатыр төрдөгү өзүнүн энчилүү ордуна - аюу талпакка өтүп отурду.
Үй ичинде кулак-мурунду кескенсип, жымжырттык өкүм сүрдү. Сөз чыгарып сүйлөгөн жан жок. Баары эле Чойбектен чочуп, жалтайлап турушат экен. Куйручук жигит бул жагымсыз бейкуттукка таңыркады. Аңгыча, эл эгеси сөз учугун өзү улагысы келди:
- Ии, байларым... Сүйлөп отургула, тунжурабай!
Байлар дале сүйлөөгө батынышпады. Сөз баштаган бирөө болбоду. Дале болуштан тарткынчыктап отурушту. Муну байкаган Чойбек аларды кепке тарткысы келип, байларга суроо узатты:
- Бу эр жигит деген кандай киши болот?
Үч бай жер тиктешти. Ойго мокок, сөзгө чоркок эмелердин айлалары кетти. Каардуу болуш жооп күтүп, аларды акырая тиктеди.
- Эр жигит кандай болмокчу... Мына, сиздей болуу керек! - деп бирмаалда болушка кошоматтана сүйлөй баштады Эркинбай бай. Жолоочу жигит анын сөзүн бөлүп жиберди:
- Бу бай акем, тонду жакасы жагынан кийбей, этегинен кийип жатат!
Чойбек болуш Куйручукту жалт карады:
- Ап бали! Ушу сөзүң жакшы чыкты. Эр жигит кандай болуш керек? Кана, сен сүйлөчү, мен угайын? - деп ал бейтааныш жигитти кызыга тиктеп калды.
- Баатыр! - Куйручук жигит ушинтип келип сөз улады. - Жакалууну тон дейбиз, жалдууну ат дейбиз! Башы кара, буту айрыны киши дейбиз!.. Бирок, тондун тону, аттын аты, кишинин да кишиси болот. Тон жылуулугу менен, ат күлүктүгү менен айрымаланат. Ал эми киши башындагы акылы, оозундагы сөзү, төбөсүнө конгон бак-дөөлөтү аркылуу өзгөчөлөнөт. ...Эр жигитте үч сыпат болушу керек. Биринчиси - эржигит калайыкка калыс болот, каражемсөөлүктөн алыс болот. Сөзү менен иши төп болот, убадага бек болот. Эл башына түн түшсө, эр жигит эл четинде, жоо бетинде күн көрүп, ээрде уктайт. Эр жигит кыйынкезең чактарда кырчылдатып кыл чайнап, көгала байрак туу сыяк желбирейт.
Эр жигитке керектүү экинчи сыпат бу - ага аккөрпөжайыл жакшына жар керек. Жакшы зайып - эржигиттин учууга канаты, конууга куйругу болот. Жеңилиңди жерден, оорлугуңду колдон алат. Үзүлгөнүңдү улайт, чачылганыңды жыйнайт. Касыңды дос кылат, ачыңды ток кылат. Сарамжалы сары алтын болот, акылыңа акыл кошот. Жогуңду бар кылат, суук кышыңды жай кылат. Эртеги аталар ошондуктан "Катын жакшы - эр жакшы!" дешкен турбайбы...
Эржигитке керектүү үчүнчү сыпат бу болот: Жанжолдошу жакшы болмоюн эржигиттин иши оңолбойт. Жакшы жолдош шилтеген тарабыңа кылычтай чабылат, душманыңа найзадай сайылат. Ар-намысыңа чаң жугузбайт, чымын кондурбайт. Даанышмандар ушу себептүү "Обозгер жакшы - хан жакшы!" дешкен эмеспи. Эразаматка учкаяк ат керек. Күлүк ат минип күүлөнсөң, куусаң жетесиң, качсаң кутуласың. Жакшы ат - эр жигиттин эки канаты!
Чоочун жигит жооп сөзүн бүттү. Үйдөгүлөрдүн баары ыраазы болгондой түрлөнүшүп, шыпшынып калышты.
