Аалам сырыбы же адам сырыбы?

"Кыргыздын Улуу ынтымак биримдигинин" улуу сый мыйзамы

Ааламдан бүгүнкү күнү Манасчыдай болгон улуу Кыргыз инсандар аркылуу Манас Атабыз жана башка Ааламдык Устаттар бизге жаздырып жана аяндарды бердирип атат.
Ошолорду окуп, анализдеп Манас Атам аян менен дайындаган эксперт катары, кийинки аткарууга оңой, түшүнүктүү мыйзам-эрежени сунуштайм. Ошондой эле, биз бул мыйзамды өзүбүзгө эреже, тумар катары пайдалансак, Оттуу өтмөктүү Доордон, Алтын Нур Доорго өтүү оңой болот жана башка адамдарды дагы биз Нур Эл - кыргыз кылып өнүктүрүп-өстүрүп, бүт дүйнөгө жакшылык алып келе алабыз. Айта кетейин, бул мыйзам учур чакка ылайык өзгөртүлүп турат.
"Башкаруу - ынтымакты түзүү деген доор келип бийликте турганыңда, тарых түзүп эмгек кылганыңда, ынтымакка чакырып, элди баркта. Биримдикте Кыргызды чыңдап өт".
1. "Мыйзам - бул жашоо-турмуш эрежеси. Мыйзамы башкарбаса, ак жолго түшкөндөр аз болот. Ынтымак - бул тартип. Бүгүнкү күн - өз-ара сый мамиленин жаңы баскычы", дейт Манас Атабыз. "Кыргызчылык" - бул кыргыздын канындагы Алтын Доор кура турган илими, жөндөмдүүлүгү. ("50 жылда эл жаңы, 100 жылда жер жаңы", дегендей жаңы түшүнүктөр менен акыр замандан жаңы доорго өтө турган мезгилде турабыз. Мезгилдин талабынан артта калбай, жаңы түшүнүктөргө өтөлү).
2. Мамлекет деген сөздүн "кет" дегенин боёп, "кут"ка алмаштыруу. Киргизди - Кыргызга алмаштыруу. (Ар бир сөздүн программасы бар. Мамиле кетсе, ынтымак болбосо, "Жаманды коногу бийлейт" боло беребиз. Анан "киргиз" деген сөз. Атында заты бар болуп, киргиз болуп жүрө берип, Алтын Доорго кирбей, миссиябызды аткарбай, бүт дүйнөгө жакшылык алып келбей эле, залакабыз тийип жүрбөсүн? Демек, бул сөздөн кутулуш керек.)
3. Паспортуна "Мен чынчылмын. Мен Аалам Ээси - Кудуретти сүйөм. Менин ойлорум асыл, салтанаттуу" деген формула тиркелиш керек. (Жаңы Доорго өтүш үчүн - биринчиден, аруу болуш керек. Ким тумардай кылып, ушу тилектерди аткарса, ошол киши аруу).
4. Түшүнүгү өскөн Улуу Кыргыздар ОРДОлорду уюштурсун. МАМЛЕКУТ тарабынан ОРДОлор көзөмөлгө алынып, колдоо көрсөтүлсүн. Экиден көп кыргыздардын башы кошулса, ал уюм "ОРДО" деп аталса болот. ("Эми биз топторду колдойбуз, Ордодон кызматың элге көрүнсүн" дешет Ааламдан. Же мындай: "Тамчы болчусуңар, эми булак болгула, андан кийин дайрадай болуп биригесиңер").
5. Ордолордо "кыргызчылык" жөнүндө сабак өтүү, ал жөнүндө сертификатка тизмелөө керек, жана ал сертификаты паспорту менен бирге кыргыздар бир-биринен текшерүү зарыл, ошо темалар жөнүндө талкуу жүргүзүү. (Бир-бирибизге эске салып ушундай түрткү берсек жакшы. Эмнени көп ойлонсок, ошо нерсе прогресске дуушар болот.)
