26 манжалуу кыз
Мянманын кичине тургуну 26 манжалуу кыз "Гиннесстин китебине" кирүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Себеби, кичинекей Лэй Яди Мин кадимки наристелерден манжалары менен айырмаланат. Анын манжалары 26, колунда алтыдан 12 манжа, бутунда жетиден 14 манжа. Лэйдин энеси Пхьо Мин Миндин айтымында кызына ашыкча манжалар тоскоолдук жаратпайт. Тескерисинче буюмдарды бек кармоого жардам берет. "Гиннесстин китебине" кирүүгө кандидат болгон Мьянманын кичине тургунунун конкуренттери көп экен. Учурда "Гиннесстин китебине" 5 жана 15 жашар балдар кирген. Алардын колунда 12 манжа бутунда 13 манжа бар. Булардан тышкары Индияда бутунда 16 манжалуу бала бар экени айтылып келет.


80 кг шишик менен жашаган бала
31 жаштагы Вьетнам тургуну Нгуен Дуй Хаи бала кезинен шишик (опухль) менен жабыр тартып келет. Хаинин айтымында ал бул илдет менен 14 жылдан бери кармашып келатат. Учурда бутундагы шишик 80 килограмм, диаметри 1 метрден ашык. Хаи өз алдынча эч нерсе кыла албайт. Баланы 61 жаштагы энеси карайт. Анын үй бүлөсү операция жасатууга каражаты жок. Ханойск бейтапканасынын жетекчиси Ву Вана Тхача, "өлкө боюнча катталган эң чоң шишик. Мындай чоң шишиктин өсүшүнө генетикалык мутация түрткү болгон" деп түшүндүрөт.


Дүйнөдөгү эң капалуу үлпөт той
21 жашар Кэти рак оорусу менен алпурушуп келген. Жашоонун жыргалын 23 жашар Ник менен көргүсү келген Кэти илдеттен арылсам деген үмүтү акырына чейин үзүлгөн эмес. Кэти менен Ник мектеп партасынан бери сүйлөшүп жүрүшкөн. Үлпөт тойдо рак өпкөсүн өлтүрүп жүрөгүнө бараткан. Эч кандай дары жардам бере албай калган эле. Бирок, Кэти алсыздыгына карабай өзүнө күч топтоп сүйүктүүсүнө турмушка чыгып 5 гана күн бирге өмүр сүрүп бул жашоо менен коштошкон. Бул үлпөт той дүйнөдөгү эң капалуу той болуп эсептелет.


Укмуш бала
Омск шаарынын кичине тургуну Аня чындыгында укмуш бала десек болот. Себеби, 8 жашында 3 рекордду багындыра алган. 14 жаштагы Аня "Мазда" үлгүсүндөгү 2 унааны тартат, сынган айнектердин үстүндө жылаң аяк басат, грелканы жарылгыча үйлөй турган касиетке ээ. Аня 9 жашында акробатика боюнча спорттун чеберине кандидат болгон. Жаш кыз канчалаган физикалык көнүгүүлөрдү жасабасын эч кандай чаалыгып чарчоону билбейт. Анын "Гиннесстин китебине" кирүүсүнө атасы түрткү берген. Атасы Сергей, кызы "Гиннесстин китебине" 10 жолу кирсе дейт. Рекордсменканын селкинчек тээп ойноого убактысы жок. Мектеп, машыгуу деп уйкуга араң убактысы бар.


Запороже. "Салют" ден соолукту чыңдоочу жаш балдардын лагеринен 18 баланы шаардык бейтапканага жеткирүүгө туура келген. Медиктердин айтымында жаш балдар ууланган. Балдардын бардыгы кусуп ичтери ооруганын айтышкан. Мындай суук кабарды уккан ата-энелер кооптонуп, балдарын лагерден алып кете башташкан. Мындай терс көрүнүштү кайталабоого аракет жасашып, лагерди убактылуу жабышты. Учурда уулануунун себептери иликтенүүдө.


