Шумдугуңкур

Баалуу көз айнек
Жайдын келиши менен көз айнектин түрүн көрө баштайбыз. Жайдын модалуу аксессуарынын бири көз айнектин дүйнөдөгү эң кымбаты чыгарылган. Аталган көз айнекти бренд компаниялардын бири "Dolce & Gabbana" эксклюзив кылып чыгарган. Күндөн коргоочу көз айнектин чекелери алтындан, линзасы полярдалган линзадан жасалган. Көз айнектин дизайны 1936-жылкы аэро-стилде. Бул стилдеги көз айнек алгач учкучтар үчүн чыгарылып, жөнөкөй жарандарга 1938-жылы сатыкка чыккан. D&G компаниясынын эксклюзивдүү көз айнегинин наркы 650 доллар.


Шиш така
Бийик такалуу шиш такалар 1950- жылдардан баштап италия дизайнери Сальваторе Феррагмо тарабынан чыгарылган. Бирок эң бийик шиш така 2010- жылдан баштап катталган. Анын бийиктиги 30 сантиметр. Бийик такалуу шиш такалар айымдардын бутуна көрк берип, бутун ичке узун көрсөтүп коет. Бирок, мындай бийик такалуу бут кийим менен ар бир айым эле баса албайт. Андыктан шиш така менен басуу өзүнчө исскуство десек жаңылышпаспыз. Дүйнөдөгү бийик такалуу шиш такалардын автору жана дизайнери румын модельери Михай Албу боло алды. Ал 20 жылдан ашуун убакыттан бери, бут кийим дизайнери болуп эмгектенет. Өзүнүн мекенинде ал "бут кийим архитектору" деген ат менен белгилүү. Бийик такалуу бут кийимди жапыз бойлуу айымдарга жардам катары чыгарышкан. Көз жоосун алган бут кийим табигый материалдардан жасалып, өтө кымбат эмес таштар менен кооздолгон. Тилекке каршы бул туфлини ар бир айым кийе албайт. Анткени, кичине көлөмдүү (размер) айымдарга арналган. Автордун айтымында бою 175 сантиметрден ашкан айымдар шиш такалуу бут кийимдерге көз каранды эмес. Айлыктарынын орточо баасы Румынияда 1525 доллар турат.


Семиз наристе
Дүйнөдөгү эң толук наристе Кытайда жашайт. 3 жаштагы Лу Хао өзүнүн курагындагы балдардан беш эсе оор. Анын салмагы 60 кг. Лу Хао тамактанганда да өзгөчө тамактанат. Атасы Лу Юченгдин айтуусунда уулу түшкү тамактанууга отурганда эле 3 мискей күрүч жейт. Таң калыштуусу наристе жарык дүйнөгө келген учурда 2,6 килограмм болчу. 3 айдан кийин салмак кошо баштап, ата-энеси баласынын семирип кеткенин байкабай калышкан. Дүйнөдөгү эң семиз баланын энеси уулуна тамагын азайтып берсе ач айкырык салаарын айткан. Баласынын салмагы оордугунан энеси көтөрө албастыгын капалануу менен айтат. Гиннестин китебине кирген наристе жөө басканды жек көрөт, жада калса бала бакчага велосипеди менен барат. Баланын ата-энеси уулун доктурларга да алып барган. Бирок, алар да баланын тамаксоолугун аныктай алышкан эмес.


Узак өбүшүү
Эң узак өбүшүү Гиннестин китебине катталган боюнча 17 күн, 10 саат, 30 мүнөткө созулган. Мындай рекордду Чикаголук түгөйлөр койгон. Сүйүшкөндөр өбүшүү учурунда ар бир 5 мүнөт сайын тыным алып турушкан. Ошондо суткасына тамактанууга, эс алууга 2 саат кетиришкен. Рекордсмендер организмдин алсыздыгынан регистрациядан кийин бейтапканага түшүшкөн. Баарынан кейиштүүсү мындай марафон да эки жашты кармай алган жок. Бейтапканадан чыккан соң түгөйлөр ажырашып кетишкен. Жыл сайын мындай сынактар байма-бай уюштурулуп турат. Эч кандай эс алуусуз өбүшүүдө рекордду америкалык түгөйлөр Марк менен Роберта Грисвальддар койгон. Алардын тынымсыз өбүшүүсүнүн узактыгы 29 саатка жеткен. Акыркы жолу өбүшүү боюнча рекордду 2005-жылы Альбионанын тургундары Джеймс Белшоу менен София Северин койгон. Алар 31 саат 30 мүнөт өбүшүшкөн. Азырынча булардын рекордун эч ким басып өтө элек. Ал эми суу астында өбүшүүдө Жапониялык сүйүшкөндөр Тошиаки Шираи жана Юкико Нагатаи астына эч кимди чыгарбайт. Алардын өбүшүүсү 2мүнөт 18 секундга созулган.