6. Динине жана кызматына карабай ар бир Кыргызмын деген улуу инсан "Манас" эпостон бир барак үзүндү айтсын жана кайсы бир ОРДОнун мүчөсү болсун. (Мыйзамдын талабы менен өнүп-өскөнгө жакшы, баш боосу жок малга окшобой. Темирдей катуу тартип керек, өзүңдү өзүң гана көзөмөлгө ала аласың. 1пункту карагыла.)
7. Бир кыргыз көп Ордолордун мүчөсү болуп, бара-бара бириктирүүчү күч болгону соонун. (Түшүнүктөрү бийик Кыргыздарды "дайрадай" кылып бириктиргенге "өткөөлдөр" керек. Ордо деген шайлоо үчүн түзүлгөн партия эмес).
8. Мечиттерде 50 % Ислам, 50 % кыргызчылыкты туткан инсан иштегенге укуктуу. (Исламды түшүнбөгөн кыргыз кайрымдуу, райымдуу болуп жаңы заманга өтө албайт. Ошондой эле кыргыздардын жаңы түшүнүктөрүнө, Манасына шек келтирген молдо кыргыз мечиттерде иштегенге укугу жок.)
9. Манас илим борборун ачып, башкаруу, билим тармактар аркылуу замандын талабына ылайыктуу тура түшүнүктөрдү элге жайылтуу. Буларды "кыргызчылыкка", "Манас" илимге окутуу дейт. Мисалы, Жан дүйнө байлыктар, асыл баалуулуктар жөнүндөгү караңгылыкты жоюу. Мээримге үйрөтүү. "Начар сөз кут качырат". Киши үйрөнгөнүн жасайт. ж.б.у.с. (Кыргыздын башкаруу тармактарында иштеген кыргыздар батышты ээрчигенди коюп, элдин, адамзаттын убалына калбай, өзүн Нур элдин тукуму катары Миссиясын түшүнгөнгө эчак эле убакыт келген. Мисалы, учурдагы Жогорку Кеңешке өткөн партиялардын лидерлери кыргызчылыкты тутунгандардан. Мен билгенимди гана айтам: Атамбаев Кочкор Ата мазарында жылкы сойдуруп, боз үйлөрдү тиктирип, ачык атын ататпаса да, түлөө кылдырган. Кулов Бүбү Мариям Муса кызы кайып Манас дүйнөсүнөн кабыл алып жана жазып чыккан Манас эпостун 5 томун - акчасын төлөп чыгарткан. Бабанов Таластагы мазарларга кой союп түлөө кылган. Ата Журт партиясынан Байтик мазарына өкүлдөрү барып түлөө кылышкан. Текебаевди болсо баарыңар көрдүңөр, бүт өлкөнү мазар кылып ийген кызыл ленталарды байлатып. Бул аян менен кылынган иш болбосо, эмне анда? Ушулар ыраазычылык түлөөлөрүн кылып, анан кыргызды бириктирип, касиеттерин ойготконго кызмат кылып, жардам беришсин? Кыргыздар жан дүйнө байлыктарды -мээрим, чынчыл, асыл ой, ж.б. өнүктүрүп, касиеттерин ойгото алса - ДНКсындагы 12 эшилген жипти ойготуп, 41 талантын иштетсе анда ал, ошончо эле керек болсо, чаңдан эле алтынды жаратып алат. Азыр "духовный" байлыкты өнүктүргөнгө убакытты көбүрөөк жумшаш керек. Техника заманы түгөнүп баратат.)
10. Кыргызстанда экзамен билеттеринде, "Манас" туралуу болуш керек. Эпостон жатка 1-5 барак үзүндү, этика, асыл баалуулуктар, мээрим, жан дүйнө байлыктар, ж.б.у.с. болуусу абзел. (Ушулар жөнүндө ой жүгүртүп атып, милдеттүү түрдө окуп үйрөнүп атып, түшүнүгү бийиктейт, бүт дүйнөгө жакшылык алып келет).
