Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Сандан-санга

Академик, парапсихолог Лариса Асанбекова
Өзүмдү тапкан жол
(Башы өткөн санда)
Кара магия. кайгылуу окуя. Бумеранг

Мен Аллага албетте, жардам бердим, бул үчүн биринчиден Алланы арбактын (күйөөсүнүн) таасиринен (некротический связь) бошотуш керек эле. Эгерде тирүү адам кайгыга батып, күнү-түнү арбак жөнүндө ойлонуп, күйүткө бата берсе арбак тирүү калган жакындарын кыялбай, тирүү адамдарга байланып, өз дүйнөсүнө кеталбай калат. Арбак өзүнө энергияны кайсы адамга байласа, ошол тирүү адамдан алгандыктан, тирүү адамдын энергиясы арбакка кете баштайт да, тирүү адамдын энергиясы азая баштайт. Энергия азайганда адамда ар кандай оорулар пайда болот, же болбосо адамга жашоо кызыксыз болуп, өлүмдөн башканы ойлобой калат. Бул арбакка да жаман болот. Себеби, арбак да өз дүйнөсүндө ар бир денеден жан энергиясын бошотуп, тазаланып, жогору көтөрүлүшү керек болсо, тирүү адамга байланган арбак анте албагандыктан жан энергиясы кыйналат. Экинчиден Алланы "кандай жол менен болсо да өч алуу" жөнүндөгү жаман ойдон арылтуу эле. Себеби, адам канчалык терс ойлорду ойлой берсе андан бешбетер ден-соолугу да, тагдыры да бузула баштайт. Терс ойлор, таарынычтар, ого бетер кара энергияны өзүнө чогултуп, адамдын денесиндеги (энергоденедеги) кара магиянын программасынын жакшы иштешине ого бетер жакшы шарт түзүп берет. Аллага ушуларды түшүндүрүп, Зульфияны да, күйөөсүн да кудайдын сотуна кое беришин сурандым. Себеби, жогорку күчтөр күнөөлүү адамды өздөрү таап, күнөөсүнө жараша жазалайт. Кудайдын жазасынан бир да адам эч качан кутулуп кете албайт. Бир нече сеанстан кийин Алла кадимкидей жакшы болуп кетти.

Бумеранг

Ушундан көп өтпөй сеанска бир аял келди. Эшикти ачаарым менен өтө эле арык, оорулуу аял кирип келип эле менин бутумду кучактай жыгылды. Чочуп кеттип, көтөрүп тургузууга аракет кылдым. Ый аралаш сүйлөп жаткан бул аялдын үнү мага тааныштай сезилди. Көздөрү чүңүрөйүп, кан сөөлү жок жүзүн жаш жууган арык аял мени карап, "Лариса, тааныбай турасыңбы, мен Зульфиямын, кечир мени деп солкулдап ыйлап кирди. Көздөрү бакырайган, толугунан келген ак жуумал сулууча Зульфия көз алдыма тартыла калып, таанылгыс болуп өзгөргөн азыркы кейпине таң кала карап турдум. Дароо Алланын күйөөсү менен болгон окуя заматта көз алдыма тартылып, эми бышактап ыйлап да, сүйлөп да жаткан Зульфиянын сөзүнө көңүл бурдум.

"Лариса, кечир мени, устатым катары сенин сөзүңдү укпай, кара магияны колдонгонумдун акыры келип өзүмдүн түбүмө жетти. Мен акчага кызыктым, себеби, кара магия адамга тез таасирин тийгизип, бирөөлөрдүн башын айлантып же жазалаганда тез жыйынтыгын бергендиктен жана мага адамдар көп акча төлөгөндүктөн ошого кызыктым. Эки балам менен үйүм жок кыйналып жүргөндө азыркы күйөөм менен поездден таанышып калып, анын түндүктө көп акча таап иштерин билгенде башын айлантып, үй-бүлөөсүнөн ажыраштырдым. Кара магиянын жардамы менен күйөөмдү мага өйдө карагыс, айтканымды эки кылбай аткара турган адам кылып алдым (зомби). Мага элдердин менден коркуп турганы жакчу. Башкирияга эки кабат үй салып жакында бүткөнбүз. Бирок, ал үй бизге буйрубады. Бардыгы менин кесепетимен болду. Мен азыр колум менен жасаганды мойнум менен тартып жатам. Мен гана күнөөлүүмүн барына, бирок күнөөмдү кеч түшүндүм. Мен күйөөмдөн да, эки баламдан да, үйүмдөн да айрылдым. Менин да ичээр суум түгөнүп баратат. Кечир мени, кечир кудай, кечир" деп Зульфия көз жашын төктү. Зульфия, сен менден эмес кудайдан, анан Алладан, Алланын балдарынан кечирим сура. А сенин үй-бүлөөң эмне болду?- дедим, Зульфияга суроолуу карап. "Магиянын күчү менен күйөөм менин айтканымды жасаган адам болчу. Кандай жол менен болсо да акча таап келесиң деп күйөөмө программа коюп койгом. Алланын күйөөсүн өлтүргөнүн мага айткан жок, бирок чоң суммадагы акча алып келип, менин колума карматты.

