Тырмагыңды көрсөтчү,
ким экениңи айтайын
Жан дүйнөнүн күзгүсү биргана көз эмес тура. Тырмак да көп сырды ичине катат экен. Тырмак айрыкча айымдарыбыздын алып жүрүүчү визиткасы болуп эсептелет эмеспи. Мына ошол тырмактардын формасы, боегу аркылуу биз алардын кулк мүнөзүн да биле алабыз.

o Ачык күлгүн - бул өңдү өзүн жакшы караган камкор, оптимист ачык селкилер колдонушат.
o Кызыл - мындай өңдү алып жүргөн айымдар сексуалдуу келишет. Кайсыл жер болбосун көңүл чордонунда болушат. Дагы бир артыкчылыгы каалаган нерсесин тартынбастан жасай алат.
o Күңүрт түстөгү кара, көпкөк лак менен боенуп жүргөн селкилерди көрсөңүз өзүн бийик сезген, мүнөзү катаал деп биле бериңиз. Мындай айымдар анча-мынча мырзаларды теңине албайт.
o Көп учурда тырмактарына кооз сүрөт түшүрүп алгандарды кездештиребиз. Эгерде сүйүктүүңүз мындай типке кирген болсо анда табиятынан сулуу, назик кызга кезиктим деп биле бериңиз.
o Боз түстүн сүйүүчүлөрү көп учурда бисексуалдар же моданын артынан кууган айымдар болушат.
o Ачык түстөргө боегон селкилер өздөрүнө ашыкча көңүл бурдуруудан коркушпайт. Анткени, ал айымдар өзүнө ишенген, энергиясы күчтүү болушат.

Кыска тырмактар
Кыска тырмактын кожоюндары чыдамкай келишет. Алар менен баарлашуу абдан кызык бирок, көк беттиги менен оюнун кыскалыгы бардыгын бузуп коет. Мындай адамдардын басымдуу бөлүгү жүрөк, кан тамыр, нерв оорулары менен оорушат.
Өтө кыска тырмактар
Узуну да туурасы да кыска тырмактуу мырзалардын жини мурдунун учунда болуп, эмоцияга көп алдырышат. Ал эми айымдары болсо темирдей бекем тартипти сүйгөн, эркек мүнөз айымдар болушат.
Кыска жалпак тырмактар
Мындай тырмактын кожоюндары жүрөк оорусу менен алпурушуп келишет.
Кыска балтагай тырмактар
Мындай тырмактын субьектилери өз кемчилигин жаап, бөтөн адамга оодара салууга маш келишет. Мындан тышкары өзгөлөрдү сынга алууну жакшы көрүшөт.
Узун тырмактар
Узун төрт бурч тырмактын ээлери ар бир нерсеге олуттуу караган адамдар. Алардын уюштуруучулук таланты күчтүү болгондуктан көздөгөн максатына оңой-олтоң жетишишет.
Узун ичке тырмактар
Бул типтеги тырмактын кожоюндары алсыз келип, өз ойлорун улам алмаштыра беришет. Көп учурда өздөрүнө ишенишпейт.
Тоголок томпогой тырмактар
Бул типтин өкүлдөрү ачык-айрым, шайыр, тартиптүү келишет. Ой жүгүртүүсү күчтүү болгондуктан өзүнүн гана күчүнө ишенишет.


