Элчиден эки ооз кеп

"Кыргызстанга ар бирибиз карызбыз!"
Манаста "бири кетип Алтайга, бир кетип Каңгайга…" деп айтылгандай, кыргыз чачырап чет өлкөнүн кайсы гана булуң-бурчунда болбосун изи бар. Бул боюнча "Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлиги" иликтеп иш алып барат. Учурда Россиядагы КРнын элчилиги жана аймактарда атайын коомдук өкүлчүлүктөр иш алып барып, мигранттардын укугун коргошот. Айтканга оңой кылган иши кыйын, жат жерде жүргөн мекендештерден кабар алып кайттык.

Кубаныч Анашев, Кыргыз Республикасынын Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин, Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин алдындагы өкүлчүлүгүнүн 1-катчысы:


- Кубаныч агай, күн санап көйгөй менен көп кайрылган кишинин аягы тыйылган жок. Кантип бул кызматты аркалап калдыңыз?
- 2002-жылы үй бүлөөм менен Иркутск шаарына келип, соода кылып көрөлү дедик. Соодага шыгым жок экени биринчи күнү эле билинип калды. Ошол кезде көп нерсеге күбө болуп, жаңы келгендердин кыйналганын, укугу тепселгенин көрүп зээним кейиди. Анда штраф 20 рубль эле болчу. Бир күнү эртең менен соодага келе жаткан аяшымды милициялар кармап алып, акча бер дейт. Ал "менин акчам жок, товарды эми жайып атам" десе, "анда колуңдагы шакекти же сөйкөңдү чыгар" деп коркутушат. "Азыр таап келе калайын" деп бизге ыйлап келиптир. Карасак, тигилер спецмашина менен карап, күтүп турушкан экен, тыйын берип кетирди. Муну айткан себебим, ушул окуядан кийин мен базарды таштап, коомдук ишке өттүм. Көз көрүнө мыйзамсыз кыргыздарды тебелеп атканына, мунун бир айласын издебесем болбойт дедим. Адвокат издеп таап, коом ачалы десем жардам беришти. Ошондон кийин Иркутск шаарында алгачкы кыргыз коому ачылды. Маданий "Дружба" коому деп атадык.
- Ошол кезде башка аймактарда дагы коомдор бар беле?
- Анда Екатеринбур, Красноярск шаарларында гана бар болчу. Красноярскиде татар, орус, азербайджандардын диаспорасы түзүлүп, күчтүү иш алып барып калган. Алар менен таанышып, диаспоралардын чогулушуна катыша баштадык. Ошондон тарта активдүү иш алып барып, маданий иш чара уюштурганга өттүк. Орус жергесинде кыргыздын улуттук оюн зоокторун, майрамдарын майрамдап, спорттук мелдешке катышып, өзүбүз да өткөрдүк. Андан кийин "Токтогул" фондун түздүк.
- Ал фонд кандай максатта түзүлдү, эмне иш кылдыңыздар?
- Фонддун атынан бир нече жолу Орусия бийлигине кайрылуу жасадык. Улуу акын ушул жерде сүргүнгө айдалып келди эле (Иркутск шаарынан 80 чакырым алыстыктагы түрмөдө отурган. Ред.) атын көчөгө бериңиздер дедик. Ал түрмөдө Михаил Фрунзе да отуруп кеткен. Учурда ал түрмө сакталып турат, жарымы оорукана. Барып куран түшүрүп, Токтогул акынды эскерип турабыз. Бул боюнча Кыргызстандагы жазуучулардын кайрылуусун да топтоп алып келдик.
- Көчөнү кайсы шаарга сунуштадыңыздар?
- Иркутск шаарында болгондуктан, аталган шаардын бир көчөсүн Токтогул Сатылганов деп атоосун сурадык. Тилекке каршы канча аракет кылганыбыз менен ишке ашпай калды.
