Электен эленген
элита
Атка мингиси келген аткаминерлерди ар аптада бирден иргеп, элдин элегине салабыз. Бул жолу Ташиевдин оң-терс жагын оодаралы, эл не дейт экен дедик…

Суроо:
1. Камчыбек Ташиев президенттикке ылайыктуубу?
2. Анын кандай артыкчылыгы бар?
3. Кемчилиги кайсылар?
4. Ташиев президент болуп калса кандай коом орнойт?

Камчы Ташиев президенттикке аттанат. Эртең президент да болуп калышы мүмкүн. Алгач аттанып аткандар ак көрүнүп, айай сүйлөп, элдин арасында болот. Өтүп алгандан кийин Акүй ичинен чыкпай, кол жеткис жерге отуруп алышат. Бир нече жолу пикет кылып, эл чурулдаса да чыкпайт. Маа демек миң жолу бакыр караанын көрбөйсүң. Азырынча баралек. Баргыча айтчу кебиңерди белендеп, сындап, тыңдап алгыла.


ТАШИЕВДИН АРТЫНАН ЭЭРЧИГЕН КЕПТЕР
Ташиев күтүүсүз шоу кылып, кыйын аброй топтойт. Убагында Башмыйзамды башынан карап, кабыл алып атканда жападан жалгыз туруп ЖоКе залында заңкылдап кыйкырып, каршы турган. Бакиев убагында министр болуп жүрдү. Бирок, артынан көп деле сөз ээрчиген эмес, кызматынан четтегенде бир аз опур-топур болду. Ташиевге Ала-Тоодой аброй алып келген былтыркы Ош окуясы болду. Ажалга башын байлап, "аптамат" алып элдин башында болду. Анысы кийинки парламенттик шайлоодо "Ата-Журтту" ЖоКеге сүйрөп келгенине опол тоодой салым кошту. Жеке Ташиевдин кадыры менен "Ата-Журттун" багы ачылды. Шайлоо убагында оппоненттери шыбады айтор, кылбаган жорукту жасап, "Бакиевдин" бөлтүрүгү аташты. Элди бөлүп, түштүктүн добушун алды дешти. Эмне десе дагы шайлоодо утуп чыкты. Утуп чыкканы менен, кийинкиси кызык. Баары бапырап партияга жамынып депутат болуп, кээ бири кыр көргөзүп, ичтен ирип, ыркы кете баштады. Ташиевди тебишти. Жанында жүргөндөр жүзүн үйрүп, ар кандай ыкмалар менен Камчыкеңдин кадырын түшүрө башташты. Мүнөзү, кенен кең пейил адам. Дардаңбай. Өз жерине өлөрчө жардам кылып, жолуна асфальт төшөп, жетим-жесирлерди көңүл сыртында калтырбайт. Колунда жок билимдүү балдарды чет өлкөгө өз каражаты менен окутуп атат дешет. ЖоКеде Камчыкеңдин камчысы катуу чыкты. Муштумун көтөрө чуркап, Сулеймановду сулайта чапса, Сулаймановдон мурунга жеди. Айтор, ар кандай сөздөр Ташиевдин ташын өйдө-төмөн кулатып атат.


Кубаныч Зайнидинов, журналист:
"Ташиев тышкы саясатта быша элек"
1.Биздин бүгүнкү коомдо президенттикке ылайыктуу дегенди "акчасы барбы, жокпу" маселеси чечип калды. Себеби, дээрлик аткаминер, эл багарларыбыз "акчамдын жоктугунан президенттикке катыша албайм" деп жарыялап жүрүшөт. Бул бизде, биздин чиновниктерде акыл көрөнгөдөн, абийир, ариеттен да акча бийик дегендик. Андыктан акча каражат жагынан Ташиевде мүмкүнчүлүк жогору, патриоттуулук жагынан да бүгүн ылайык келет. Бирок, тышкы саясат, экономикалык маселелер дегенге келгенде Ташиев анчейин быша электей. Анын эң башкы козуру патриоттуулугу анан былтыркы июнь окуясы.
2. Депутат кезинде "менин оокатым өзүмө жетет, мен мамлекеттен айлык алып, уй, машине албайм" деп биринчи айтып, мамлекеттик жеңилдиктерден баш тарткан.
3. Эмоционалдуу, анысын жашыра албайт. Чоң муштумдугун али таштабай келет.
4. Ал президент болсо деле ушул эле кейиптеги коом болот. Коомду өзгөртө турган кыргыздын аткаминерлери али жок. Бирок, тартип жагынан жакшы жылыш болушу мүмкүн.

Назира Тилекова, журналист:
"Ташиев эр жүрөк жигит"
1. Камчыбек Ташиев президенттикке ылайыктуу деп эсептейм.
2. Тайманбас, эр жүрөк, мекенчил, кыскача айтканда, кыргыздын нукура жигитине таандык сапаттарга ээ. Муну Ош окуясындагы эрдигинен да байкасак болот.
3. Ачууга тез алдырат окшойт. Сабырдуулук каалайм.
4. Ташиев келсе Туркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдоганга окшоп эл аралык деңгээлде да тайманбай бетке айтып салган башкаруучу болсо керек. Бетке чабар мүнөздүн терс жактары да болушу мүмкүн, бирок, өз намысыбызды, укугубузду коргоп калышыбыз үчүн мындай лидерлерге муктаждыгыбыз бар. Бекем тартип орнойт го деп ойлойм. Бирок, бекем тартип десе диктаторлукту элестетип албайлы, эл дагы, бийликтегилер дагы мыйзамды сыйлап, мыйзамга баш ийип жашашы керек.

Турат Мадылбеков,
ЖК депутаты, "Ата Мекен" фракциясы:
"Ташиев жердешчил саясатчы"
1.Президенттикке эми көп талапкер аттанып атат. Ар кимисинин ар кандай жактары, артыкчылыгы-кемчилиги бар.
2. Артыкчылыгы аздыр-көптүр саясий чөйрөдө тажрыйба топтоду. Министр, депутат болуп калды. Анан түштүктүк жигиттердин арасында мисалы, Мадумаровдорго караганда сөзүнө турган жигит.
3.Башынан эле шайлоодо дагы регионализмге ыктаган жигит. Мисалы, Өмүрбек Текебаевге салыштырсак, ал киши түштүктүн жигити экенине карабай, Талас, Ысык-Көл, Нарында элдин колдоосуна алынып, баарына бирдей. Президент болом деген адам эч качан жердешчил болбошу керек. Кызматка келип калганда дагы ошол жердешчилдик сезимдер роль ойнойт.
4.Ал эми кандай коом болот аны убакыт көргөзөт.

Азамат ЖЕТИШБАЕВ