Сахнатөр

Фархат Кеңешбек уулу:
"Сүйүүм "Кайдагы сүйүү" болуп кеткен"
- Фархат, ырчылык карьераңды баштаганда кандай кыйынчылыктарга туш болдуң?
- Ар бир ишти баштоодо оор болот эмеспи. Шоу дүйнөсүнө аралашпагандыктанбы, айтор мага деле оор болгон. Бирок, бат эле өздөштүрүп кетүүгө аракет кылдым. Убакыт өткөн сайын ал кыйынчылыктарды унута баштайт экенбиз.
- Жаш ырчылардан алда канча эрте чыксаң да популярдуулук жактан артта калгандайсың. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуң?
- Негизи популярдуулукка умтула бербейм. Анын үстүнө окуу жайды бүтүрүп, окууга алаксып, ишке аралашып калдым.
- Кесибиң ким?
- Кесибим боюнча бажы кызматкеримин. Андан тышкары Инженер-програмисттик кесиптин да ээсимин.
- Дипломду чаң бастырбай иштейин деген ой барбы?
- Албетте, иштейм деген ой бар. Учурда башка иштер менен алектенип жүрөм, бирок, кесибим менен иштегенге аракет кылам.
- Сахнаны таштайсыңбы?
- Жок, андай ойдон алысмын. Бардык жакты чогуу алып кеткенге аракет кылам. Убакытты туура бөлүштүрүп бардыгына жетишсе болот.
- Күйөрмандарың пайда болуп, сүйүүсүн билдирген учурда кандай абалда болдуң эле?
- Жакшы эле абалда болгом. Күйөрмандардын да ар кандайы болот. Бардыгына жакшы мамиле кылуу менен кутулгам.
- Алардын ичинен өзгөчө кадамдарга баргандар болду беле?
- Айрыкча кыз кишилер сүйүүсүн арнашат. Бир күйөрманым болчу жалаң жакшы сөздөрдү арнап, мени күйөрман катары караңыз деп кат жазып, телефондо сүйлөшүп жүрдүк. Бирок, көргөн жомун өзүн. Жакында эле чалып турмушка чыктым деп айтты.
- Кыздар сүйүүсүн арнайт деп калдыңыз. Кыргызда бул жат көрүнүш дешет. Сиз кандай көз караштасыз?
- Бул нерсе эми таң калыштуу эмес. Мурун болсо кыздар уялып, балдарды көзүнө карачу эмес. Азыркы жашоодо жакшы эле көрүнүш го. Жашоо турмуш өзгөргөн сайын өзгөрөт экен.
- "Кайдагы сүйүү" деген ырың сүйүүдөн жабыркаган адамдын ыры. Өзүңдө да жоопсуз сүйүү болуп, ырдагыдай сүйүүңдүн гүлү соолуду беле?
- Адам баласы болгон соң сүйүү болбой койбойт да. Менде деле болгон. Кандайдыр бир себептер менен ошол ырды жактырып калып, чын жүргүмөн аткарганымдан элдин жүрөгүнө жеткен болсо керек. Сүйүүмө жетпей калган эмесмин, ортодо пикир келишпестиктер болуп, кайдагы сүйүү болуп кеткен.
- Репертуарыңдагы кайсы ырың менен сыймыктана аласың?
- Көп эле ырларым бар. Өзүмө көп деле билинчү эмес бирок, "Кайдагы сүйүү" деген ырымды эл жакшы кабыл алат экен. Акыркы ырларыман ошол "Кайдагы сүйүү" аттуу ырым менен сыймыктансам болот го. "Эң кымбатым ата энем" деген ырым өзүмө абдан жагат. Анткени, ата-энеме арналып жазылган. Негизи эле жүрөгүмө жакын ырларды тандаганга аракет кылам.
- Азыр баары жайкы эс алууга кетип жатат. Сен кайда эс алайын деп жатасың?
- Жакшы эс алганга аракет кылам. Чет мамлекетке барам деп айта албайм. Ысык Көлгө досторум менен эс алып келсем деген пландар бар. Жакын арада Суусамырга барып бээнин сүтүн ичип, таза аба жутуп, ден соолукту чыңдап келем. Гастролдорго көптөр суранып жатышат, ал жагын да ойлонуштурам.
- Азиза менен жакын мамиледе дегенге кандай жооп кыласың?
- Азиза менен биринчи концертимде дует ырдагам. 3 жаш улуу болсо да Азизаны атынан да айтпай Азиза эжеке дейм. Азиза эжеке менен сый мамиледемин. Үй бүлөсү менен эже, жезде деген мамиледемин. Азыр бирөө менен дует ырдадың дегенче бүттү сүйүшөт, күйүшөт деген сөздөрдү чыгарышат.
- Азыркы ырчылардын көбүнүн үнү жок, үндөрүн компьютерден жасап алышат дешет. Сен да үнүң жетпей калган жерлерин жасатып аласыңбы?
- Азыркы ырчыларга кандай гана сындар айтылбайт. Үндү бардыгы эле компьютерде жазышат. Ар бир ырчыны эл өзү баалап алат. Анча мынча жери болбосо өзүм эле ырдаганга аракет кылам. Ырларымды жакшы аткарып элге жеткирүүгө аракет кылам.
- Сахнанын артында Фархат кандай?
- Сахна артында Фархат жөнөкөй жигит.
- Сахнадагы кызыктуу учурларың менен бөлүшсөң?
- Бир ирээт Канымжан Жаманбаева эжекебиздин концертинде ырдап жатсам сахнага бир кыз келатат. Колунда гүл деле жок, эч нерсе жок. Түптүз мага басып келатат. Чындыгында корктум эмне кылат деп. Түптүз басып келип туруп телефонун бетиме такап сүрөткө тарткан.
- Ал кызды эмне кылат дедиң эле?
- Ар кандай адамдар болот. Колуман микрафонду жулуп алабы дейсиң. Ошончо элдин көзүнчө уят кылабы деп ар нерсени ойлондум.
- Кандай пландарың бар?
- Акыркы кездери окууга байланыштуу тыным алып калдым. Буюрса чыгармачылыгымдын үстүндө катуу иштеп жатам. Студия ачкам. Жакшы ырларымдын жаралып атканына ошол студиянын да таасири болуп жатат го. Күзүндө альбом чыгарып, отчеттук концерт берейин деп атам.
- Ак жоолук планга кирген жокпу?
Ошол жагы да быйылкы планда бар. Жүрөгүмдүн ээсин тапканда биринчи силерге сүйүнчүлөйм.
Гүлзина
Бакытбек кызы