Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Байкоочулардын папкесинен

Кыргыз өкмөтүнө карашту 41 мамлекеттик министрлик, агентство, мекеме-ишканаларда коомдук кеңеш түзүлгөн. Алардын иш алып баруусу туурасында ар кандай кептер жүрүп жатат. Бири жакшы дешсе, экинчилери министрликтердин камчысын чаап жатат дешет. Өткөн аптада байкоочулар кеңеши конференция өткөзүп, жасап жаткан иштерине токтолушту. Биз да жыйынга катышып, байкоочулар кеңешинин айрым өкүлдөрүнө суроо узаттык.

Токтогул Какчекеев, саясатчы, Коргоо министрлигинин алдындагы байкоочу кеңештин төрагасы:
"Коргоо министрлиги 100% акчасынын 47%ын гана алат"
- Токтогул мырза, сизге байкоочу кеңештин төрагасы эмес, саясатчы катары кайрылгым келип турат. Байкоочу кеңеш бизге кереги барбы?
- Бул маселе абалдын кыйынчылыгынан улам чыккан. Эл аралык эксперт коомчулугунун эсеби менен Кыргызстан артынан экинчи орунду алат, биз жеткен коррупциялашкан мамлекетпиз. Айласы кеткенинен бул тажрыйба революциячыл мамлекеттерде болгон. Мисалы, февраль революциясынан кийин орус өкмөтүндө комиссарларды даярдап, бардык мекемелерге өздөрүнүн өкүлдөрүн коюшкан. Cовет өкмөтү да бийликке келгенде Октябрь революциясынан кийин өздөрүнүн комиссарларын падышадан калган байлыктар сыртка чыгып кетпей, орус элинде калыш үчүн өз өкүлдөрүн көзөмөл жүргүзүүгө коюшкан. Мына бүгүнкү күндө Кыргызстан да ошол абалда турат. Өлкө экономикалык жактан өтө оор шартта. Бул шарт Акаев учурунан бери түзүлүп келе жатат. Анткени, биздин бийликке ылганбаган коммунисттик партия кызматтарындагы чала сабат адамдар келип, кийинки бийликке келгенде 80 жылдан бери тургузган совет өкмөтүнүн байлыгын менчиктештирип, ага алымсынбай дагы өздөрүнчө жүзү каралык иштерин жүргүзүшкөн. Бүгүнкү күндө көмүскө экономика 70%га жетти деп атат. Менимче 80%га жетти. Анткени, кыргыз бийлиги илдет жолго түшүп алышып, кыргыз элинин өлөр-тирилерлигин билбегендиктен мигрант болуп чет мамлекеттерге кетти. Мындайча айтканда кайтарылгыс жолго кетти. Жарым миллиону чет өлкөнүн атуулдары болуп алышты. Мына ушуга окшогон маселелерди түшүнбөгөн, элди санаага салган адамдар бийликке келип отурат.
- Байкоочу кеңеш кандай кызмат аткарып жатат?
- Байкоочу кеңеш жогорудагы маселени, жок дегенде уурулукту азайтканга аракет жасап атат. Бирок, биз жеке эле уурулук эмес, кызматка келген адамдын даярдыгын да карашыбыз керек. Маселен, учурда Чүй облусунда сот болуп жатат Камчы Көлбаевди актап койгондугу үчүн, бул деген уюшкан адвокаттардын көптүгү, алардын таасири чоң экендигинин далили болуп жатат. Мына ушундай убакта биздин көзөмөл уюмдары өзүнүн ачык сөзүн президентке жеткизип, ал киши иш жүзүнө ашырганга аракет кылып атат.
- Азыр байкоочу кеңеш пулуң болсо кулуңмун дегендей эле болуп атат дегенге эмне дейсиз?
- Жок андай эмес. Маселен, мен эч кимден коркпойм, бир кудайдан анан абийиримден корком.
- Байкоочу кеңеш деп ар бир министрликтин алдында түзүлүп жатат. Бирок, ошол кеңешке мүчөлүккө министрлердин тааныш-билиштери келип албайбы?
- Мага маселен солдаттардын энелеринин коому келген. Сизге биз ишенебиз, сиз адилеттүү, таза адамсыз дешкенде мен айттым. Мен тазамын, аскер кызматын өтөгөм, бирок, ороймун, керек болсо чаап да жиберем десем. Ал киши жок эми сиз андай кылбайсыз, улгайып калдыңыз ал нерсени жаштар жасайт го дейт. Анан ары карап ыйлап, бери карап күлүп ушундай адамдар ишеним артып жатышса кантип барбайм дедим. Бир ишти баштаган соң акырына чыкмайын тынч уктай албайм. Анткени, бул милдетим.
- Кандай иштерди аткара алдыңыздар?
- Коргоо министрлиги, полковник, генералдар биз менен дайыма кеңешишет, биздин жыйындарда министрдин биринчи орун басары дайыма отурат. Бизге кабинет уюштурду, бүгүнкү күндө Министрликтин интернетинде биздин ОNS деген порталыбыз бар. Бул эмне жетишкендик эмеспи. 10-июнда Ош коогалаңы кайрадан тутанат деген кооптонуулар болду го. Ошол учурда биз куралдуу күчтөрдүн бир аскер бригадасын Ала Букага жайгаштырдык. Эң алды жеп ичкич паракорлордон өлкөнү тазаласак деген ойлор бар.
- Анан паракорлорду кармап атасыздарбы?
- Коргоо министрлиги 100% акчасынын 47%ын алса, башына тартса аягына, аягына тартса башына жетпеген иш болуп атса кайдагы паракорлук.