Мээрим Айталиева





Нургүл БЕЙШЕН
(Бу чыгарма
"Жанызак@басманын" менчиги)
Орошон кумар ошол түн
(Башы өткөн санда)
- Акбермет? Акбермет? - кызын чакырган болду.
Атасын уккансып кызы көзүн жылтыратып ачып, кайра жумду.
- Акбермет деген жакыныңардын атыбы? - Баян эмнеликтен Акбермет деп атаганына таң.
- Жо-ок, негедир оюма түшкөн биринчи ысым ушул болду. Кызыма жарашат. Берметтей асыл, акактай тунук, жамалы апасындай жайнаган бактылуу кыз болсун кызым.
Нурландын бүгүн телегейи тегиз, маанайы жарык эле.
…Төрөөрдөн мурун Нурлан палатада жарым саатча Баянды жанында кучактап отурду. Анткени каканагы эрте жарылып суусу кетип, толгоо жанып кеткендиктен, догдурлар ийне сайып, кайра толгоо чакырышты.
Коркуп алаңдаган Баян ага бекем жабышып алды. Ичинде болгондун баарын айтты. Канча жолу телефон чалгысы келгенин, бирок күйөөгө чык дейт деп коркконун, көптөн бери баланы эңсегенин, Мирбектин акмакчылыгынан кийин күйөөгө чыккысы келбегенин, баласын өзү жалгыз өстүрмөкчү болгонун, баарын-баарын айтты.
- Мен эми сүйүүсүз жашай албайм. Ошон үчүн күйөөгө чыккым келген эмес. Сени менен бир жыл эптеп өтсө, анан жашоомду кайра баштайм. Мурункудай жашай албайм. Мен кактус эмесмин. -Баян эчкирип ыйлап да алды.
- Жок, сен кактус эмессиң. - Нурлан анда Баян эмне десе да, макул болуп жатты. Эптеп эле аман-эсен төрөсө экен деп тиленип отурду.
- Мирбек.., ал мени ичтен жеген курттай болуп, кемирип бүткөн.
Нурлан Баянды эми түшүндү. Анын ар бир сөзү балка менен мээге чапкандай, башын дүңгүрөтүп жатты. Аныкы чын. Мирбек өңү жылма, өзү куу, жеткен өзүмчүл акмак болчу. Ал бирөөдөн алганды гана билчү, берейин деп ойлочу да эмес.
А өзүчү? Мирбектен эмне айырмасы бар? Турмушту кол жоолук ойлобосо да, Нурлан да алып эле келатат, бирок бирөөгө бир нерсе бере элек. Өз кызыкчылыгын ойлоп, Баянды никеге өкүм-зордук менен тургузду. Анын жанотуна жылынып, өзүнө жипсиз байлап алгысы келгени жалганбы?
Баян туура айтат. Мени менен эптеп гана жашаса болот. Бактылуу боло албайт. Мен ага ал каалагандай сүйүү, махабат тартуулай албайм. Өзүмдө жокту кайдан алып бере алам? Өмүр бою жалгыздыкта жашап келдим. Мени менен эч кимдин иши жок. Менин да эч ким менен ишим жок. Ачуу чындык ушундай. Баян зирек акылы менен муну эчак түшүнүп, ошон үчүн менден сырын жашырган тура…
Нурлан кызын Баянга кармата коюп, эшикке бет алды.
- Нурлан, сен кайда, кайра келесиңби? - Баян чочулай сурады.
- Келем. Сөзсүз келем, Баян.
Ал телефон-автоматка барды да, номурларды терип, бирок сүйлөшпөстөн эле трубканы асып койду. Негедир колдору калтырайт. Бул эмнеси… Өзүн колго албаса болбойт. Көзүн жумду. Бала кезинде да ушинтчү. Ал кезде мындай учур бат-бат кайталанчу. Бул жагынан устат, өзүнүн сезимдерин теске салуунун толгон ыкмасын билет. Анткени каргадай кароосуз баланын сырткы дүйнөдөн коргонуучу жалгыз жолу ушул болчу.
Нурлан чечкиндүүлүк менен номурду кайра терди.
Төрт жолку чакырыктан кийин аялдын үнү чыкты:
- Биз азыр телефонго келе албайбыз. Билдирүүңүздү калтырыңыз.
- Мен Нурланмын. Балким, силерге кызык болоор, мен бүгүн ата болдум. Менин татынакай кызым бар. Аты - Акбермет. Мүмкүнчүлүгүңөр болгондо мага чалгыла, сүйлөшөбүз. Баса, үйлөнүү тоюбуз абдан жакшы өттү. Силердин катышпай калганыңар өкүнүчтүү…
Нурлан трубканы көпкө кармап туруп, анан илди.
ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ
Баян Нурланды чыдамсыздык менен күтүп жатты. Ооруканадан тезирээк кеткиси келди.
- Нурлан азыр келип калат. - Ракыя кызын тынчтандыруунун аракетинде догдурлар менен болгон аңгеме-дүкөндү айтып берди. Бирок Баян анын бир да сөзүн уккан жок.
- Ал… кетип калган жокпу?
- Эмнеге кетет эле? Аялы менен кызын таштап, кайда кетет эми?
- Унутуп калсачы?
- Кудайга жагаар кепти айтчы, кызым. Үйлөнгөнүңөргө үч күн болбой жатып, бири-бириңди унутуп калгыдай, эмне, күйөөң келесоо беле? Эркектин эшик-эликте жумушу болот. Баскан изине чөп салып, издеп-изилдей бербе. Көңүлү калат. Нурлан Мирбектей эмес, башы оор жакшы жигит. Тилин таап оокатыңды кылсаң, кызың экөөңдүн кирпигиңерге кир жугузбай багып алат. Баяндын кабаарчыктаганын көргөн Жайна:
- Биз деле алып кете бербейлиби, жездем бошогондо барат да, - деди.
- Обу жоктонбо. - Ракыя кызын тыйды. - Бирөөнүн бүлөсүнө кийлигишпе. Нурлан капа болбойбу, келип таппай калса. Анын үстүнө, кийин эстей жүргөнүнө жакшы, антпесек, ал жакшы эскермеден куру калат.
Нурлан дал ушул учурда босогону аттады:
- Мен бир жакшы нерседен куру калдымбы?
- Сени кеңсеге кетип калган экен деп… - Баяндын көзү жашылдана түштү.