- Баракелде! - деди Чойбек. - Баса жигит, атың ким, айылың каяк?
Куйручук өзүнүн чоо-жайын кыска жана нуска айтты. Чойбек бүркүткабак, алгыркуш көздөнгөн жигитти жактыра тиктеди. Анан байларды кыйыктап, аларга чоңдук дооматын арта баштады:
- Силер менин соболума жооп айталбай, оозуңарга талкан сугунгансып отурдуңар! Менин назарымды сындырдыңар! А бу жигиттин алдына тооктой тырпырап жыгылдыңар! Эми, айып тартышыңар керек. Үчөөңөр биригип, элүү кой топтоп, эртең күн чыккычакты айдап келип, менин короомо кийирип койгула! Уктуңарбы?
Байлар аргасыз макул болушту. Макул дебегенде айла барбы? Жок деп көрүшсүнчү! Эки сүйлөбөгөн болуш үч байдын арбиринен үч жүздөн кой айдатып албайбы!..
Чойбек Куйручукка жана кайрылып сүйлөдү:
- Тили жорго жигит көрүнөсүң... Бүгүн сыйконогум болуп, үйүмө конуп кет.
Эт бышкан экен... Тасмал жыйылып, колго суу куюлуп, кайтара тасмал жайылды. Табакка улуулата кол сунулуп, устукандар алынды. Туурамчы жигиттер эт туурап бүтүштү. Күлмайда эт үстүнө чучук кесимдери ныкталды. Жаңкы байлар болуштан жазганып, сүрдөшүп, ийменген түрлөнүшүп, табакка анда-санда кол салган болушуп, чоюлуп отурушту. Ал эми жаш чечен үч алым менен эт үстүндөгү чучукту уучтап бүт сугунуп салды. Чойбек байкап отуруптур, ал байларга жана кайрылды:
- Эй, байлар! Береги балага ырыскыңарды жедирип койбодуңарбы! - деди күлүмсүрөп.
Куйручуктун өзү айткандай, анын асмандан түшкөнсүп келип калышы байларга жакпады. Ал эми Чойбек болушка жакты. Үч бай өрүлүккө үч тай жетелеп келгендери аз келгенсип, айыпка жыгылышты. Болушка элүү кой төлөмөр болушуп, үйлөрүнө үшкүрүп кайтышты.
Куйручук болуштун үйүндө түн бироокумга дейре жаагын жанып отурду. Садыр акенин саймалуу сөздөрүнөн, Кыдыр акенин кызыктуу кептеринен, Байзак баатырдын балбан баяндарынан, өз айылындагы күмүшээк карыялардан уккандарын уламалап сайрады. Сөз кудуретине табынган болуштун көзүндө жылдыздар жайнады.
Жарык дүйнөнүн дагы бир жарык таңы атты. Чойбек менен Куйручук бозо ичип отурушту. Үч байдын элүү кою короого кирди. Жаш конок эл эгесинен жолго аттанууга уруксат сурады. Чойбек күмүшкемерин курчанып, Куйручукка үн катты:
- Кел, жигит, экөөбүз дос бололу! Мага жагып калдың!
Куйручук жигиттин көзүндө жылдыздар жайнады. Экөө чыпалак алышып, төш тийгизишти. Дос болууга шерттешти. Куттуу үйдөн куру кетпейт эмеспи. Чойбек жаңы досунун айдалысына сарпайы тон жапты, алдына сарытаман ат тартты. Жана дагы үн катты:
- Кудай сени мага айдап келиптир! А сен үч байдын элүү коюн үйүңө айдап кет!
Жолдуу жигит жай бастырып, айылына баратты. Артында болуштун эки жигити кой айдап, булар келатты. Кудай сүйгөн Куйручук үйүнө жетти. Үч койду өзүнө калтырып, башкаларын айыл-апага таратты. Жер асманга жакындап, Асман жерге жакындап, Куйручук өзгөчө кубанып турду.
Эркалы Өскөналы