Бир жумага жетпей милиция күйөөмдү кармап кетти. Мен акчаны көргөндө азгырылдым. Үйүбүз толук бүткөнгө жете турган акча экен. Кара магия менен тергөөчү, адвокаттардын башын айланттым эле, "жэтишээрлик далил жок" деп күйөөмдү бошотуп жиберишти. Үч-төрт ай мурун үйүбүз бүтүп, жашап жатканбыз. Газ жарылып, үйүбүз, эки балам менен күйөөм өрттөнүп кетишти. Менин жасаган жаман иштерим үчүн кудай ушинтип жазалады. Күйүттөнбү же кудайдын жазасыбы, ошондон кийин врачтар мага рак деген диагноз коюшкан. Үч айдын ичинде киши тааныгыс болуп өзгөрдүм, жанымдын ооруп, кыйналганын сөз менен айтып жеткире албайм.

Мен Башкириядан туугандардан жолго акча сурап сенден, Алладан кечирим сураганы атайын келдим. Поездде келатып, кечирим сураганга жеткиче жашоо берегөр, күч берегөр деп кудайга жалынып келдим.

Мен дүкөнгө тамак-аш апкелгени чыгып кеткенде биздин үй өрттөнүптүр, өрт өчүргүч келгенче эле баары күйүп кетти (Башкирияда үйлөр жыгачтан салынат). Мен келгенде үй толук жалындын ортосунда калган экен. Өрттү көрүп бир азга нес боло түшүп, анан үйдү көздөй чуркадым. Эл мени күч менен кармап калышты. Ыйлап жатып жалындын ичинен Алла экөөңөрдүн элесиңерди көрүп, күнөөмдү дароо түшүндүм. (Зульфиянын үйү, мен Аллага сеанс өткөрүп жүргөн убакта өрттөнүптүр). Кечир мени, мага кечирим жок экенин түшүнөм, ошондой болсо да кечир"- деп Зульфия олтурган жеринен тура калып менин маңдайыма келип, тизелеп кечирим сурап, жалдырай тиктеди. Зульфия, күнөөңдү кеч болсо да түшүнгөнүң жакшы, кудай кечирсин, мен албетте кечирем, Алланы чакырайын, ошондон кечирим сура дедим. Аллага Зульфиянын келгенин айтпастан келип кетишин сурандым. Алланын иштеген иши мага жакын болгондуктан ал тез эле келип калды. Эшиктен кирип келип Зульфияны карап тааныган жок. Зульфия эми Алланын бутуна жыгылып кечирим сурады. Биринчи түшүнбөй барып, иштин чоо жайын, ким экенин түшүнгөн Алла жалдырап Зульфиядан көзүн албай бир саамга карап турду да анан Зульфияны төшкө түртүп жиберип, кетенчиктей түшүп каткырып күлө баштады. "Кудай, менин өчүмдү алып бергениңе ыраазымын, мени күйгүзгөндөр өздөрү күйүп өлүптүр, ыраазымын, кудай, миң ырахмат!"- деп Алла сүйлөп да, күлүп да жатты. Бири кудайдан кечирим сурап, бири ырахматын айтып жаткан Алла менен Зульфияны эптеп эстерине келтирдим. Алла, Зульфияны табалагандын кереги жок, кудайдын соту адамдын сотунан күчтүү, ар бир адамдын күнөөсү жазасыз калбайт, "алдыңа келсе атаңдын кунун кеч" деген, азыр кечире албасаң да шылдыңдаба, кудай өзү таразаласын деп айтсам, Алла эсине келе калып, жараткан мени кечирегөр сага ыраазымын жараткан. Лариса, сага да ыраазымын, үстүмөн чоң жүк кулап түшкөндөй жеңилдеп калдым. А сени кудай кечирсин, Зульфия, жакшы эле жазаланыптырсың, кеч болсо да өз күнөөңдү сезгениңе ырахмат, башка айтаар сөзүм жок деп Алла чыгып кетти. Зульфияны колумдан келишинче сооротуп жолго салдым. Ал кеткенден кийин, жогорку күчтөргө миң мертебе ыраазычылык билдирип, ибадат кылдым.

Ошондон эки жума өтпөй Зульфиянын каза болгонун капысынан тааныштардан угуп калдым (капыстык эч качан болбойт). Жаткан жериң жайлуу болсун дегенден башка айтаар сөзүм жок. Ушуларды ойлоп олтуруп, Бишкекте да бир-эки окуучум диплом алгандан кийин мурунку адаттарына түшүп кара күчтөргө "жетеленип" кеткендиктерин угуп калып жүргөнүмдү эстедим. Адамдын өзүнүн ички энергиясы таза болбосо, бирөөнүн акылы бирөөгө акыл болбойт окшойт. Жараткан менден кеткен күнөө болсо кечир мени, балким аларга кара энергиянын кесепетин жеткиликтүү түшүндүрө албай калгандырмын... Кандай болсо да жараткан өзүң таразала, жан дүйнөлөрүнө жарык нуруң чачып, азгырыктардан арачала. Жаратканга, жогорку космостук күчтөргө мени жамандыктан коргоп, жакшылыкта колдоп турганыңар үчүн чексиз ыраазымын! Жердеги устаттарыма, жана мага жардам берип турган космостук коргоочу улуу күчтөргө жана мага адилетсиз жамандык жасаган адамдарды жазалоочу күчтөргө чексиз ыраазычылык билдирем!

Космостун бумеранг мыйзамы так иштээрине дагы бир ирээт күбө болуп, ар бир адамды кара күчтөрдөн, азгырыктан сакта деп сурангандан башка айла жок. Себеби, ар бир адам өз тагдырын өз колу менен жасайт.
(Уландысы кийинки санда)





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??