11. Ант бергенде желекти маңдайына жана жүрөгүнө тийгизип, желектин касиетин кабыл алуу ырымын кылуу. (Бул биздин Ата Мекендин негизги символу. Биринчиден, кызыл түс -ооматтын түсү. Союз убагында кызыл желек менен эле өнүп-өскөнбүз. Экинчиден, ушул ыйык жерди урпактарга жеткирели деп нечендеген кылымдар биздин ата-бабалардын каны ар-бир таш үчүн төгүлгөн экен. Биз бүгүн Жаңы Доор үчүн күрөштүн үстүндө турабыз. Биз айтылган ырымды кылганда, "эстейбиз силер биз үчүн кылган кызматыңарга ыраазыбыз. Биз дагы силерден кем калбай, силерден өтөбөз" дегенде Аталар бизге жардам бергенге укугу бур, Ааламдык мыйзам ошондой. Үчүнчүдөн, түндүк - бул бүт дүйнө элин бириктирем деген ураан-чакырык. Анан күндөй болуп биз бүт дүйнө элине жаңы замандан жаңы илимдин жарыгын тартуулайбыз - Күндөй болобуз. Бул символдор биз түшүнбөсөк деле бүгүнкү күнгө чейин иштеп келди, бизди сактап. Эми, түшүнүү менен символдорду кабыл алып аткарсак, аткан октой өнүгөбүз.)
12. Ар бир жыйында гимн ырдоо. Мектептерде - тарбия сабактарына киргизүү. (Гимндин сөздөрү - түшүнүү менен ырдасак - тилек (түлөө) бизди бат эле Нур Эл кылат. Көпчүлүктүн тилеги жакшы ишке арналса бат ишке ашат. Бул жерде Кыргыздар табият менен өтө тыгыз байланышта экенин далилдейт. Ошондой эле бололу. Өз тагдырың колуңда болуп, ким экенибизди түшүнүп, Алтын Доорго өтөбүз деген багытыбызды так билип, ошонун тегерегинде пландарыбызды түзүп, аруу болуп, Жер Энебизди, элди аман-эсен Алтын Доорго өткөргөнгө аракеттенели. "Досторуна даяр дилин берүүгө"- дегенге токтойлу: Илгери, биз Нур Эл болуп турганда, Алтын Доор куруп жашап атсак, Кудурет Күч пенделерди жаратып (Семит элин), тарбиясын бизге тапшырыптыр, өзүңөрдүн деңгээлиңерге жеткиргиле деп. Аларды биз кордоп, кемсинтип тарбиялапбыз, алардын ыйы Кудайга жетип, анан Кудай Нур элди каргап коюптур: "сен мээрим үйрөнмөйүнчө, сага жакшылык жарашпайт экен" деп. Нур элдин арасынан ыйманы тазараак кыргыздарга эпосторду айттырып, Кудурет биринчи тилди сактатып келиптир. Анан, тоонун арасына ыйык Жерде жашырып, Нур тукумдун кодун сактап келиптир. Бул биздин дилибиз таза экенин билгизет.
13. Герб. Бүркүттүн эстелигин жер-жерлерге коюу. (Кыргыз Күндөй болуп Жерге, элге жакшылык алып келет экен. Бүркүт - баалуу Кудуреттин, бийик даражанын символу).
14. Маданият министрлиги кыргыз жериндеги мазарларды каттоого алып, ал жерлерге "кыргызчылыкты" үйрөнгөн кыргыздарды шайык кылып дайындаш керек. Ал жерлерге бирден боз үйлөрдү тигиш керек. (Нур Элдин аруу тукуму кыргыздар экен. Мазар болсо -бул энергетикасы күчтүү, Аалам менен түз байланыштыра турган жер. Нур тукумду Кудурет Күчү кыргыздар аркылуу сактап келгени үчүн, кыргыздарда биринчиден болуп 41 кассиети ойгонуп, анан биз башкаларды ойготобуз жана Нур эл кылып убагында бүтүрбөгөн кызматыбызды аткарабыз. Анан ошол ыйык мазарларда кыргыздар шайык болуп башкаларга илим берет да, Миссиябызда аткаралы. Кудай бизге ушунча мээрим төккөн экен).
