Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Соо болгуң келеби?

Кыргыздын улуттук суусундуктары кымыз, жарма, чалап ж.б катарына кошулат деген илгери үмүт менен "Агар" суусундугу чыга баштады. Суусундуктун курамы А,В,С,Д, К,Р,Е витаминдерине, кальций, цинк, хром йод, темир ж.б микроэлементтерге бай. Төмөндө аталган фирманын маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Абдыкерим мырзага суроо салдык.

Абдыкерим Чолпонкулов, "Агар-Тазар" фирмасынын маркетинг бөлүмүнүн башчысы:
"Келечекте Агардын 5 түрү чыгат"
- Эмне себептен суусундукту "Агар" деп атадыңыздар?
- "Агар" деген себеби биринчиден, бул ак болуп жасалып жатат, экинчиден, муну ичкен адамдардын ою, ниети, ден соолугу агарсын деп жатабыз. Философиясы ушундай. Элибиздин ден соолугуна пайдалуу, чаңкоону кандырган таза табигый суусундук.
- Суусундуктун чыгып жатканына канча убакыт болду?
- Агар суусундугун чыгарып жатканыбызга 2 айдын жүзү болду. Сырттан келип жаткан, өзүбүздө чыгып жаткан ар кандай химиялык заттар аралашкан продукциялар чыгып жатат. Биз генофондубузду, элибиздин ден соолугун ойлоп Агар суусундугун чыгара баштадык. Келечекте дагы Агардын 5 түрү чыгат. Жер жемиштерден, бал, чөптөр менен суусундук болот. Азыркысын классикалык Агар деп койсок болот. Негизинен бул улуттук суусундуктарга жакын.
- Канча көлөмдө чыгып жатат?
- Жаңы баштадык азырынча күнүнө 300 литр чыгат.
- Эл кандай кабыл алып жатат?
- Мурда "Актык" ичип жүргөндөр даамы өзгөчө, сапаты да мыкты экен деп жатышат. Баасы да жакшы дешүүдө. Себеби, 1,5 литр "Актык" 80 сом болсо "Агар" 50 сом.
- Актыктан баасы төмөн болгонуна караганда сапаты төмөнбү деген ой кетет экен?
- Жок, туура эмес. Баасын кандай кылып кое берсе боло берет. Актыкка караганда курамы татаал. Эгерде өздүк баасын эсептеп келе турган болсок Агардыкы жогору болот. Актыкта баа башта коюлуп калган бойдон. Актык чөптүн тамырынан жасалат. Чөп деген дары. А дарыны жыл бою ичүүгө болбойт. Дарынын өзүнүн курсу болот. 15-20 күн дегендей. А муну тамак катары иче бересиң. Баасына токтолсом мындай болгон. Бир досум бар генерал, кант диабети менен ооруйт. Ал айтты, сен элди ойлобойсуңбу мен генерал айлыгым менен "Актык" алууга оор болуп жатат деп. Айлыгымдын баары эле бензин менен "Актыкка" кетип атат. Жөнөкөй эл эмне кылат деп калды. Агарды чыгарып жатканда жөнөкөй элдин чөнтөгүнө карадык.
- Өзүн актабай калбайбы?
- Албетте актайт, бизнес болгондон кийин кирешесиз болбойт. Эгерде сапаты баасына жараша болот десе жаңылышат.
- Көчөдө стакандап саткандардын катарына кошолу деген оюңуздарда жокпу?
- Антип стакандап саттырып, "Агардын" кадырын кетиргибиз келбей жатат.
- Текшерүүдөн өттүңүздөрбү?
- Албетте, сертификаты бар. Санепидемстанциядан химанализ, биоанализден өттүк. Мамлекеттик стандарттан курамын да текшерттик. Кийин сактоо мөөнөтү боюнча 30 күн деп уруксаат алдык, азыр 90 күнгө жаңы заявка бердик. Учурда лабороторияда сакталып, такталып жатат. Эгерде мүмкүн болсо 90 күнгө уруксат алабыз.









кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??