Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Айымкана

Кайнененин камырынан
" Кыздын барар жери күйөө" деген сөз бар эмеспи. Аның сыңарындай ар бир кыз бала турмушка чыгып бир үй - бүлөнүн очогун тутантат. Албетте, алгачкы күндөрү түрдүү кыйынчылыктар болот. Алардын эң маанилүүсү ар бир кылган мамилең, жасаган ишиң менен кайнененин сүйүктүү келини болуу. "Ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяаар" дегендей ар бир кайнененин кыялы бар. Ошол кыялдарына жараша мүнөз күтүшөт жана кайненелер да түрдүү топторго бөлүнөт. Эмесе сиз кандай кайнене экениңизди көрүңүз.

\ Өзүмчүл кайнене- булар жолдошунан эрте ажырап, өмүрүнүн көбүн жалгыз бой өткөргөндөр. Өзүнөн башка эч кимге ишенбеген, баардык жасаган иши, айткан сөзү эки болбошун каалашат. Уулунун тоюнда бир сүйүнөт, андан соң тозок күн башталат ал үчүн. Себеби, анын бир гана бактысы баласы жана аны эч кимге ыраа көрбөйт. Үйлөнгөн көндөн тартып башына чоң кайгы түшөт да, келини кылмышкерге айланат. Мындай кырдаалдан кутулуу үчүн "жылуу-жылуу сүйлөсө жылан ийнинен чыгыптыр" ыкмасын колдонуңуз жана кайнененин бардык айткан кебин туура деп кабыл алып турсаңыз бара-бара жеңиш сиз тарапка оойт.
Түбөлүктүүү жаш кайнене- бул түргө кирген кайненеге туш болсоңуз кудайдын бергени дей берсеңиз болот. Алар дайыма өзүнүн келбетине кам көрүп жүрүшөт. Келининин да өзүн жакшы кароосун каалап, сулуулук тууралуу бардык кеп-кеңешин берип турат жана келини менен "подрушка" болуп алуудан кайра тартышпайт. Уул-келининин ортосуна кийлигишпей, дайыма өзү менен өзү. Аларга бир гана "сиз дайым жакшынакайсыз" деген сөз гана жетиштүү, бул сөз менен өзүн дүйнөдөгү эң бактылуу адам сезет. Бирок, бир жаман жери камкор чоң эне боло алышпайт. Андыктан баламды чоң энеси багат деп ишенбеңиз.
Кызматкер кайнене- аты айтып тургандай бул топко киргендер кызмат, карьера дегенде ичкен ашын жерге койгондор. Алар ишке берилип кетишкен жана келин-уулунун жашоосуна анча кызыга бербейт, кийлигишүүнү да каалабайт. Бирок, уулунун эмне иш кылып жатканын, жумушунан көтөрүлүп, эл көзүнө көрүнүүсүн алдыңкы планга коёт. Мындай кайненелер келини менен иши деле жок, үйдө конок катары гана жүргөндөй болот. Бирок, неберелерине алтын убактысын да бөлүп көңүл бурууга даяр.
Идеал кайнене- Бул топко кирген кайненеге туш болсоңуз жашооңуз бейиштегидей өтөт, алар үлгүлүү кайнене, камкор аял, мээримдүү чоң эне, жароокер эне. Жолдошун абдан урматташат жана сизден да баласын сыйлооңузду күтөт. Баардыгына тең карап, келинине баардык жагынан кеңешин берип өз кызындай тарбиялайт, келининин уулу менен болгон мамилесине кийлигише беришпейт. "Кайнененин камырынан" болуп сиз да жолун жолдосоңуз эч өкүнбөшүңүз толук ыктымал.
Командир кайнене- бул түргө киргендер баардыгын өзү эчак эле чечип койгон, эч кимди катыштырбайт. Аларда бир гана "меники туура" деген ой жашайт. Дайыма кыйкым таап урушуп, буйрук берип турганды жакшы көргөндөр жана дагы баардык иште эркек мүнөз болушат. Уулу менен анда-санда гана кеңешип олтурганын көрүп таң каласыз, бирок, баары бир өзүнүн айтканы акыркы чечим болот. Келинди алар экинчи орундагы адам катары көрүшөт.



Кожойкелерге
күмүш сырга
o
Күзгүнү тазалоодо арак же спирт кошулган сууга кебездин жардамы менен сүртсөңүз жаркырап калат. Муздак сууга спинка кошуп пайдалансаңыз да өз натыйжасын берет.
o
Саргарып кеткен эмаль ваннаны бир литр сууга бир чай кашык уксусту же аш тузун да колдонсоңуз өз жардамын берет.
o
Жаңы шыпыргы, швабра, щетканы колдоноордун алдында кайнак сууга самынды эзип бир жарым саат салып коюңуз, андан соң пайдалана берсеңиз көпкө колдоносуз.
o
Килем, паласыңыздын өңү ачык, жаңы алгандай абалга келтиргиңиз келсе кечинде майда аш тузу менен тегиз сээп коюп, эртеси күнү нымдуу тряпка менен тазалап койсо болот.
o
Паркеттелген полду ысык суу жана жуугуч каражаттар менен тазалаганга болбойт. Муздак бир стакан сууга бир аш кашык глицеринди кошуп жуусаңыз болот.
o
Күмүш буюмдар карарып калган болсо анын көйгөйү жеңил эле. Ал үчүн бир литр жылуу сууга элүү грамм сооданы же болбосо бир литр сууга бир аш кашык спирттин аралашмасы менен сүртүп, андан соң кургак кездеме менен кургатып койсоңуз жаркырап чыга келет.
o
Эгер сыр сырдап жүргөн щеткаңыз катып калган болсо уксуска бир аз убакыт кармай турсаңыз калыбына келип, жумшарат.
o
Картошка тазалоодо колдорубуз карарып калат эмеспи. Бул нерседен кутулуу үчүн тазалоонун алдында колду уксус менен сүртүп, кургатып анан жумушка киришиңиз. Андан кийин колду самындап жууп, сөзсүз түрдө крем сүйкөп коюңуз.
o
Эмаль кастрюлдун түбүнө күйүк болуп карарып калган учурда эч качан бычак же башка каражат менен кырбаңыз, натыйжасыз болуп калат. Андыктан жөн гана уксус кошулган сууну түбүнө бир саат кармап койсоңуз болот.
o
Эгер сүт ташып кеткен болсо, ал жерге туз кошулган сууну сээп, андан соң сууланган кагазды үстүнө таштап койсо үйдө жагымсыз жыт калбай кетет.
o
Унга таракандар жолобосун десеңиз, анда анын жолу эң жөнөкөй. Ун салынган каптын тегерегине, каптын үстүнө чала аарчылган чеснокту айланта коюп койсо таракандар жолобой, ун жакшы сакталат.
o
Колдоонуудан кийин мясорубканы жууш сиз үчүн оор болгон болсо, анда сизге жеңил жолун сунуштайбыз. Ал үчүн баардык керектүү азыктарды өткөргөн соң эң артында сыр же картошканы өткөрүп жиберсе жууп кою бир кыйла жеңил болот.
o
Айнек идиштерди жуунун дагы бир жеңил жолу, муздак сууга салып жай отко коюп ысытасыз, андан соң оттон алып качан гана суу муздаганда идишти алып кургатып койсо жаркырап чыга келет.







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??