Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Сандан-санга

Академик, парапсихолог Лариса Асанбекова
Өзүмдү тапкан жол
Орус кемпир

Орус кемпирге бара баштаган күндөн баштап өзүмдү жакшы сезип калгандыктан бул аялга ишендим. Ден-соолугум күндөн күнгө жакшы боло баштады.
Мендеги касиет жөнүндө орус кемпир да айтты, бирок анын айтканына анча көңүл бурбагандыктан сөздөрү кулагымдын сыртынан кетти. Ден соолуугумдун жакшырып баратканына сүйүнүп, касиет тууралуу уккум деле келген жок. Ден соолугум жакшы боло баштаганда кайра соодага аракет кылып көрдүм. Ошол учурда проценттер өсүп, карыздар туш-туштан кысып, туңгуюкка кептелгендей абалга келип калгам. Ал кезде курулуш материалдар бизде аз болгондуктан кытайдан жакшысын апкелип, эки кабат чоң үй куруп бүтүп калгам. Эми ошол үйдү залогко коюп кредит алып карыздардан кутулуп, калганын иштетейин деп чечтим. Банктар үйдү баалап, мага 50000 $ бермек болду.Сүйүнүчүм көпкө узабады. "Үйүң арестте экен, бере албайбыз" дешкенде, туңгуюктан чыгуудагы акыркы үмүтүмдөн ажырадым. Көрсө, мага 6000$ процентке берген, чогуу иштеп, менин абалымды беш колундай жакшы билген аял, үйдүн бүтүшүн күтүп жүрүп сотко берип коюптур. Ал аялдан кандай сурансак дагы көшөрүп болбой койду. Муну уккан башка карыздар туш-туштан мени кысып, муунткандай абалга жеткирди. Карыздын айынан үй-бүлөдөн да жик кетип ажырашып тындык. Кайгы-капа менен жүрүп, кайрадан ооруй баштадым. Эми колу-бутум тырышып, ооздорум карышып, денем заматта муздап эч нерсе сезбей калчу болдум. Приступ болуп бир күндө эки жолу тез жардам чакырган күндөр болду.
Орус кемпирге кайра барууга туура келди. Баягы касиет жөнүндө, менин жерде аткара турган миссиям жөнүндө орус кемпир эми жакшылап түшүндүрүп берди. Өзүм ал касиетти кабыл алмайынча башкалардын жардамы мага убактылуу эле болуп, кайра-кайра ооруганым ошондон экен. Түшүнөөрүн түшүндүм дечи, бирок, врач болбосом кантип элди айыктырам? деген суроомду бердим. Бул касиет, башкача айтканда энергия сенде төрөлгөндөн бери эле бар, "посвещение" алгандан баштап ал энергия ойгоно баштайт, азырынча сен "дува" менен айыктырсаң болот. Адам өз миссиясын аткарбаса, өзүнө эле эмес балдарыңа да зыяны тиет деди. Бул сөздү укканда үйүмдү уурдап кеткен аял беш жашар кызымды тумчуктуруп кое жаздаганын эстеп, чындап коркуп кеттим. Эмне болсо да балдарыма зыян тийбесе экен деген ой менен айла жок касиетти алганга макул болдум. Ушунчалык жанымды кыйнап, балдарыма чейин зыян апкеле турган эмне болгон касиет деп ичимден нааразы болуп, орус кемпирден "посвещение" алып тындым. Анын мага оку деп берген "дувасына" деле көңүлүм чаппай, ушул сөздөрдү окуп койсо эле кантип адамдар айыгып кетмек эле деп , дуванын күчүнө ишенген жокмун. Анын үстүнө мен мусулман болсом, орустун кудайына сыйынганым кантип туура болсун деп ичимден чийки май жегендей болуп көңүлүмө толбой туруп алгандыктан дубаларды кээде окубай да коюп аттым.
Ошондон көп өтпөй Суусамырга жайлоого барууга туура келди. Ошол жерден тишим ооруп жанымды көзүмө көрсөттү. Же дары же врач жок, сода, туз менен чайкап , балыктын өтүн салып да көрдүк. Басылмак турсун ого бетер күчөдү, ошондо жаным кыйналганда орус кемпирдин тиш ооруга окулчу дувасы эсиме келди. Аны бир нече жолу кайталап окуганда тишимдин ооруганы акырындап барып тып басылды. Биринчиден, жаным жай алып, экинчиден, дуванын күчүнө таң калып, үчүнчүдөн, касиет, магиянын күчүнө карата менде ишенич пайда боло баштады.
