Маңдайга жазылган күйүт

Адам баласы бул дүйнөгө жаралган соң өзүнө берилген жарык күндү татыктуу жашаса гана. Ар кандай сыноодон улам жашоо мыйзамдарына туруштук бере албай ичкиликке берилип көчөдө жүрүшкөндөрү канча. Базар аралап "бомж" деген атты алып жүргөн замандаштарыбызды көргөндө жандүйнөң бир эңшерилип алат. Алардын бири Жеңиш аттуу адам өзүнүн тагдырын төмөнкүчө баяндады.

Бактысыз балалык
- Кочкор жергесинен болом, жашым 54кө барып калды. Бир ата-энеден эжем экөөбүз элек. Өспүрүм курагымда апам дүйнө сала берди, оор турмуш кабыргам ката электе башыма түштү. Ошентип атам экинчи аял алды. Өгөй өгөйлүгүн эле кылат тура, өгөй эненин колунда чоңойдум. Өп-чап турмуш билинбей өтө берди, эр жетип 1980-жылы коңшу айылдан аял алып турмуш курдум. Үйлөнгөнүмдөн көп өтө электе атам дүйнөдөн кайтты. Өгөй энем болгон малыбызды, үй- жайыбызды сатып, мурдагы күйөөсүнүн балдарына баса берди. Ошол мезгилде Быткомбинаттын деректорунун айдоочусу болчумун, совхоздун башкармасы Райымбаев айылдашым эле. Ал үйү жок жүргөнүмдөн ортого түшүп жатып там таап беришти. Бир кыз, бир уулду болгондон кийин аялым экөөбүздө майда барат чыр-чатактар боло берди. Ошентип акыры ажырашып тындык, 1986-жылдын күз айы эле. Тамды бала-чакама таштап үйдөн чыгып кеттим.

Алимент төлө
- Ошондон көп өтпөй, аялым алимент төлө деп талап койду. Төлөөгө ошол учурда шартым жок эле. Бирок, аялым аны түшүнбөй соттотуп жиберди. Ал учурдун талабы боюча башка өлкөгө айдачу, Хакасиянын борбору Абаканга эки жылга кесип жиберишти. 1991-жылдагы коогалаңда бир өзүбекти сабай коюп дагы бир жыл кошулду. Түрмөдөн чыккан соң ал шаардагы курулуштардын биринде иштеп жүрдүм, баардыгы өз нугу менен өтүп бир аз болсо да бутума туруп ирденип калдым. Кооголоңдан соң орустар, казактар, кыргыздарды баш кылып өз жерлерине кетирип жатышканын угуп 1994-жылы кайтып келдим. Келген соң аялым менен жарашууну көздөдүм, бирок жүрөгүм муздап калган экен.

Уулумдун күйүтү, кабыргамды кайыштырды
- Айылга келгенимде аялым тамды сатып Ыссык-Көлдүн Сары-Камышына эрге тийген экен. Ал эми уулумдун кабары мени биротоло жошоодон үмүтүмдү үздүрдү. Бойго жетип калган кезинде тоодон отун алып келе жатып машина уруп кетип башы жарылган экен. Айдоочу акчасын төлөп ооруканага алып барып, операция кылышыптыр. Эмне себептен болгонун билбейм башында кан калып, башым деп жүрүп кайтыш болгон экен. Ушул шумдуктуу кабарды угуп эки дүйнөм эңшерилди.Алты жашынан бери көрбөй, аталык мээримимди бере албадым, жалгыз туягымды медер кылып узактан келбедим беле, уулум үчүн…

Күйүттөн ичим өрттөнөт
- Айылда калбай шаарга баса бердим. Курулуш жумуштарына иштеп күндө тапканымды ичкиликке жумшап көчөдө түнөп баштадым. Күндөрдүн биринде паспортумду, баардык документтеримди жоготуп жибердим. Чүйдүн четиндеги сарайлардын биринде мал кайтарып да жүрдүм, 5-6 айдан соң ал жактан да кеттим. Эжем да жолдошу өлгөндөн кийин бирде биякта, бирде тиякта жүрөт. Эми ургаачы адамдын антип жүргөнү туура эмес го, сендей бир туугандын барынан жогу деп бир туугандыктан да кечтим. Эжемдин өлүүсүн же тирүүсүн билбейм. Кайнилерим жакшы, келип жолугуп турушат. "Жезде үйлөнүп үй-бүлөө курбайсызбы, ары же бери болбойсузбу" дешет. Жоро-жолдошторум, айылдаштарым жүрү жардам беребиз, ушинтип канчага чейин жүрөсүң, алып кетели дешет. Алардын айтканына көнгөндө эмне маңдайыма жазылганы ушул экен да. 1995-жылдан бери Ош базарын мекендеп келем, бул жердегилердин баардыгы таанышат, кемсинтишпейт. Эч кимге зыяным жок, эч кимден карыз албайм, уурдабайм, маңдай терим менен тапканым күнүмдүк нанга, аракка жетет. Алдымдагы жашоодон эч үмүт кылбайм, төрөлгөндө эле тагдырыма ушуну буйруган экен айла жок жашап келем.
Гүлзат Садырбек кызы