Укуругу узунбу же…

Нияз Алдашев деген ким?
Белгилүү болгондой Алдашев англисчени өкүртөт, өзүнө көтөрө чалганды өлө жакшы көрөт. Бирок, көпчүлүк аны мыкты юрист деп деле эсептешпейт. Жакында ал "Центерранын" директорлор кеңешине мүчө болду. Белгилүү болгондой Кумтөр алтын кени "Центерранын" активдерине кирет. Ал эми андан бир аз мурдараак Нияз мырзанын кулагы Улуттук Банкты Отунбаеванын курбусу Бактыгүл Жээнбаева башкарып аткан учурда ошол жактан чыгып аткан. Маселен, "МанасБанктын" кожоюнунун юристтери менен болгон сүйлөшүү учурунда жана Улуттук Банк катышкан соттордон көрүнгөн. Бу киши кайсы бир убакта мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп чыккан. Бирок, ошондо "Кыргызтелеком" аз жерден бир нече миллиондогон долларларынан кол жууп кала жаздаган.
Бизге белгилүү болгондой, Алдашев акысы кымбат юристтердин катарына кирет. Ишинин ар бир саатына 400-500 доллар алат. А бирок, эмне үчүн Улуттук Банк менен болгон келишиминде гонорардын көлөмү аз көрсөтүлгөн? Балким жең ичинен да башка акчаларды алып жаткан болуп жүрбөсүн?..
Баса, ал юрист болгонуна карабастан же билбейт, же атайын аңкоолонуп билмемиш болуп аткандай. Анткени, азыр ал "Центерранын" өкүлү. Ал эми Улуттук Банк болсо кызыкчылыктардын конфликти орун алган жер. Демек, ал же Улуттук Банк менен түзүлгөн контракттан баш тартышы керек, же болбосо "Центерранын" директорлор кеңешинен кетиши керек.
Азиз Турсункулов




  ЖК жүз

Роза Акназарова, ЖК депутаты:
"Партияларды мамлекет каржылаш керек"
- Жакында депутаттар чет өлкөгө сапар алып келдиңиздер, кандай маселе боюнча бардыңыздар?
- Бардык фракциядан экиден киши, анын жарымы аял депутаттар бардык. Парламенттик түзүлүш ал жакта кандай экенин көрүп, салыштырып келдик. Тажрыйбасы чоң Германия, Франция, Литва, Польшада болдук. Ал жакта саясий партиялар мамлекет тарабынан каржыланат экен. Себеби, каржыланбаса олигархтар партияны ээлеп, акчасы азырак бирок, иштей ала тургандар өтпөй арткы тизмеде кала берет.
- Андан кандай үлгү алдыңыздар, бизде дагы саясий партиялар мамлекет тарабынан каржыланышы керекпи. Анда 150дөн ашык партияны кантип каржылай алабыз?
- Баардыгы каржыланбайт, шайлоодо 3 пайыз добуш алган татыктуу партияларга гана каражат берилет.
- Башка тармактарга каражат бөлгөнгө чама-чаркыбыз жетпей атканда ашыктык кылбайбы?
- Эгерде мамлекет андай партияларды каржылабаса, андан дагы көп чыгашага учурайбыз. Антпесе акчалуу кандидаттар келип алып, жакшы жыйынтык бербей жатпайбы. Кимиси келбесин мамлекет аларга айлык берип, көп каражат коротуп жатпайбы. Өзүлөрүнөн тышкары кызматтык унаага, жардамчы, консультанттары айлык алат. Эгерде ошончо каражат кетирген депутат жакшы жыйынтык алып келбесе кандай пайда болот анда?
- Германияда жылдык бюджет каралып атканда партияларга дагы кошо каражат бөлүнөт бекен?
- Алган ордуна жараша жылдык бюджет менен кошо башка тармактарга бөлүнгөн сыяктуу каражаттарга кошуп бөлүп берет экен. Ушуну биз дагы киргизүүгө аракет кылабыз. Андан тышкары депутаттар добушту өздөрү берет. Бизде катталып коюп, доверенность аркылуу бир депутат башкалар үчүн добуш берген аларда жок. Ооруп аткан кезде дагы милдеттү түрдө катышып, катышпай калса чоң айып салынат. Добуштун жыйынтыгын ММКлар сөзсүз түрдө жарыялап, ким каршы, ким макул добуш берди жеткирип турат экен.
- Бизде добуш берүү маалында ары-бери чуркап каласыздар, ар кимдин кнопкасын басып, ушундай эреже дагы башка өлкөлөрдө бар бекен?
- Негизи мындай эреже эч бир өлкөдө жок.
- Германияда депутаттар жумушка велосипед менен келишет тура.
- Бир эле депутаттар эмес, эл дагы велосипед менен жүрүп, велосипед үчүн атайын жолдор түшкөн. Ал жакка жөө адамдар баспайт. Атайын стоянкалар даярдалган.
- Кызматтык унаа депутаттарга берилет бекен?
- Кызматтык унаа берилбейт, акча каражаты бөлүнөт. Аны ким каалагандай коротот, кантип жеткирет өздөрүнө таандык. Кааласа машине менен, кааласа жөө келишет. Бизде депутаттардын кээ бирине убакыт, жардамчылар жетишпейт. Айрым аз иштеген депутаттарга жардамчынын деле кереги жок. Демек, депутаттардын саны эмес, сапаты керек. Аларда мектептен тартып эле парламенттик башкаруу түзүп, башкаруу системасын үйрөнөт экен. Ошентип депутат болгонго чейин кантип иштөөнү мыкты өздөштүрөт. Бизде тескерисинче эч нерсе билбей келип, келгенден кийин үйрөнүп, кээ бирине алгач кнопка баскан өөн учурап атпайбы. Анан шайлоочулар дагы депутаттарды кантип шайлоону туура тандашы керек. Барганда эле "качан көпүрө салып бересиң, кум түшүрүп бер" деген талаптарды эмес, мыкты мыйзам жазууну талап кылышы керек.
- Ага шайлоочулар күнөөлү эмес. Барган талапкерлер "жол оңдойм, каражат берем" деп убада берип, элди алдап көндүрүшкөн да.
- Көрдүңбү, ошону мектептеги кезден тарбиялап үйрөтсөк, депутат болгондо кум түшүрүп, суу чыгаруу депутаттын иши эмес экенин түшүнүшөт.
- Биз парламенттик башкаруу түзүлүшүнө жаңы түштүк, сиздер барган өлкөлөр биздеги жаңы түзүлүшкө кандай баа беришти?
- Жаңы түзүлүшкө жардам беребиз, баары ачык-айкын болсун дешти. Биздин оппозицияга Башмыйзамда каржы комитетин, укук-тартип комитетин бергенибиз аларга абдан жакты.
Дайырбек Орунбеков