15. 2011-жылы "Шамбала Айлампасын" тактап, кыргыздарды ата-бабалардын изи менен өткөрүү. Кыргыздардан кийин башка элдер - биздин урпактар өтөт. (Ушул изди башкаруу тармакты тезинен тактап, анан элди өткөрүш керек, анткени, ошол из менен өткөндөн кийин 2-пунктагы формуланы аткарган аруу кыргыздын ДНКсынын 12 эшилген жипчеси ойгоно баштайт, 41 таланты иштей баштайт. Башка элде андай ген жок. Ошону үчүн убакытты өткөрбөй, жерди тебелетпей, биринчи кыргыздар ал изден өткөнү оң).
16. Ага чейин урпактарыбызды "Коридор" менен гана Таластан, Ысык Көлдөн узаткан жакшы. (Туристтерден бизге сыйынгандар көп келе баштайт. Меккеге мусулмандар барса, бизге жакынкы жылдары 6 млрддан көп киши келип кетиш керек).
17. Ар бир уюл өзөк Ордодо 41 боз үй тигилиш керек. (Кыргызстандын 7 дубанында 10 жерде "Шамбала айлампасы" ошолор аркылуу өтөт. Боз үй - бул храм, мечеть. 41 боз үй ааламдан кыргыздарда ойгоно турган 41 талант-касиеттин 41 нурун тартат экен.)
18. Эмоцияга алдырба деген түшүнүктү аң-сезимине, жан дүйнөсүнө, канына сиңирип, күнү-түнү тойлорду баштап, түптөгүлө бейиш талаасын. (Арча жыты менен аластайт, шайтанды кууп, периште чакырып, май жытын чыгарып, Куран окудук деп айтылат. Биз билбеген сыр, сөздүн дагы жыты болот экен. Ошону үчүн "начар сөз кут качырат" деп айтылат. Жаман жактарыбызды эле айта берсек кантип оңолобуз? "Бир дагы личносту тебелебе" деп айтылат Манас илимде. Эмоциянын жыты андан бетер күчтүү. Жакшы жыт менен периште азыктанып, периштенин коштоосунда болобуз. Көйгөйлөрдү оңой чечебиз. Сасыктан шайтандар семирип, терс энергия болот. Таарынган, депрессия дагы начар эмоцияга кирет. Көпчүлүктүн терс энергиясынан катаклизмалар болот. Муну орустар аппарат менен текшерип атат. Тойлордо болсо жакшы тилектер, жакшы сөздөр болуп, ийгилик чакырат. 2011- жылдын 17-майынан баштап, жерге "Бакай" деген ат менен "сабырдуулук" (равновесие духа) энергиясы түшүп атат. Ар бирибиз "Сабырдуулук Бакай энергиясын кабыл алдык, бүт адамзатка дагы калыптансын" деп 78 күн тиленип, өзүбүзгө ушу энергияны отурукташтырып, сабырдуу болсок, биздин тилегибиз менен бүт адамзат сабырдуу болсо, агрессия жоюлат, жерде алааматтар токтойт, ген ойгонот).
19. Кыргыздардын ынтымак-биримдиги болсо, Кыргызстан бейиш болот - Нур Доор. Адамзатты бириктирсек - жерде бейиш болот. (Биз генди ойготуп алсак, 41 өзгөчө руханий касиеттерибиз иштесе, ошондо бейиш жарата алабыз. Мына, Россиядан "Кристалл" группасы келип, прессконференция өткөрүштү. Кыргыздын канында Алтын Доордун энергясы бар экен. Алар генин ойготуп, анан бизди дагы ойготсо, биз кыргыз болсок, биз дагы Алтын Доорго өтө алабыз деп. 7 жылдан бери келип, ушул аяндын артында тиленип атабыз дешти. Булар чети эле. Көптөр билет кыргыздын миссиясын). Анан алар кийин бизди ойготтук деп жүрүшсө, эмне дейбиз? Биз ардайым өз жолубузду өзүбүз таап келгенбиз. Келгиле ойгонолу!
Манас илимине эксперт Замира Муратбекова, тел.0543 022058