Эр-от-икая

Айлуу түндөгү Асылжандын ырахаты…

Көптөн бери телефон менен байланышып, жолуга албай жүргөн тааныш кызым бар эле. Бүгүн да чөнтөк телефонум чырылдаганынан карасам, Асылжан чалып атыптыр. Жумуштан кийин чарчап үйгө кеткени жаткам. Бир аз ойлонуп атып, трубканы алдым, ооруканада дарыланып атам, келип кет деп калды. Макул болуп барсам сыртта күтүп туруптур. Көрүп эле жанына батынып бара албай туруп калдым. Ал да мени байкап калган экен, жылмайып бери карай басып келди. Машиненин жарыгынан анын мүчө башына бир сыйрадан саякат жасап жибердим. Узун бойлу, бели эликтей ийилип, чачы жамбашына чейин жеткен, кериле басканда көргөн жанды бир каратып, эркектер жанынан кайдыгер өтпөйт экен. Мага карай келатканда ары жакта отурган жигиттер өзүнчө күңк-мыңк этип суктанып алышты. Көп кыз менен жолугушууга барганда мынчалык сүрдөчү эмес элем, тизелеримди калтырак басып, тердеп кеттим. Бир заматта көп нерсени ойлондум. Келип эле "Аалы байке, мен Асылжанмын" деп колун сунуп, бетимден назик ооп койду. Таанышып, жакынкы жерде камок бар эле бал муздак алып келип отуруп калдык. Аркы-беркини сүйлөшүп отуруп, тамашакөй экен, тийише баштады. Ошентип түн жарым болгонун да байкабай калыппыз. Ары-бери өткөн мешиненин жарыгынан калкаланып машиненин артына өтүп алдык. Сыртта жамгыр жаап, артына өткөнчө эле суу болуп калдык. Асылжан үстүндөгү кийимин сиденияга жаба салып, кофтачан болуп алды. Көкүрөгү торсойуп толуп турган экен, көзүм ошол жакка кадалып, оюмду ар кандай нерсе буруп, берген суроолоруна адашып жооп берип акылымдан кете баштадым. Ал дагы байкап калдыбы, жылмая карап көкүрөгүн жаап, башын мага жөөлөп отуруп калды. Жүрөгүм лакылдап, эмне деп айтышты билбей, мен да аны кучактап отура бердим. Чыдамым кетип, чачынан жыттап, алкымынан өөп алдым. Асылжан да аны каалап отурганбы боюн салып, көптөн бери сагынышып калган жандардай бир-бирибизге бой салдык. Кудайым ага сулуулукту эч аябаптыр, апапак денеси, көкүрөгүндөгү кош алмасы эч кынтыксыз. Жагымдуу назик үнү менен кыңкыстап, кумарга мас кылат экен. Жамгырдын тамчылары машиненин айнегин черткилеп, асмандагы ай бултка кирип-чыгып айлана укмуш кооз. Арыдан-бери үстүн чече салып, алдыма бетме-бет отуруп, мойнумдан өөп, айламды кетирип, башка бир дүйнөгө жетелей баштады. Шашкалактап лифчигин чече албай атып, айрып ыргытып салдым. Машиненин ичи туш келди чачылган кийим, Асылжандын онтогон үнүнө кошулуп төккөн жамгыр. Жупжумшак колдору менен чачымды сылап, белимден бекем кысып жыргалга батып жатты. Ошентип орошондуу ошол кумарлуу түндө таң атканча жагымдуу көз ирмемди кайталадык. Эх, ошол түн, эстен кеткис болгон… Эстеген сайын ууртумдан жылмайып, көзүмө машиненин ичинде чачылып жаткан Асылжандын апапак ич кийимдери, көкүрөгүндөгү кош алмасы, назик колдору элестейт…
Аалы