Ошондон кийин орус кемпирдин жазып берген ар кандай ооруга карата окулчу дуваларын өзүмө, балдарыма, жакындарыма окуп текшерип көрдүм. Дува дайыма жардам берээрине чындап ишенгеним менен, жан дүйнөмө орустун дувасы коошпой турду. Андан да элдер эмне дейт? деген ой мээмден чыкпай койду. "Баягы бакшы болуп кетиптир" деген сөз мен үчүн эң оор эле. Чынымды айтсам көчөдө олтурган бүбү-бакшылардын бири болгум келген жок. "Оңго барсаң атың өлөт, солго барсаң өзүң өлөсүң" дегендей абалга келип, туура чечим кабыл алалбай кыйналып жүрдүм. Касиетке ишенип-ишенбей эки анжы болуп жүргөн кезде Алтымыш мага кайрат берип, ишеничке түрттү. Ал көп ооручу. Андай мезгилде орус кемпирдин үйрөткөндөрүн ага колдонуп көрсөм заматта жакшы болуп калчу. Ал менин касиетим жөнүндө ар кимге айта берип, биринен-бири угуп эл келе баштады (Ал кезде Алматыда иштеп жүргөнбүз). Жакшы болуп кеткен адамдар көбөйгөн сайын , "врач айыктыра албаган оорууну түшүнүксүз сөздөр кандайча таасир берип, айыктырып коет? деген менде көп суроолор пайда болду. Суроолорума жооп алыш үчүн орус кемпирге кайра бардым. "Ал менин кызымдын парапсихология мектеби бар, кааласаң ошондон оку, жоопту ошол жактан аласың" - деп кызынын дарегин берди. Ошентип, менин илимге жолум "Хармакути" мектебинен башталды. Бир курс окуп, иштеп үйрөн, үч айдан кийин кайра келип экинчи курсту окуйсуң деди. Ошол мезгилде Натальяны Москванын теле берүүлөрүнөн мыкты экстрасенс катары тез-тез көрсөтө баштаган. Убакыт өтүп, окууну улантууга барсам Наталья Россияга апасын алып көчүп кетиптир.
Ошол мезгилде тагдыр мени дагы бир чоң сыноодон өткөрүп, дагы бир чоң жоготууга дуушар кылды. Эми бул жоготуу материалдык жоготуу эмес, моралдык жоготуу болду. Менин башыма оор күн түшкөндө бардык кыйынчылыктарда жанымда болуп, моралдык колдоо көрсөтүп, мага болгон сүйүүсү, мага арнаган обондору менен саздан чыгышыма жардам берген адам, обончу, ырчы Алтымыш Кадыров 10-майда каза болду (Алтымыш жөнүндө өзүнчө сөз болмокчу). Алтымыштын оорусунун себебин билгеним менен ага жардам берип, сактай албаган илимдеги алсыздыгым, билимимдин аздыгы, өзүмдөгү күчкө толук ишеничимдин жоктугу, мени өкүнүчкө салды. Эми бул илимди терең окууга, аалам сырларын терең түшүнүүгө, окууну андан ары улантууга чындап бел байладым. Менин башыман өткөн бул окуяларда ар бир каармандын менин парапсихология илимин тереңдетип окушума салымдары чоң экенин ал кезде билчү эмесмин.
Кытай абышка, орус кемпир азыр барбы-жокпу билбейм, балким бул дүйнөдө жоктур. Кайсы дүйнөдө болсоңор да мен силерге чексиз ыраазымын, менден кеткен катачылык болсо тизе бүгүп кечирим сурайм. Кайда болбогула жараткан өзү жар болсун. Биздин товарларды алып, алдап кеткен адамдар, мен силердин дарегиңерди эмес, атыңарды да билбейм, менден алганыңар аш болсун. Силерге кудай өзү тараза болсун, менин силерге таарынычым да, эки дүйнөдө доом да жок. Балким силер алып кеткен акча аркылуу мен балдарымдын, өзүмдүн өмүрүмдү сактап калгандырмын, андыктан силерге бардык жакшылыктарды каалайм.
Эки кабат үйүбүздү сот аркалуу 6000 доллар үчүн алып койгон аял, бир жылдан кийин каза болуп калганын укканда, чындап кейидим. Барыдан да өзү саткан кездеменин арасынан 6000 доллар таап алып, ал акча синтетика кездеменин арасында көпкө жаткандыктан упурап жарабай калганын көргөндө мээсине кан куюлуп кетиптир ( 6000 $ мистикабы же дал келүүбү?). "Сенин үйүңдү алып алды эле, кудай жазалады" деген элдин сөзүн угуп ого бетер жаман болдум. Мен ал аялга өзүм канчалык кыйналып турсам да эч качан жамандык каалаган эмесмин, тескерисинче, убагында бере албаган карызым үчүн ошол кезде да бир эмес, бир нече жолу кечирим сурагам, азыр да сенден ( ошол аялдын арбагынан) кечирим сурайм. Сен да өзүңдүн түшүнүгүң менен, өзүң туура көргөн ыкма менен өзүңө тийиштүүнү алгың келгендир. Мен сени туура түшүнүп, кудайдан сени жазалоо жөнүндө сурануу оюма да келбеген. Менин сага эки дүйнөдө нааразычылыгым жок, балким сен мени ошол кезде чыгалгыс туңгуюк сезилген абалга жеткирип, акыркы үмүтүм болгон үйүбүздү алып койбогондо, ошол абалдан чыгуу үчүн жарык издебей, караңгы жолдо кала берет белем... Өзүмдүн жолумду таап кеткенге сенин да салымың бар, мен сага ыраазымын. Эмнеси болсо да мен сени чын дилимден кечирдим…









кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??