Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Ойго келди?
- Досту эмес, касыңды кечириш оңой дешет.
Кас адамыңызды кечирет белеңиз?
Күмөндөр Абылов, куудул:
- Ал эми ар кимдин өзүнө жараша болот, турпатына, жаратылышына, мүнөзүнө дегендей. Мындай сөз бар эмеспи, досуң душман болуп кетсе андан өткөн душман жок деген. Мындай көрүнүштөр көп эле болуп жатса керек да. Ал эми кас адамыңды кечирип коюш бул чоң жетишкендик, бул кадам көбүнүн эле колунан келе бербесе керек. Айкөл, кең пейил, кечиримдүү, адамкерчилиги жогору адамдын гана колунан келет. Бирок, "жоо аяган жаралуу" деген да кеп бар. Эми карайсың да кандай душман экенин. Мен душман адамымды акыл калчап, ойлонуп туруп кечирем. Негизинен душманды кечирип коюу жакшы гана жакка алып барат.


- Башка диндеги кызды сүйүп калсаңыз кандай кыласыз?
Руслан Капаев, спортсмен:
- Аа ... Андай болсо мындай кылмакмын, ал кызды ислам динине өт деп суранмакмын, талап кылмакмын. Андан башка жол жок сүйүп калсаң айла жок да.


- Эртең сиздин үйүңүзгө сенден боюмда бар деп аял келсе эмне кылат элеңиз?
Асылбек Өзүбеков, ырчы:
- Аа ... эмне кылам, үйгө киргизмекмин, сүйлөшмөкпүз маңдай-тескей отуруп дегендей. Эмне болуп боюңда болду, кантип болду, кайсыл жерден, эмне болгондо ушундай болот депчи (күлүп). Дагы эмне дейм, точно менденби, жаңылган жоксуңбу, кайсыл убакта, эстедиңби, эсептедиңби демекмин (күлүп).


- "Ашказаны жакшы иштегендерден жакшы акыл чыкпайт" дегенге кандай карайсыз?
Камчы Сарыбаев, куудул:
- Эми ... ашказан менен акылдын кандай байланышы бар. Ашказаны жаман иштегендерден деле сүйүнтөөрлүк акыл чыкканын уга элекмин. Акылдын ашказанга эч тиешеси жок.


- "Достордон айрылгың келбесе, алардын чоң ийгиликке жеткенин тилей көрбө" деген сөзгө эмне дейсиз?
Аалы Туткучев, төкмө акын:
- Буга мен кошулбайм, себеп дегенде ачуу калемпир менен таттуу калемпирди жакын тигип койсок таттуу калемпир ачуураак болуп, ал эми ачуу калемпир таттуураак болуп калат. Анткени, бири-бирине жугат. Ошол сыяктуу эле адам өзү кандай болсо жанындагы достору дагы ошондой болот, мүнөздөрү бири-бирине жугат. Өзүнүн ошондой ичи тар, бийликке, байлыкка көөп кеткен болсо, достору да дал ошондой болот. Менимче өзүң кандай адам болсоң, досторуң да ошондой адамдардан. "Мусулман мусулманга бир тууган болот, өзүңө каалаган жакшылыкты башка мусулман бир тууганыңа кааламайынча ал адам толук мусулман эмес" деген пайгамбарыбыздын хадиси бар. Ошон үчүн өзүң жакшы бол, жоро-жолдошторуңа да ошол ийгиликтерди каалай бер, демек алар да ошондой жакшы болот.


- Жолдошуңуз экинчи аял алам десе эмне кылмаксыз?
Асема, ырчы:
- Эгер андай дей турган болсо, мм...м шартың болсо ала бер демекмин. Акча жагынан жетишип, аны да мени да бага ала турган болсо макул демекмин.




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??