Абубакир Жураев, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы коомдук байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары:
"Жаш мугалимдерди колдоого аракет кылдык"
- Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн коомдук кеңеш кандай иш алып барып жатат?
- Биздин байкоочу кеңеш 2011-жылы ноябрь айында КР президентинин указынын негизинде түзүлгөн. Быйыл жети жыйын өкөрдүк, анда Кыргызстандагы болуп жаткан окуу процесстери боюнча министрликке бир топ сунуштарды киргиздик. Ошол сунуштардын 70% аткарылды. Коомдук кеңеш уюшула электе министрликтердин жасаган иштери коомго белгисиз болчу. Былтыр мугалимдердин айлыгын көтөрүү маселесинде өкмөт бизди айлыкты эсептөө методикасынын группасына киргизип, ошол группада иштедик. Жыйынтык боюнча мугалимдердин айлыгын көтөргөнгө аракет кылдык. Кемчиликтер болду, мисалы, биз жаңы Университетти бүтүп барган мугалимдерге айлык акыны жогору коюну койгонбуз. Себеби, алар мектепке барбай турган болсо жалаң пенсиядагылар иштейт. Анда мектептин келечеги кандай болот деген суроо туулат. Биз категория дегенди алып салууга, жаш мугалимдерге көбүрөөк айлык берип колдоого аракет кылганбыз.
- Айрым жерлерде мугалимдер жогорулатылган айлыгын алыша элек дешет. Сиздер ушул маселени да карайсыздарбы?
- Карайбыз, бирок, бизде азырынча мындай маалымат жок. Билим берүү министрлигинде айлыкты бергенге мүмкүнчүлүгү жок экен себеби, айлыкты өкмөт финансы министрлиги аркылуу казначействодон айыл өкмөттөрүнө берип, айыл өкмөттүн бухгалтери айлык таратат экен. Билим берүү министрлиги буга кийлигише албайт. Бир гана айлыктардын методикасын жазып чыгып, ошону жеттиби, жетпедиби мониторинг катары гана билгенге болот. Биз азыр өкмөткө айлыкты райОНО аркылуу бере тургандай кылып маселени карап көргүлө деп кайрылдык. Себеби, 450 чукул айыл өкмөтү бар, ар бир айыл өкмөттүн бухгалтери жогорудагы методика менен сабаттуу деп айта албайбыз. Эгерде сиз айткандай айлыгын эски боюнча алышса анда бизге кайрылсын, биз иликтеп көрөбүз, туура эмес эсептөөлөр болгон болсо анда алар жоопко тартылат.
- Коррупциянын алдын алуу негизги милдетиңер. Алдын алып атасыздарбы?
- Баланча мугалим акча алып атыптыр деген кездеше элек. Мисалы, ар бир мектептин фонду бар, ошол фондду жоюп салсак коррупция маселеси өзүнөн-өзү жоюлат.
- Азыр ЖОЖго өтүү үчүн "шапка" берүү деген түшүнүк жашап калган. Муну кантесиздер?
- Өзүм да мугалиммин. Эгерде маалымат болсо кайрылыңыздар. Бирок, быйылкы жылы сунуш боюнча күндүзгү бөлүмгө экзамен болбойт. Республикалык тесттин жыйынтыгы менен кабыл алынат. Ал жерде рейтинг боюнча өтөт. Эч кандай коррупция болбойт. Бир гана коррупция болушу мүмкүн, чет элдик жарандарга, сырттан окуу бөлүмүнө окугандар экзамен тапшырышат, мына ошол жерде болушу мүмкүн. Бирок, жылдан жылга өзгөрөт, эмки жылы сырттан окуу бөлүмүн да тестирлөө жолу менен алганга сунуштайбыз.





