- 30-октябрь президенттик шайлоо күнү болуп белгиленди, ким президент болсо деп ойлойсуз?
- Парламенттеги депутаттардын иштерине кандай баа бересиз?
- Кайда барып эс аласыз?
Зуура Толубаева, студент:
o Президенттикке татыкттуу деп Адахан Мадумаровду эсептээр элем. Себеби, ар бир сүйлөгөн сөзү курч, жасаган жумуштары өз натыйжасын берген эл уулу. Анан дагы жаштар менен көбүрөөк иш алып барып, аларга дем-күч берет.
o Мына электен иргелип, депутаттардын кимиси кандай иш алпарып жатат көрүнүп турат. Азыркы депутаттардын ичинен Равшан Жээнбековду эл үчүн көбүрөөк иштеп жатат деп ойлойм
o Абасы таза, арчалуу кыргыздын жайлоосуна барып эс алганга эмне жетсин. Мен буюрса жайлоого барып эс алсамбы деп турам.

Мамашариф Мергенов, инженер-куруучу:
o Ким болсо дагы элди бага турган бирөө болсо, а ким татыктуу экенин айта албайм.
o Эч нерсени көрө алганым жок, иштеген эч кимиси жок. Эл баягы эле жерде турат. Парламенттегилер чырдашып, бири-биринин бетине көө жабуу менен эле алек. Көзгө көрүнүктүүсү болбоду.
o Үйгө барып кенен олтурсам ошол менин эс алганым.

Иса Алибаев, экономист:
o Татыктуулары бар. Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевди эсептейм. Алмазбек Атамбаев иштеп атат, бирок эмнегедир "буксует". Эки ууч кыргызбыз бөлүнбөшүбүз керек, трайбализм күчөдү, түндүк-түштүк деген оору жабышты. Кимиси болсо да эл үчүн иштесе экен деген эле ой.
o Булар эми үйрөнүп келе жатат, эмнегедмр көңүлүмө толгон жок. Ал жердегилер баардыгы алигархтар экен, биринин сөзүн бири жактырбай бөлүнүү-жарылуу болгонун көрүп атпайбызбы баарын. Өз деңгээлинде иш алып бара албай жатышат.
o Кыргызстандын баардык жеринде эс алсаң болот, баардык жеринде эс алам, баардык жери бейиш. Мына азыр да бул жерде отурганым эс алганым, себеби бул кыргыз жери.

Алтынбек Алымов, ырчы-обончу:
o Алмазбек Атамбаевди татыктуу деп эсептейм. Алып барган саясатын баалайм, өлкөнү алдыга жетелеп кете алат деп ишенем. Кудай деп жүргөн киши экен, кудайдан корккон киши жаман иштерге барбайт да.
o Баары эле кылып атышкансыйт, бирок жыйынтыгы жок. Алга жылыш үчүн бири-бирине болгон бут тосууну токтотуш керек го дейм.
o Жай мезгили кирип келди, кыргыз жеринин керемети болгон Ысык-Көлгө, ата-энемдин жанына барып эс алсамбы деп турам.

Азиз Абылдабеков, програмист:
o Баары эле иштеп көрдү, эми татыктуураак деп Өмүрбек Текебаевды эсептейм. Атамбаев пьремер-министр болуп турганда ал дайыма оппозицияда жүрдү, азыр деле оппозицияда. Мен ошол адамды президенттикке татыктуу деп ойлойм.
o Мени негизинен эч кимиси канаттандырган жок, баардыгы эле өзүн ойлошот. Мамлекеттин экономикасын ойлоюн деген эч ким жок. Акыры жүрүп биз бытырап кетпесек эле болгону.
o Буюрса жакында көлгө бараып эс алып келем.

Ысакбай Курманалиев, врач:
o Азыр айталбай турам, саясат деле ирээтсиз. Татыктуулары бар бирок, алардын программалары менен таанышкан соң гана айтпасак. Менимче сырттан келген бирөө болсо кандай болоор эле дейм.
o Жөн гана чечип койчу маселени чечиш үчүн канча олтурушат талашып-тартышып. Ар ким өзү үчүн жашап, ар кимиси өз көмөчүнө күл тартып аткандай.
o Мен Москвада жашайм, Кыргызстанга эс алганы келдим.

Гүлзат САДЫРБЕК кызы