Татарстан. Куйбышев суу сактагычында чөккөн теплоходдо набыт болгондордун саны 92ге жетти. Бул маалыматты РФнын транспорт министри Игорь Левитин билдирди.
Татарстандын саламаттык сактоо министринин айтымында өлгөндөрдүн ичинен 7син туугандары тааныган, алардын ичинен 12си жаш балдар. Туристтерди ташыган судно Болгар шаарынан Казанды көздөй бараткан. Такталбаган маалыматтарга караганда суднодо 192 адамдан 209 адамга чейин болушу ыктымал. Алардын ичинен 79 адамды куткарууга үлгүрүшкөн.


Сирия. 11-июлда Асаддын тарапкерлери АКШнын Сириядагы элчилигине чабуул жасашып, анын дубалдарын бузууга аракеттенип, таш, помидор жана жумуртка менен аткылашкан. Митингчилер элчиликтин сакчылары курал колдонгондо гана токтошкон. АКШнын элчилигинен тышкары, Франциянын элчилигине да кол салуу болду. Элчиликтерге чабуул АКШнын жана Франциянын Сириядагы элчилери Хама шаарына баргандан кийин башталды, ал жакта өкмөткө каршы митингдер өтүүдө.





Миладзенин сыры ачылды
Көп жылдан бери Валерий Миладзе "ВИА Гранын" солисткасы Альбина Жанабаева менен болгон мамилесин жашырып келген. Альбина менен Миладзенин ысык мамилеси Миладзенин аялына да, журналисттерге да билинбей келген. Кыңыр иш кырк жылда деген чын белем, жакында бардыгы ачыкка чыгып отурат. Миладзе менен Альбинанын ортосунда бала бар экени да маалым болду. Ал эми Миладзенин аялы Ирина эч кандай ажырашуу болбосун айтууда. Бирок, Миладзе Альбина менен мамилесин досторунан жашырган эмес. Эскерте кетсек Яна Чурикованын тоюнда "горько!" деген кыйкырыктан кийин Альбинанын оозунан өпкөн. Анда Басков "Валерий эми сүйүүсүн билдирди!" деген эле.


Волочкова сүйгөнүн жашырат
Орусиянын белгилүү балеринасы Анастасия Волочкова бир кечеге жалгыз келген. Бирок, сүйүктүүсү сыртта темир тулпар менен күтүп тургандыгын айткан. Настянын жүрөгүн багынткан мырза эмнеге жашынат деген суроого, балерина жигити өзүн пиар кылганды жактырбагандыгы менен түшүндүргөн. Анан да ал сырдуу мырза шоу-бизнеске эч кандай тийешеси жок экени маалым болду. Анастасия кечеде деле көпкө болгон эмес, сүйрөтчүлөргө түшүп берген соң сырдуу жигити менен кетип калган.



Рики Мартин эмнеге коркту?
Америкалык ырчы Рики Мартинге интернеттен коркутуу болгон. Артист өз жашоосу үчүн кооптонуп, полиция кызматкерлерине кайрылган. Имиштерге караганда ырчыга Twitter'ден кат келген. Катта төмөндөгүдөй жазылган: "Скоро они будут плакать, потому что ты будешь мертв". Бул катты ырчы Лондонго чыгар алдында алган.


Бэкхемдин кызынын
аты эмнени билдирет?
Бэкхемдин үй бүлөсү кыздуу болгонун жар салып чыгышты. Кубанычка бөлөнгөн ата-эне кызына Харпер Севен деген ысымды беришти. Бэкхемдин кызынын оригиналдуу аты эмнени түшүндүрөрү баарына кызык болду. Көрсө Харпер англичандардын эски аты экен. Бул атты Виктория мурдатан жактырып жүргөнү да белгилүү болду. Ал эми "Севен" жети деген сан, бактылуу сан десе болот. Ымыркай да таңкы 7 де, 7-айда төрөлгөн. Ал эми Бэкхемдин күйөрмандары Севен Бэкхем "Манчестер Юнайтедде" ойногон номер деп божомолдошууда. Ошондой эле кызды Харпер деп атоо идеясын агалары Бруклин, Круз, Ролмео "Волшебники из Уэверли Плейс" телешоудагы персонаждан алып айтышкан.