Дүйнөсөз

Кыргызстан. Экономиканы тескөө министрлигинин маалыматы боюнча, 2010-жылы Ички дүң продукциядагы туризмдин үлүшү 3,8 пайызды түзгөн. Быйыл ал көрсөткүч 4,6 пайызга чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Ал эми ишкерлердин эсептөөлөрү боюнча, визасыз эреже орногон соң өнүккөн өлкөлөрдөн келген туристтердин саны артып, 2-3 жылда туризмдин үлүшү Ички дүң продукциянын 10 пайызын, 6-7 жылда 15 пайызын түзүп калуусу мүмкүн.



Лос-Анжелес. Кечээ Лос-Анджелестте атактуу кино жылдыз Мерлин Манронун "учуучу" көйнөгү аукционго коюлду.Көйнөктүн акыркы баасы 4,6 миллон АКШ долларына бааланганы менен аукцион дагы да болсо уланууда.



Россия. 20-июндан21-июнга караган түнү Россиянын жүргүнчү ташуучу Ту-134 учагы авиа кырсыкка учурады. Кырсыктын кесепетинен учактын көп бөлүгү күйүп, 44 адам каза тапкан жана 8 жүргүнчү дайынсыз болууда.


  Атакайың

Розанна Аркетт турмушка чыгат
51 жаштагы америкалык актриса Розанна Аркетт кайрадан турмушка аттанат. Мындан бир канча күн мурун актриса сүйүктүүсү банкир Тодд Морган менен турмуш курууга бел байлаганы белгилүү болгон. Кино жылдыздын жакындарынын айтымында ал азыр абдан бактылуу. Тодд актрисанын өмүр бою издеген адамы экенин жашырбайт. Розанна бул нике анын акыркы никеси болоорун, аны жашоо көп нерсеге үйрөткөнүн айтат. Айта кете турган нерсе Тодд Морган Розаннанын төртүнчү күйөөсү болмокчу.


Сай менен ПЕрис эми достор
Перистин жигити Сай эмнеге ажырашты деп таңдангандар көп болсо керек. Алардын ажырашуусунун негизги себеби, Сай эл көзүндөгү жашоодон тажады көрүнөт. Эч кандай уруш, ушак, интригасыз эле түгөйлөр дос болуп калууну чечишти. Перис Сайды мыкты жигит экенин баса белгилеп, ал анын жашоосунда ойногон ролду унутпасын айтып чыкты. Чындыгында Сай перистин жашоосунда чоң роль ойногон. Перис Сайга жолукканга чейин фастфуд менен гана тамактанып 47 килограмм болчу. Апасы тамактануунун эрежесин айтып жеткире албаган сулууну бойфренди бат эле оңдогон. Кандай болуп чечишкен менен азыр Перис менен Сай бир эмес. Перистин капа тартып ойлонуп жаткандай түрү жок. Балким, сулуу жаңы жигитке көз салып койгон чыгаар.


"Иванушка" ажырашты
"Иванушки International" тобунун солисти Андрей жубайы менен ажырашты. Ажырашуунун себеби, 2 уулдун атасынын тапкан акчасы аялын канааттандырбай калган. Андрей үй бүлөсүн сактап калуунун болгон аракетин көрдү. Учурда топтун сарысы катуу күйүт тартып жаткан чагы. Ал эми аялы Мария бай бизнесмендер менен болгон таанышуусун улантууда. Мурун популярдуулуктун чокусунда турган топ азыр да гостролдорун токтото элек. Мындан тышкары Андрей Москвадагы эс алуу борборлорунун биринде арт-директор. Жакында эле ырчы үй бүлөсүн кенен батирге көчүргөнү маалым болгон эле. Марияны хоккеист Александр Овечкиндин компаниясынан бир канча жолу көрүшкөн. Экөөнүн ортосундагы ысык мамиле 2008-жылы эле белгилүү болгон. Бирок, Андрей жакын досуна аялына көз сала жүрүүсүн сурангандыгын айтып бардык имиштерди четке каккан.


"Мисс АКШ 2011" жыйынтыкталды
"Мисс АКШ 2011" сынагынын жеңүүчүсү болуп Лос Анжелесттик 21 жашар Алиса Кампенелла табылды. Конкурстун финалы Лас Вегаста өттү. Анда 51 сулуу ат салышты. Сынактан экинчи орунду Теннеси штатынын сулуусу Эшли Дарем алды. Үчүнчү-төртүнчү орунду калыстар тобу Алабама менен Техастын сулууларына ыйгарды. Программада үч конкурс камтылган. Купальник, кече көйнөгүн көрсөтүү, акыркысы бир суроого жооп берүү болгон. Эми Алисса Кампанелла сентябрь айында Бразилияда өтө турган "Мисс Вселенная" конкурсуна катышууга билек түрө баштады.