Андан башка "Токтогул баскан из менен" деген даректүү фильм тарттырдым. Ошол түрмөдө 4 жыл отуруп, карагай кыйганга токойго алып баргандан кийин качып кеткен. Фильмде элге жетпеген дагы маалыматтар, бул жактагы тарыхчылар, Токтогул Сатылганов жүргөн аймактар камтылган.
- Мурда коомдук иштер менен алектендим, диаспора түздүм дедиңиз. Азыр министрликтин алдында атайын өкүлү, мамлекеттик кызматкер болдуңуз. Айырмасы кандай экен?
- Жер-жерлерде диаспора жетекчилери эмгек мигранттарынын таламын талашып, укугун коргоп бул кызматта аркалаган милдеттемеге эле окшош иш алып барат. Мурдагы алган тажрыйбам боюнча бул мамлекеттик кызматты аркалап кеткеним жеңил болду.
- Сибирь федералдык округу боюнча тейлейсиз, канча аймак, кыргыздардын канча диаспорасы бар?
- Читадан баштап, Омскиге чейин12 регион, 12 кыргыз диаспорасы бар. Министрликтин коомдук өкүлү ар бир региондо иш алып барат.
- Мигранттар "Россиядан кууп атат, кетирип атат" деп калышат, ушул чынбы?
- Бул чындыкка жатпайт, туура эмес маалымат. Бул башкача өңүттө. Россияда мигранттар боюнча мыйзамдар жаңыланып, күчүнө кирип атат. Өздөрүнүн жарандарын жумушка көбүрөөк алыш үчүн, келген мигранттарга квотаны азайтты. Россиянын өзүндө жумушсуздар, жумушка кезекке тургандардын саны көп, жылдап кезек күткөндөр бар. Ошол себептен мыйзамды сактабай жүргөндөргө чара колдонуп кетирүүдө.
- Биздин жарандар Россияда иштөөгө уруксат алышабы, менин байкашымча көбү документтери толук бүтпөй жүрө беришет экен?
- Былтыртан бери эмгек патенти деп койду. Ага чейин иштөөгө уруксат алышчу. Бул тууралуу атайын алектенген кызматтар бар. Алгач мигранттык учетко туруп, 3 айдын ичинде патент же жумушка уруксат алуу керек. Кыйын эмес, оңой эле бүтө турган нерсе. Биздикилер орус тилинен кыйналып, мыйзамды билбей, кээ бири такыр маалыматы жок келип алып убактысы өтүп кетет. Патент алуу көп деле түйшүк эмес, мамлекетке төгө турган мыйзамдуу суммасы бар.
- Демек милиция көрсө тыз коюп качпай, аз эле акча экен уруксат менен мыйзамдуу иштесе болот тура?
- Албетте жеңил болот. Көпчүлүк келгендер эч нерседен кабары жок эле келе беришет. Ары-бери урунуп анан иштин көзүн табышат. Документтин жол жобосун айтсаң, "мен билбепмин, укпапмын" дешет. Иштөөгө уруксат Красноярск шаарында 2 жылга, кээ бир аймактарда 1 жылга берилет.
- Жумушка жеңил болсун деп Россиянын жарандыгын алгандар көп экен…
- Бир жагынан бул өкүнүчтүү көрүнүш. Келип отурукташып калгандарынын эч кеткилери жок. Алар мекенге барбай коюу коркунучу бар. Андан өкүнүчтүүсү бала-чака менен келип атабыз, бул жактан наристелер төрөлүп атат. Алар Кыргызстандан алыс өсүүдө. Кийинки муунду жоготуп алуу коркунучу бар. Ал эми мурда келип, "Кыргызстанга баргыбыз жок" деп чангандарга айтат элем. Ошол Россияга келип иштөөгө шарт түзүп, акыл берип, билим берип, эрезеге жеткирген Кыргызстан. Демек Кыргызстандын алдында өмүр өткөнчө ар бирибиз карызбыз.
Дайырбек Орунбеков
Красноярк-Бишкек-Красноярск