Олжобай Каратаев, тарых илимдеринин доктору, профессор, мамлекеттик дин иштери боюнча байкоочу кеңешинин төрагасы:
"Ажылыкка барууда коррупция күч алган"
- Биздин кеңештин уюшулганына бир аз эле болду. Уюшулган күндөн тартып мамлекеттин дин иштери боюнча комиссия менен тыгыз иш алып барып жатабыз. Алардын ар биринин өзүнчө спецификасы бар. Биздин аткарган функция татаал. Өлкөбүз көп улуттуу. Ажылык сапарга аттанууда коррупция күч алган. Учурда биздин мекендештер баш прокуратурада тергөөдө отурушат. Бул ишке мусулмандар башкармалыгы гана эмес, өкмөттүн структурасынан катышкан адамдар көп. Себеби, жылына Кыргызстанга берилген 4500 квотанын жарымы гана барат. Анткени, анча киши бара албайт. Виза берилет алардын айрымдарына кошуна мамлекеттердин жарандары кыргыз паспорту менен барып жатышат. Ал визалар Туркияда, Иранда бир топ акча турат экен. Кениялыктар кыргыз паспорту менен кармалган, кыргызмын дейт, өңү негр. Кудайга сыйынып, жакшы иш кылайын дегендер талап-тоноп аткан соң, коррупциянын жеткен чеги деген сөз. Ыйык жерге барып сыйынып келели деген адамдарды талап-тоноодон өткөн күнөө жок.
- Ажылык сапарга кененирээк токтолсоңуз?
- Ажылык сапар боюнча ЖК мыйзам долбоору кабыл алынды. Анда бул иш Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгына берилди. Алар быйыл өздөрү алып барышат, өздөрү жооп беришет. Ал эми буга чейинки болгон коррупциядан кутуулунун бир жолу деп атышат. Бул деген коррупциядан кутулуу эмес, тек гана ошол ызы чуудан алыс бололу деп берип койду. Мусулмандардын башкармалыгы мамлекетке баш ийбеген уюм. Бизде мыйзам боюнча дин мамлекеттен бөлүнгөн. Бул убактылуу гана, коррупциянын бардыгы ошол жерде болот. Мамлекеттин дин комиссиясы, коомдук байкоочу кеңеш, МУКК, ТИМ визага жооп берет, ИИМ тыгыз иштеп көз салат.
Мээрим Айталиева







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
а ­е¦Є.НҐй«